Э.Абдыжапаровдун түшү, Cеманын көгөргөн колу жана маараган козу

Барган сайын кино тармагынын уучу кеңейип, шаарыбыздагы кино театрга күн сайын кино сүйүүчүлөрдүн агымы үзүлбөй келет. Ар бир тартылган кинонун артында канча адамдын талыкпаган эмгеги, күчү сарпталаарын ар бир эле адам биле бербесе керек. Мындан ары сизди кызыктырган кыргыз кинолорунун өмүр таржымалын биздин газеттен окуй баштайсыздар. Бул жолку баяныбыз “Боз салкын” кино тасмасы болмокчу. Тасманын жалпы жаратуучулары эмне деп айтат, анда маектерине көңүлүңүздөрдү буралы:

Эрнест Абдыжапаров, тасманын сценаристи жана режиссеру:
Тасма жөнүндө алгачкы идеа
– Бул тасманы түшүмдөн аян берген десем болот. Бир жолу түшүмдө, эки башка жайлоодон түшкөн чабандар кезигип калышат. Эски достордой жакшы амандашып, учурашып бир кафеге кирип, бири-бирин сыйлашып темтеңдеп мас болгуча ичишет да экөө аттарын алмашып минип кетишет. Эки чабандын минип жүргөн аттары эле эмес, боз үйү, жубайлары кошо алмашып калат. Кино сыяктуу көргөн түшкө таң атпай туруп таң калдым. Ушул темага бир кайрылып кино тартууну туура көрдүм. Бара-бара өзүмдүн турмушумдагы ар кандай окуяларды алып, ага түштү кошуп 1998-жылы “Саратан” деген аталыштагы кино сценарий жараттым.

Алгачкы продюсер
– Жазылып бүткөн сценарийди немис тилине которуп Германияга жөнөттүм. 1999-жылы ал жактагы немис досторум келип 100 000 дойч марка (немис акчасы) тапкандыгын, дагы калган каражатты таап берерин жана 2000-жылы толугу менен кино тартууну баштайбыз деген пландарын айтышты. Бирок, тартылуу убактысынан кеч калып, 2002-жылы “Айыл өкмөтү” сценарийи долбоордон өтүп кетти, немистер бөлгөн каражат толугу менен долбоордон өткөн киного жумшала баштады. Айыл өкмөтү тасмасы тартылып бүткөн соң, анын аталышын “Саратан” деп атайлы -деген сунуш болду. “Айыл өкмөтүнүн” аталышы “Саратан” болуп калган соң, бул кино аты жок жетим калды.

“Боз салкындын” аталышы
– Кийин 2005-жылы Актан Арым жаңы “Ой Арт” студиясын ачып, мага жаңы сценарий болсо тарталы деген сунуш киргизди. Аты жок жетим калган сценарийдин үстүндө кайтадан иштей баштадым. Ысык-көл өрөөнүндөгү Ак-Суу районунда Түргөн деген жайлоодо жүргөн кезде жазып бүтүрдүм. Ошол жайлоодон Ыбырай Туманов “Боз салкын” атту күүсүн жараткан экен. Менин да эңсеп жүрүп аягына чекит коюп бүтүрө албай жүргөн чыгармам аягына чыкты деп, ошол күүнүн атынан “Боз салкын” деп коюлуп калган эле. Азыркы тапта жергиликтүү эл, ошол жайлоону Боз салкын деп атап калышыптыр.

Каармандарды тандоо
– Мындан он жыл мурда бул киного тартам деген актерлордун баары убакыттын өтүшү менен кебетелери өзгөрүп, бырышып-тырышып, жаштары өтүп калды. Кайта жаңы актерлорду тандоо башталды. Кастинг жарыялап башкы каарман Асеманын образына кыз таппай жаттык. Негизи кинодо Асема эмес шаардык кыздын аты Асыл эле. Кыргызда ага тууган күч алган эмеспи, кастинг жарыялагандан тарта менин карындашымды же менин тууганымды көрүп койчу дегендер четтен чыга баштады. Бир күнү “байке, практикада жүрүп мени менен иштеген кыз бар эле ошону көрүп коюңузчу” деп иним келиптир. Анын көңүлүн кыйбай, мейли көрөйүн деп койдум. Фото тандоо аяктап, видео тандоо башталганда, сапсары оруска окшогон, көзү көк, бүрүшкөн кызды ээрчитип келди. Атын сурасам Асема дейт. Аны бир көргөндө жактырган жокмун, бирок инимдин көңүлү үчүн тандоонун эрежесин бузуп видео тандоого катыштырдым. Себеби, алгач фото тандоодон өтүш керек эле. Эң кызыгы мен жактырбай жаткан кыз, камерага тарта келгенде мен ойлогондой аткарып берип, издеп жүргөн актриса болуп чыга келди. Сагындын образын жараткан жигит ошол кезде жардамчым болуп иштеп жүргөн. Ал да чыныгы айылдык, чабан жигиттин образына келишип калды. Эң өкүнүчтүүсү 2007-жылы кино жаралып бүтөрү менен пираттарга алдырып жиберип, бир жылдын ичинде Кыргызстандын булуң-бурчу көрүп чыкты. Бирок ошол жылдын статистикасына таянсак, ар бир бешинчи төрөлгөн кыздын аты Асема коюлуптур.

Тартылууда татаал кадр
– Татаал кадр Мураттын Асеманы алып кетем деп келген жери болду. Кадрда Мурат машинаны катуу айдап келип, эшиктин астына токтотуп, кайта жинденип катуу айдап чыгып кетиш керек эле. Ошол жерди өзүм айдап чыгам деп милдетин алдым. Себеби, машинаны кылдыттык менен айдап чыгарбаса жолдун кууштугунан дарбазаны сүзчүдөйбүз, ал жакты карайын десең артта келин көрүп келе жаткан кемпирди тебелеп кетчүдөйбүз. Араң басып келе жаткан кемпирдин ролунда Жаркын Балыкбаева эже эле. Эжеге, “Катуу жүгүрбөсөңүз, сиздин тагдыр менин колумда, жалпайта сүзүп кетпейин” деп чын тамаша менен катуу эскерттим. Эже ошо кичинекей ролду Бишкектен Көлгө барып, ошондо да өмүрүн тобокелге салып аткарып берген эле. Эң опурталдуу кадр деп ушул учурду айтаар элем.

– Сизге оорчулукту жараткан кадр?
Зарема, актриса:
– Менин алгачкы тушоо кесүүм десем болот. Эң биринчи күнү тартылган кадр Капардын туулган күнү эле. Ошол жерде көзүмдү алайтып алып тамак жеген жерим бар. Ошол жерге баргандан тарта мени тартып жатса керек деп алдымда коюлган тамактын баарын жей бериптирмин. Көрсө ал учурда мени тартышпаптыр. Мени тартаарга келгенде эчак тоюп калгам. Анын үстүнө астымда мен жей турган тамак калбай калып сабизди туурагычтан өткөрүп келип жедиришкен эле. Ошол күн мен үчүн кызыктай болгон. Күндүн бүркөктүгүнөн, сууктугунан ичим көөп ден-соолук болбой, кыскасы алгачкы кадамым ушундай көз ирмем менен эсте калган. Аткарууга келгенде өзгөчө оор жери, тоодон өлүп калган козуну Сагын алып келгенде, ыйлашым керек болчу. Аны өлтүрбөй эле уктатчу дары сайып койгон. Мына ыйлайын деп өзүмдү даярдап алсам, жерде жаткан козу улам эле “Ма-а” деп маарап жиберип мени ыйлатпай образдан чыгарып убарага салган.

Асема, актриса:
Кыйынчылык болбой ийгилик жаралбайт эмеспи, анын сыңарындай тартылуу учурунда кыйынчылыктар, оорчулуктар болбой койгон жок. Мисалы: Мени ала качып келип үйгө сүйрөп кирген кадрды таң атканча тартканбыз. Ар бир дубль сайын келиндер менен мушташып, алыша берип колдорумдун бары көгөрүп калыптыр. Анын үстүнө ошол түнү уктабай иштеген элек. Эртеси Мураттын алып кетем деп келип колумдан сүйрөгөндө, колдорумдун көгала болгон жерлери ооруганынан көзүмдөн жаш тегеренейин деп араң тартылгам. Негизи тасмада өзүмө жакканы, жайлоодо Балтек менен чуркап, бийлеп жыргаган жерим.

Бетти даярдаган Жаз Айым Айдекова, «Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.