“Кыргыз күүлөрү” жарык көрдү

Белгилүү күү изилдөөчү жана чебер комузчу Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү” деген эки томдон турган китебинин бет ачары 5-октябрда Улуттук опера жана балет театрында өттү.

Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдугунун биринчи китеби 848 беттен турат. Анда күү кыргыз элинин улуттук руханий дүйнөсү катары бааланып, салттуу музыкалык аспаптардын түрлөрү, үч кыл комуздун бүтпөс сырлары, комузчулар жана комузчулук өнөр  жөнүндө сөз болот.

Экинчи китеби 648 беттен туруп, күү тарыхтын күбөсү катары каралып, күү баяндары аркылуу кыргыз элинин башынан өткөргөн тагдыры камтылган. Мында тарыхый доорлордун Атилла, Томирис, Чыңгыз хан, Темирлан, Жунгар, Кокон хандыгынын доорлору, орус падышачылыгынын баскынчылык доору, кандуу Үркүн окуясы жана совет бийлигин жар салган күүлөр иликтенип баяндалат.

Кыргыз эл артисти Нурак Абдырахманов музыка изилдөөчүлөрдүн арасынан Асан Кайбылда уулунун кыргыз элине калтырган эмгеги нар көтөргүс дейт.
Ал киши кыргыздын күүсү, өнөрү, салттуу музыкасы дегенде ичкен ашын жерге койо калган инсан эле. Анын артыкчылыгы – кепти орду менен түз айткан, өткүр, кара кылды как жарган калыс адам эле. Ал Ыбырай Тумановдун бир уруулаш иниси болчу. Ыбырай, Карамолдо атабыздын күүлөрүн да чертип, өзү да күү чыгарган, жаза билген, курдаштарынын, теңтуштарынын арасынан чыгаан өнөрпоз эле.

Эки томдук китепке Асан Кайбылда уулунун даярдаган жүздөн ашуун “Күү баяны” аттуу радио-баяндар жана залкар комузчулардын күүлөрү жаздырылган компакт-диск да тиркелген.

Бул китепти чыгаруу демилгесин колго алып, ишке ашырган Борбордук Азия университетинин ага илимий кызматкери Элмира Көчүмкулова аталган университет демөөрчүлүк кылып, 20 миң доллар көлөмүндө каражат бергенин белгиледи.
Университеттин миссиясы – Борбор Азиядагы тоолуу аймактарда жашаган адамдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Ошол эле учурда алардын маданий мурастарын сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү. Мындан эки жыл мурда белгилүү күү изилдөөчү, кесиби боюнча филолог Кайбылдаев Асан агай 1500 беттен турган кол жазмасын китеп кылып чыгарууга каражат таппай, сактап отурган экен. “Жашым 80ге келип, улгайып калдым. Ооруп жатам. Ушуну бирөөгө тапшырсам, жарык көрүп калса жакшы болоор эле”,-деп айтты эле. Мен биздин университетке каражат жагын сүйлөшүп, эки жыл тынбай иштеп, анан китеп кылып чыгардык. Кайран киши, өзүнүн эмгегин көрбөй кетти…

“Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдук Асан Кайбылда уулунун 20 жылдык эмгегинин үзүрү жана Борбор Азиянын маданий мурастарын сактоого, аларды даңазалоого кошкон салымы катары бааланды.

Чебер комузчу жана музыка иликтөөчү Асан Кайбылда уулу 1929-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулган. 1980-жылдары Кыргыз илим изилдөө институтунда илимий кызматкер, токсонунчу жылдары Улуттук телерадио комитетинде кассеталарды реставрациялоо бөлүмүндө башкы редактор болуп иштеген. Ал 2010-жылы август айында 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 05.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.