Жыпар Исабаева

Жыпар ИСАБАЕВА азыркы кыргыз адабиятына адегенде акын катары келген. Обондуу ырлары эстрада ырчылары тарабынан ырдалып, өз күйөрмандарын таап калган.

Ж.Исабаеванын “Жыландын сүйүүсү”, “Алыкулду сүйгөн кыз”, “Тагдыр жана сыйкыр”, “Махабат мазары”, “Сексен жетинчи ашуу” повесттери, “Адашкандар” романы окурман журтчулугуна сунушталган.

Учурда анын экинчи китеби жарык көрүүдө жана романдын негизинде белгилүү кинорежиссер Т.Бирназаров “Эжеке, саатым кайда?” көркөм тасмасын жаратууда.

 

Жыпар Исабаева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жыпара Исабаева: «Башкы демөөрчүлөрүм — күйөрмандарым»

Жыпар Исабаева, акын: «Көрүстөндөн мени көргөндөр акылынан азганбы дешсе керек»

Жыпар ИСАБАЕВА, акын: “Мекендин сыртында жүргөн мекендештерим, эмнегедир, поэзиянын күйөрмандары сыяктуу”

Жыпар Исабаева, акын, жазуучу, журналист: «Алыкулдун бейитинен айыккам»

Акын, жазуучу Жыпара Исабаева: «Жакшы жазылган төрт сап ыр чоң романга тете»

Сүйүнчү! “Бир үзүм отко” жылыныңыз!

 

Кара сөз

“Адашкандар” романы (2 китеп)

“Махабат мазары” (повесть)

“Кумайык” (повесть)

“Сыр” (аңгеме)

“Көпүрө…” (аңгеме)

 

Ырлар

БАКТЫЛУУ КЫЛДЫМ СЕНИ, СҮЙБӨЙ КОЮП!

Балбылдап күлүп атсаң
Күндөй болуп!
Түнөрүп турдум эле
Түндөй болуп!
Азабым тартып жүрүп өтөт элең,
Бактылуу кылдым сени…
сүйбөй коюп!..

 

ЖОЛ…

Мен өмүрдү артып алып жонума,
Бирде ийинге, бирде алмашып колума,
Келем дагы бет алдымдан кезиккен,
Белден токтоп, карайм баскан жолума…

Тээ тигинде кечээ мендей секелек,
Аруу тилек, максаттарды жетелеп,
Келе жатат ушунчалык бактылуу!
Аттиң бирок жол азабын сезе элек…

Жолума гүл, кээде тикен төшөлүп,
Чарчап, бирок ага болбой көшөрүп,
Сапарды улайм, жалгыз аяк жолдо мен,
Өмүрүмдү кежигеме көтөрүп…
2-август, 2009. 20.32.

 

АЛ КҮНҮ

Анда дагын,
Атайлап, өзүмдү-өзүм алдагамын!
Жүрөгүм менен эмес, акыл менен
өзүмө өгөй сүйүү арнагамын!..
Өмүрдү аягандай,
Күтүүнүн күндөрүнөн тажагандай,
Башымды өйдө кылып,
Көтөрүп көкүрөктү,
Калп эле бактылуудай,
Бул чындап жактыруудай,
Чекилик кетирипмин,
Мен сени тапкан окшоп сезилипмин!
Байланып бакыракай көздөрүңө,
Балжуурат, балмуздактай эзилипмин…

Билбеймин, сага кандай,
Бар сырым жашыра албай,
Бактылуу, бактысыз да,
Бейкүнөө мүнөттөргө кезигипмин!
Баары бир көңүлүмдүн,
Көксөөсүн кандыра албай,
Бүлбүлдөп күйгөн отту,
Балбылдап жандыра албай,
Бараттым сага жандай!..

Жылмайып күлгөн менен,
Жыластуу күндөрдө мен,
Жылгадан үзүп келген,
Жыпар жыт гүлдөр менен,
Жарпымды жазганымды,
Билдиңби, билбедиңби,
Азапка батканымды,
Атайлап айтпай коюп,
Арманым катканымды?..
Ким билет сага ошондо,
Жактымбы, жакпадымбы?..

Калп эле күлгөн болуп,
Капасыз,
Каадалуу өмүр сүргөн болуп…
Жүрөгү таштай катуу дебесин деп,
Калп эле,
Калп эле анан сүйгөн болуп,
Жаныңда бараткамын!
Карааным катарыңда калган менен,
Капкайда калкып учуп барат жаным!

Кармашып колдорубуз,
Төшөлүп жатса да бир жолдорубуз,
Дилимде сенден эчак адашкамын!
Жүрөктүн жылуулугун ыраа көрүп,
Боюна Ысык-Көлдүн тараткамын…
Умсунуп,
Учкум келип бараткамын,
Калкылдап,
Каяккадыр канаттарым,
Чынында сенден эчак адашкамын…

 

ЖАКШЫ КӨРӨМ

Жүрөгүмдөн “тып” этип кулап түшүп,
Бир үзүм ой кагазда турат үшүп!..
Ага өзүндөй “мөлт” эткен түгөй керек,
Шүүдүрүмгө барсамбы, куда түшүп.

Эрте жаздын, кеч күздүн дыбыраган,
Жакшы көрөм жамгырын, ырын. Анан
жакшы көрөм бариктин дирилдешин,
Сүйүү жасайм булактын шыңгырынан.

 

УУРДАГАМ

Жылдыздын жарыгынан – жымыңдаган,
Булбулдун добушунан ыр ырдаган,
Жакшы ырым жазыш үчүн сага арнаган,
Булактын шыңгырынан ыр уурдагам…

 

КҮТҮҮ МЕНЕН ЖАШАП ӨТӨМ ДҮЙНӨДӨН

Телефондор…
Бүгүн дүлөй, кереңдей,
Тунжурашат – укпай, сезбей, кебелбей!
Ал ансайын күнүм түшүп аларга,
Күйпөлөктөйм: “Мага эмне?!”- деп теңелбей!

Көз каранды
болуп сага кайран жан,
Кадимкидей, башымды ийип, байлангам!
Кожойкеңер болсом дагы силердин,
Бөйпөңдөгөн кулуңарга айлангам!

Анткени издеп,
жүрсөм жалган дүйнөдөн,
Жүрөгүмө салып ийип дүрбөлөң,
Эстен кеткис ошол бир күн өзүңдөн(!)
Жүрөгүмдүн падышасы сүйлөгөн!

Ошол үндү угуш үчүн кайталап,
Күтүү менен жашап өтөм дүйнөдөн!..
Күтүү менен жашап өтөм, дүйнөдөн!..»

 

БИЗ

Кошулбай көңүл сүйүп,
Көңүл кош өмүр сүрүп,
Жалгашпай жатса дагы жандүйнөбүз,
Жабыркап жашаганга көңүлсүнүп,
Экөөбүз эр экенбиз!..

Экөөбүз кандай гана берешенбиз,
Өмүрдү аябаган!
Өрттөнүп жатса көңүл карабаган!
Жаштык кез арманда ыйлап кетип атса,
Жакшылык жасаганга жарабаган!

Батыппыз күнөөлөргө,
Азайып, аз калыппыз, түгөнөөргө,
Кабагым, кашым дебей ошондо да,
Баш ийип жашаптырбыз, бирөөлөргө!

Эх, кандай өкүнүчтүү,
Аябай өзүбүздү,
Баланы алдагандай,
Башка арга калбагандай.
Жашаппыз ушунча жыл,
Мойнунан байлагандай!

А бүгүн чыркыраган,
Чыдамдын күнү бүтүп,
Чыныгы сүйүү күтүп!..
Кошо албай дилибизди,
Бирибиз-бирибизди,
Боор толгоп аяшабыз,
Эмнеге, эми неге,
Чоочунсуп баратабыз?!.

 

СҮЙҮҮМДҮ ҮШҮТҮП ИЙДИҢИЗ

А балким, сагынчым билдиңиз?
Түндө сиз түшүмө кирдиңиз.
Эрдиңиз муп-муздак негедир,
Бетимди үшүтүп ийдиңиз…

А балким, тарынчым билдиңиз?
Түндө да түшүмө кирдиңиз.
Көзүңүз муп-муздак негедир,
Сүйүүмдү үшүтүп ийдиңиз…

 

АЯЛЗАТЫ САКТАП ТУРАТ ДҮЙНӨНҮ!

Апам айтчу: “Келиндер!
Эсеби жок көппөгүлө,
Эриңерди сөкпөгүлө?!
Эркеле, сүй, бирок аттап,
Тебелеп, тээп өтпөгүлө!

Кийбегиле, эркектердин калпагын,
Кемибесин Алатоодой баркы анын!
Үйдүн куту – Аял, Эне эсирсе,
Эч убакта жакшы болбойт, арты анын!

Ичпегиле, кумар тутуп аракты,
Издегиле улуулукту жана акты!
Ансыз да коом ооруп турат, балдарым,
Ниеттенгиле, ырбатпоого жаратты!

Эне наркын, ата салтын жолдогон,
Аял – Жердей көтөрүмдүү болгону оң!
Өйдөдө – өбөк, жөлөк болуп ылдыйда,
Алган жарды, алыс-жуукту колдогон!

Ооба, аялдын ошончо көп түйшүгү!
Аял – санаа, күтүү, үмүттүн түркүгү!
Бир кылымга татып кетет кээ бирде,
Апалардын таң агарткан бир түнү!

Аял – Эне! Аял – Жардын сүйгөнү!
Аял – Күн, Ай! Аял – жашоо үйдөгү!
Андай болсо сактап турат аялзат,
Үйбүлөдөн куралган бул дүйнөнү!.

 

ДИРИЖЕР

Чегирткенин канатындай,
Калдактап этектери,
Талпынтып
Нотаны улам кезектеги,
Жандүйнөсү
таяктын учунда ойноп,
неге мынча
жүрөктү эзет деги?!

Бирде шумкар –
жан үрөп канат каккан,
Бирде тулпар –
туягы жер сабап жаткан!
Бирде дербиш – таягын аса-муса,
муза кылып, күү кылып шарактаткан!

А мен болсом – жолоочу, кере-кере
Музыкадан керемет шарап таткан!

Дирижер калкып учат,
Күүсүндө оркестрдин,
Эсинде калбады экен,
Керемет ал кез кимдин?..

 

КӨЗҮМДҮ ЖУМУП АЛЫП…

Үмүттүн үлпүлдөтүп биликтерин,
Мен сени Тоо дедим, бийик дедим!
Түнөтүп алып тоону жүрөгүмө,
Өзүм да ошончолук бийиктедим!

Үмүтүм – ишенчиме эгиз дедим,
Мен сени терең дедим, деңиз дедим!
Деңизди ууртап алып жүрөк менен,
Дүйнөмдүн бөксөөлөрүн тегиздедим.

Мен сени асманымда Күн дейт элем,
Батынып, тик багуудан сүрдөйт элем,
Ошентип, сени сүйгөн жүрөк менен,
Эч кимди ушунчалык сүйбөйт элем!

О, бир күн ошол жүрөк быркыранып,
Экиге тең жарылып, чыркырадык!
Тоо урап, деңиз соолуп, Күн да чыкпай,
Бүт жолу ишеничтин кулпуланып!

Көрcө мен өзүмдү алдап жүрүптүрмүн,
Көөдөнгө тоодой азапты үйүптүрмүн,
Көрбөскө пастык менен тайыздыкты,
Көзүмдү жумуп алып сүйүптүрмүн!
Көзүмдү жумуп алып жүрүптүрмүн..

 

ЖҮРӨКТҮН ПАДЫШАСЫ
үрмөк)

Жандүйнөмдө,
ырларымда жашаган,
Жайдар мүнөз,
жакшынакай жаш адам!
Күтүү менен өтүп барат өмүрүм,
Бар, жогуңдун билбей чынын, төгүнүн!..

 

***

Билбесем да,
кайсы жактан, кайсы күн,
Бир келээрин билем, сени тапчу күн!

 

***

Эркелегим келет кимдир бирөөнө,
Мен эңсеген жылуулукка жылынып.
Эркелегим келет кимдир бирөөнө,
Мен издеген улуулукка сыйынып.

Көңүлдү жүк, санаа басып кирдеген,
Көтөрө албай, кирпикти араң ирмеген.
Кечиргиле мүнөттөрүм аялуу,
Айыбым күп, баркыңарды билбеген.

Ар бир ирмем жалгызсыңар, азсыңар,
Анан калса шашмасыңар, батсыңар.
Азыр эле бир ирмемге карытып,
Мына, мына өмүр уурдай качтыңар!..

Мен издеген, мени издеген адамым,
Сенсиз күндүн бар бактысын танамын.
Бул өмүрдөн өткүчөктү акыр бир,
Бар экениң билиш үчүн табамын!

 

***

Сезем дагы,
Келатканың мени издеп,
Сүйүү төшөп,
Келер жолуң тегиздеп.
Арнап койгом
Өзүңө эчак өзүмдү,
Жүрөгүңө
Жүрөгүмдү эгиздеп.

Кимсиң, билбейм,
Бирок сени сагындым,
Жарымындай жандүйнөмдүн,
Жанымдын.
Кимсиң, айтчы,
Каяктасың, кандайсың,
Мен да эртелеп
Келет сага табылгым.

 

КАЙРА БИР КЕЛЕСИҢБИ?

Келдиң беле,
сүйүүңдү айтып,
Агыңдан жарылганы?
Менин да сени күткөн,
Кусадар жүрөгүмө,
Гүл болуп тагылганы.

Кандай мен
Ташбоормун, ээ?
Ошону байкап туруп
байкабаган!
Качанкы катаны бир,
Кайра да кайталаган!

Сөздөрүң
Шербет эле,
Кайталап уккум келчү…
Көздөрүң –
Жылдызга окшош,
Элжиреп ичим ысып,
Мына азыр учкум келчү!

А бирок антпегеним,
Себебин билчүсүң да,
Негедир ой-санаамда,
Жүрөктө жүрчүсүң да,
Жомокто каарманымдай,
Түшүмө кирчүсүң да?..

Таарындың, билем бүгүн!
А бирок унчукпадым…
Ансыз да араң турган,
Абалды курчутпадым…
Капкара каректериң,
Нес болуп карап туруп,
Таш болуп мелтиреген,
Мени же аяп туруп,
Бурулуп басып кеттиң..(!)

Качандыр кайра дагы,
Билбеймин, келесиңби?
Эч кимге сыр алдырбай,
Элдердин арасынан
Издечү болдум эми,
Элесиңди…
Кайра бир келесиңби?

 

ЫРЛАРДЫ КЫЙБАЙМ НЕГЕ?..

Негедир кеттим жүдөп,
Көңүлүм соолуп жүрөт.
Кусалык, санаа-ойдон,
Жүрөгүм ооруп жүрөт.
Көрмөксөн болсом дагы,
Көп болду көлөкөдөй,
Көйгөйлөр тооруп жүрөт!..

Ыйлагым келчү болду,
Ыр төгүп ыйлайм неге!
Өксүтүп өзүмдү-өзүм,
Өрт коюп кыйнайм неге?
Баарынан кечип таштап,
А бирок жалгыз гана,
Ырларды кыйбайм неге?

 

СЕН ДА МЕНДЕЙ

Көп кабаттуу,
Көп үйлөрдүн артында
Сен да мендей,
Мен тарапты караарсың!
Түнкү шамдар,
Шуулдаган теректер,
Кыйма-чийме
Жолдорго көз салаарсың.
Эки ууртуңдан
болоор-болбос “бүлк” этип,
Кыялымды эстеп күлүп алаарсың…

Сен да мендей,
Жумуп аста көзүңдү,
Элесимди
Көз алдыңдан өткөрүп,
Көңүлүңдү санаа басып тургандыр,
Сагынычтан көкүрөгүң өрттөнүп!

Кусалыктар
Бүтпөчүдөй сезилип,
Жолугушчу
Күндөрүбүз кечигип,
Жаныбызда жүргөн менен канчалар,
Жан чыдагыс жалгыздыкты кечирип!..

Жакын эле,
Жашап жатып бир шаарда,
Бирибизди көрүүгө зар бирибиз,
Бирок бизден
бир-бирине агылып,
Жолугушуп, жуурулушат дилибиз…

“Journalist news”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.