Балбай Алагушов: “Мени өкүндүргөнү-искусство музейинин жоктугу”

(Башы өткөн санда) 

Тагдыр ушундай экен, окууну бүтүп атканда 1959-жылдын 1-январынан дипломдук ишти жазууга каникулга тарадык. Ошол учурда менин биринчи макалам чыккан “Кыргызстан пионери” газетасында иштеп калдым. А жерде 1960-жылдын 15-августуна чейин иштедим. Анан чакырык боюнча Кыргыз радио комитетине барып, музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп калдым. Ошол күндөн музыкага мурдагыдан да кызыгып, атактуу шайырлардын баарын чакырып, күүлөрүн тасмага жаздыра баштадым. Кыргыз радиосунун алдындагы Алтын фондуну биринчи жолу мен баштадым. Ы.Тумановдун, М.Баетовдун, Шекербек Шеркуловдун, Асылбек Эшмамбетовдун күүлөрүн жаздырдым. Башкы редакторубуз Асылкан Бөрүбаев деген комуз черткен, музыкага жакын экен. Ага: “Жаңы жыл кирип келди, агай, “Эл шайырлары микрофондо” деген берүү уюштурбайынбы?”- десем макул болду. Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Алымкул Үсөнбаев, Ыбырай Туманов, Саид Бекмуратов, Эркесары Бекназаров, Асылбек Эшманбетовдорду студияга чакырдым. Райкан Шүкүрбеков экөөбүз алып бардык. Мен кийин Алтын фондго калтырдым, грампластинка чыгардым. Кийин СДге көчүрүп койдум. Өчпөй турган от, өлбөй турган адам жок деп Кыргыз радиосунда жүргөндө 100 сааттан ашык берүү даярдадым. 1997-жылы 7-июнда “Азаттык” радиосунан биринчи берүүм кетти. Кийин “Талант тагдыры”, “Ырдап кой”, “Күүлөр баяны”, “Бабалардын мурасы” деген берүүлөрдү бере баштадым. Ошол берүүлөрүмдүн негизинде “Таланттардын тагдырынан” деген китебимди чыгардым. Келечектин муундары билсе экен деп, “Өмүрүмдүн барактарынан” деген биринчи том китебиме журналисттик чыгармачылыгымдын башталышындагы макалалар, очерктер, сүрөттөмөлөр, андан кийин адабиятчы, энциклопедист, өмүр бою жан дүйнөмдүн күлазыгы болгон атактуу шайырлар, алардын чыгармачылыктары жөнүндө жазган макалаларымды бердим. Экинчи китебимде гезит-журналдарга чыккан очерктерим, адабият жөнүндө жазган ар кандай жазган макалаларым. Себеби, акчаң бүгүн бар, эртең жок экен. А китепканага өткөрүп койсоң, “Аа, өз колу менен жазыптыр, булар менен бирге жүрүптүр”, – деп келечектин жаштары айтышат.

– Ар бир адамдын жүрөгүндө өксүүсү, арманы болот эмеспи. Сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн эң негизги көйгөй эмне? 
– Армансыз адам болбойт дегендей, менин эң негизги арманым-кыргызда өнөр музейи жок. Мындайча айтканда, көп тармактуу өнөр музейибиз жок. Мен бул жөнүндө Акаевге, Бакиевге, Н. Түлеевге, акырында Роза Отунбаевага жаздым. Себеби, бизде тарых музейи да жок. Искусство музейин ачып койсок жакшы болот. Жаштар Болот Миңжылкиев, Муратбек Рыскулов, Сайра Кийизбаева, Бүбүсара Бейшеналиева ким экенинен кабар алып калышмак. Мунун баары өчүп атпайбы. Ошолордун кол жазмалары, алардын ойногон ролдорунун сүрөттөрүнүн баары жаркырап турса, биздин келечек муун үчүн түгөнбөс байлык болот эле. Опера жана балет театрында музей аттуу бир бөлмө бар. Сүрөттөрүнүн баары тыгылып турат, бир киши айлык алат. Ал эми филармониядагы “Пекин” ресторанын “Эл шайырлары” деген музей кылып койсо эмне болот эле? Филармониянын 5-кабатындагы бир бөлмөгө ар кимден алынган шайырлардын буюмдары тыгылып салган. Аны эч ким басып барып көрбөйт. Бир жазуучу, бир композитор, бир артисттин оюнда музей уюштуралы деген жок. Канча жолу гезитке жаздым. Мени күйүтү күчтүү Күңөтай кылганы мына Манас, Манас деп бакырып атабыз. А кана Саякбайдын музейи? Манастын музейи кана? Анан эмнеге бакырабыз. Макул эстелигин койду. Чет өлкөлүк меймандар дүйнөдөгү көлөмү жагынан чоң эпос деп айтасыңар, мактанасыңар, эмне үчүн музейи жок деп сурашат. Күйбөгөн жаның күл болот. Мени өрттөгөнү, ушул маселени колго албаганыбызга, музейибиздин жоктугуна күйөм. Кээде Ак үйдүн алдына барып алып, бир бөтөлкө бензин алып, сөз укпайт экенсиңер деп өрттөнүп өлгүм келет. Үйүмдөгү миңге жакын сүрөт, миңден ашык үндөр кайда калат? Бардыгы ыргытылат да.

– Калпакты эмне үчүн казактардыкы деп келесиз? Азыркы калпак казактардыкы болсо, кыргыздар кандай калпак кийчү эле?
– Тилик калпак казактардыкы. Эч качан кыргыз тилик калпак кийген эмес. Бакай калпак дедик, калпакты да эркиндикке чыгардык. Көлдө, Нарында тегерек саймасы аз, тилиги жок калпактарды кийчү. Кечирип кой, аялдардын жан жерин элестеткен тилик калпактын эмне кереги бар? Биздин улуттук күнүмдүк кийимибиз жок. Ошондуктан биздин жапон, корей, кытай, уйгурдан айырмабыз жок. Мобу калпак менен машинеге кирип кайра түшсөң, биринчи калпагың мас болуп учуп түшөт. Биз андай кийчү эмеспиз.

– Коомчулукта Ч.Айтматовдун айкели боюнча ар кандай пикирлер айтылып атат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
Менде Ч.Айтматовдун ошондой түшкөн сүрөтү бар. Ошо сүрөттүн негизинде жасалды. Чынын айтканда баары жаман деп айтпайм, образы, кейпи бар. Айкел жасаган скульпторлор тирүү кезинде Чыкемин эскизин алып койсо болмок. Кыргыз десе Чыңгыз дейбиз, Чыңгыз десе кыргыз дейбиз деп сыймыктанабыз. Эми карачы, эстеликти койгондо жакшынакай бийиктикте коюш керек да. Ал болсо Агропромдун кароолчусундай кылып коюптур. Мага Чыкемин айкели көңүлүмдү толтурган жок. Баягы жоктон көрө жогору кылып коюп коюшкан. Анын бийиктигин караш керек болчу, тегерегине гүл отургуза турган аянт жасаш керек эле. Анысы жок, жөн эле турат. Бүгүнкү күйгүзгөнү, өрттөгөнү, шаардагы коюлган эстеликтердин баары сапатсыз. Көркөмдүк жагынан да. Улуттук китепкананын жанында А.Осмонов деп турат. Ал ким? Алыкул Осмонов, акын, туулган жылын, өлгөн жылын жазып койбойбу? Эркиндикте Темиркул деп турат. Темиркул Үмөталиев баланчанчы жылы туулган, өлгөн жылын жазып, эл акыны деп жазыш керек болчу. Эстелик бир күндүк эмес, кылымдык болуш керек да. Мына коомдук ишмерлер, Орозбаков, Сыдыков, Масалиев, Мамбетовдун алдына коомдук ишмер деп жазылбай турат. Алар ким болгон? Коомдук ишмер деп койбойбу. Ушундай чала сабат эстеликтерди коюп, алардын авторлору ким экенин да артына жазып коюш керек. Анан кантип биз жаштарды маңкурт дебейбиз.

– Чыңгыз Айтматов менен теңтуш болуп жүргөнүңүздү билем. Чыңгыз агайдын биз билбеген кандай жоруктарын билесиз?
– Чыңгыз Айтматов менен көзү өткөнчө бирге болуп жүрдүм. Чыңгыздын бир тууган кайниси Темир менен дос элем. Москва менен Совет көчөсүнүн кесилишиндеги үйдө туруучу. Ал дайым Чыңгызды чакырганда мени кошо чакырчу. Чыкем, чынын айтсам, сараң киши эле. Кайненеси Сүйүнбүбү ападан Керез эже менен Чыкем кандайча үйлөнүп калышты? – деп сурасам, “Карпинский көчөсүндө жер үйдө турабыз дейт. Бир күнү эле куркуйган узун бойлуу жигит Керезди ээрчип келип калды. Бул ким?” дедим. Кыргызча сүйлөсө тилинен чаң чыгат. “Сен кимсиң?” деп сурасам, “Мен Төрөкул Айтматовдун уулумун, атам атылып кеткен”, -деди дейт. Үйдө эки саатча отурду, тамак бердим, кетти. Ошондон кийин Чыңгыз күнүгө үйгө келет. Бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө кууп чыгам, болбойт. Акыры айлам кеткенде Керезге:”Ай, Керез, эмне күйөө таппай калгансып, атасы атылып кеткен эл душманынын баласына күйөөгө чыгасыңбы?!”-десем бултуңдап койду. Анан айлам кеткенде экөөнү отургузуп алып:”Чыңгыз сен жетим экенсиң, эки карындашың,бир иниң бар экен. Мен сенден калың албайм. Кийин зоотехник болгондо эне сүтү, калың деп эле бир торпок бер” деп үйлөнткөм,- дейт. Жетимчиликтин, жетишпегендиктин айынанбы, өтө сараң эле. Шекерге барып калсам, “50 жылдыгында Ч.Айтматов тигини кылды, мектеп салды, клуб салды”,-дегенинен, кудабыз бар эле, аныкына барып:”Чыкем мектеп, клуб салдырдыбы?” десем, “кара таштынбы, “Салсаңар өзүңөргө салдыңар деп бир тыйын бербей кетти”, – деп айтты. Жетим-жесирге жардам бергенин көргөн жокмун.

– Манасчы Саякбай Каралаев менен да чогуу жүрүптүрсүз, Саякбай агай жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
– Сакемди биринчи күндөн эле жактырып жүрдүм. 1961-жылы Сакемди “Эл шайырлары микрофондо” деген отурушка чакырып калдым. Анан абдан шайыр, ачык, теңтуш, сени менен керек болсо сөгүшкөн бок ооздугу бар эле. Ошол кезге чейин Саякбайдын айтуусунда “Манастан” бир дагы үзүндү тасмага жазылбаптыр. Болгону 1939-жылы Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусунда 2 мүнөт 30 секунд гана “Каныкейдин Тайторуну чапканы” бар экен. Ошондо Сакемен “Манастын” үзүндүлөрүн жазып алалы дедик. Сакеми студияга киргиздик, бирок жакшы айта албагандан тегерегине кызматкерлерди отургузуп алып жаңсадык, ошондон кийин күпүлдөп кетти. Ошондон баштап радиого жазылып, үзүндүлөрү “Кыргыз музыкасынын антологиясына” кирди. Баш-аягы Сакем он төрт саатча “Манастын” үзүндүсүн айткан эле. Бир жолу Көлгө, Чалагыз Иманкуловдун 70 жылдыгына барып калдык. Б.Сарногоев бар. Байдылда Саякбайды Сашка дейт экен, Сашка Байдылданы Боря дейт экен. Жолду карай тамашалашып бардык. Кечинде тамак ичип отурсак эле, Б. Сарногоев комузду жакшы чертет экен. Ал Ысмайыл Борончиевди каптап эле айтышасыңбы деп ырдап кирди. Ы.Борончиев тигинин ырына уугуп, чыдай албай мөңкүп: “Мен кетем, атаңдын оозун урайын, мунуңарды өзүңөр алып калгыла” деп кирди. Ошондо Сакем: “Борька, жаагыңды бас, менден бирди көрөсүң!”-деп сөктү. Сакем укмуш мүнүшкөр эле. Бир жолу Көлдөн Корумдуга кетип баратып Сакемдин үйүнөн ителгинин, бүркүттүн түрлөрүн көрдүм. Сакем короого киргенде эле бир бүркүт Сакеми көздөй добуш салып, талпынып кирди. Сакем жаш менен жаштай, кары менен карыдай сүйлөшкөн шайыр, пейили кенен, акылы терең, асыл адам эле.

Төлөбүбү Касымалиева, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.