“Свет-аке” кинотасмасы XVII эл аралык кинофестивалында Гран-прини жеңип алды

Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” кинотасмасы XVII эл аралык автордук тасмалардын кинофестивалында Гран-прини жеңип алды. Бул тууралуу фильмдин продюсеры Алтынай Койчуманова билдирди.

Сынак Марокконун Рабате шаарында өткөн. Актан Арым Кубаттын бул фильми буга чейин бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, ийгиликке жетишкен. Алсак, “Евразия” (Алматы) жана “Дидор” (Дүйшөмбү) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болсо, “Киношок” (Анапа) фестивалында “Мыкты эркектин ролу” жана Кино сынчылар гильдиясынын байгесин алып, Коттбуста (Германия) өткөн фестивалда көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө татыган.

Бул тасма буга чейин, американын ички каттамдарындагы самолеттордо көрсөтүлүп, ал учуу мезгилинде чет элдик фильмдер катарындагы көңүл ачуу программасынын бир бөлүгү болуп саналган.

Махабат Момуналиева, МА «Кабар», 22.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.