Кылым карыткан Курманжан датка

Кыргыз элинин даңазалуу кыздарынын бири   Курманжан датка тууралуу ал жашаган доордо, андан кийин да көптөгөн макалалар, эскерүүлөр жарык көрдү. Атайын изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бирок анын өрнөктүү  өмүр таржымалы, ишмердиги, өзгөчөлөнткөн касиеттери окурман журтка толук ачылды, талабын канааттандырды дегенден али алыспыз. Ал тууралуу Ташкент, Москва, Санкт-Петербург шаарларында сакталып турган ар кыл архивдик жана жазма даректердеги маалыматтар элге толук жете электиги да чындык. Мына ошондуктан датка айым жөнүндөгү илимий изилдөөлөрдүн негизинде жазылган төмөндөгү макала окурмандарды кайдыгер калтырбас…

Датка тууралуу жазуудан мурда…
Совет доорунда чыгаан инсандардын ишмердигин элге  жайылтууга тыюу салынып келсе, эгемендик доордо мамлекет каржылабагандан улам өлкө сыртындагы архивдерде иштөөгө окумуштуулардын жолу  буулду.

Бирок ага карабай Курманжан датка тууралуу соңку жылдарда аздыр-көптүр изилдөөлөр жүрүп, бир топ материалдар жарык көрдү. Ошондуктанбы, айрым окурмандар үчүн датка тууралуу бардыгы айтылып, толук изилденип бүткөндөй сезилет. Ал эми маселенин тереңине келгенде алгачкы изилдөөчүлөрдүн бири И.П.Ювачевдин: “Алай кыргыздары жана Курманжан датка жөнүндө жазылган адабияттарды карап отуруп, ал тууралуу жазылган маалыматтардын ар түрдүүлүгүнө таң каласың… “Алайдын канышасы”  жөнүндө айтылгандардын баарын кайталап олтуруунун да эч кажети жок. Алымбек менен Курманжандын тарыхын атайы­лап изилдеп, фактыларды текшерип чыгууну талап кыла турган иш”, – деп 1907-жылы жазганына кошулбай коюуга болбойт. Андан бери 100 жылдан ашса да Курманжан датканын татаал тагдырын, бай тарыхын толук камтыган эмгектер сейрек кездешет. Али күнгө анын инсандык касиеттери, тарыхта ээлеген орду ар тараптуу терең изилденбей, даңазалуу өмү­рүнүн сыры толук ачыла элек. Анын коомдук ишмердиги, дүйнө таанымы, акыл-ой чабытынын тереңдиги, кара кылды как жарган калыстыгы, аялзатына тиешелүү улуу сапаттары, меймандостугу, үй-бүлөсүнө жасаган энелик мээрмандыгы, калкына жасаган кайрымдуулугу, оор жоготууларда адаттан тыш көтөрүм­дүүлүгү, сүй­лөшкөн адамды өзүнө тарткан сөзмөрдүгү, айтор булардын ар бири терең изилдөөнү талап кылуучу өзгөчө жагдайлар. Курманжан датка тууралуу жогоруда айтылган шаарлардагы архивдерде, ар кандай жазма даректерде сакталган маалыматтарды көп жылдап жыйнаган адис катары алардын ар бири тууралуу азын-оолак сөз кылып, андан соң окурмандарга кененирээк баяндап берүүнү орундуу көрдүм.

Датканы билбегеним намысыма келтирген
Кайра куруу жараяны башталган 1985-жылы ошол убактагы жалгыз университет КМУну (азыркы КУУ) артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле окуу жайында иштеп калдым.

1987-жылы аспирантурага өтүп, илимий жетекчим, өзбекстандык чыгаан окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Хамид Зияев менен таанышып, тандап алган темам боюнча акылдашайын деп Ташкентке бардым. Тарыхтын ар кыл маселелери тууралуу сүйлөшүп отуруп, менден Курманжан датка тууралуу сурап калды. Анын эзүүчү таптын өкүлү болгонун, ошондуктан Кокондун ханы ага датка даражасын бергенин, ал тууралуу жакшы билбесимди жашырбадым. Ошондо Хамид Зияев мени катуу уяткарып: “Ушундай улуу инсанды эмнеге көтөрбөйсүңөр, ал тууралуу архивдерден ар кыл документтерди аябай көп учураттым, анын өмүр-таржымалы окуяга бай, ары кызыктуу, силер Курманжан даткадай даңазалуу инсандарыңарды жакшы билбесеңер, изилдебесеңер уят иш”, – деп чучугума жеткидей айтып, намысыма келтирди. Ташкенттеги борбордук Алай базары ошол Алымбек датка, Курманжан датканын учурунда негизделгенин, алардын эрдиктери, эл башкарган мыкты сапаттары тууралуу айтып берди. Өзбекстандык аалым, устатым менен алгачкы баарлашууман кийин өз элибиздин тарыхын терең окубаганыбызга, чыгаан инсандарыбыз тууралуу жыргатып билбестигибизге өтө намыстандым. Мектептерде Кыргызстандын тарыхын кошумча сабак катары эмес мыйзамдуу киргизүү үчүн күрөшүп, окуу китептерин жаңыча жазууну жаш тарыхчылар өзүбүз колго албасак болбостугун түшүндүм. Көп өтпөй ошол кездеги жаштардын гезити “Ленинчил жашка” Жаш тарыхчылар жамаа­тын түзүп, тарыхты жаңыча изилдеп, жогоруда айтылган ойлорду ишке ашыралы деп көлөмдүү макала жазып, демилге менен чыктым. Колдогондордон кооптонгондор көп болду. Ар кандай тоскоолдуктарга карабай, белгилүү тарыхчылар Кушбек Үсөн­баев, Өмүркул Караевди туу тутуп, жаңыча ойлонгон жаш тарыхчылар бириктик. Мектептерге окуу программасын даярдап, Кыргызстан тарыхы орто мектептерде мыйзамдуу түрдө окутулушун Билим берүү министрлигинен талап кылдык. Акыры талабыбыз аткарылды. Окуу программага ылайык жаңы окуу китептери жазыла баштады. Кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу изилдөөбүз жанданды. Кушбек Үсөнбаев агайыбыз ачыкка чыгара албай жүргөн тарыхый булактарын пайдалануу менен Байтик баатыр, Шабдан, Ормон хан сыяктуу инсандар тууралуу макалаларын гезиттерге жарыялай баштады. Кыргызстандын Энесай доорун, Оруссия­га каратылышын, улуттук-боштондук көтөрүлүшүн жана башка тарыхтын актай барактарын жаңы көз карашта талкууга алынып,  жазыла баштады.

Ал эми өзүм Алма-Ата, Ташкент, Москва, Ленинград шаарларындагы бардык архивдерди, китепканаларды айлап-жылдап кыдырган учурларда Курманжан датка баш болгон көптөгөн инсандар тууралуу тапкан материалдардын бардыгын чогулта баштадым. Ошолордун негизинде айрым бир маалыматтарга токтолоюн.

1907-жылы Ош үйөзүндө болуп, Курманжан датка тууралуу эл оозунан өтө кызыктуу маалыматтарды угуп, анын өмүр таржымалына өзгөчө кызыгып, изилдөөгө киришкен мал догдур адиси И. П. Ювачев анын уулдарына, неберелерине, жакшы билген замандаштарына жолугуп көптөгөн материалдарды чогултат. Анын натыйжасында Курманжан датка тууралуу алгачкы жолу кеңири иликтөөгө алынган “Курманжан датка алайлык кара-кыргыздардын канышасы” аттуу эмгек жазылат. Мына ошол даректүү эмгегинде автор: “Адатта Түркстандагы мусулман аялдарынын эч кандай укугу болбойт. Аларды күйөөлөрү пулга алган оокат катары көрүшөт. Күйөөсү аялын башка кишиге көрсөтпөйт. Аял киши тышка чыгып калса бетин кара чүмбөт менен, башынан аягына чейин паранжы менен жаап алышы керек. Паранжы бир көргөн кишинин көзүнө өтө эле өөн көрүнөт. Кыргыздардын аялдары тышта болобу, үйдө болобу, өз каалаганындай жүрө берет. Ал жүзүн бирөөдөн эч жашырбайт. Кийген кийимдери да кудум эле эркектериникиндей, ийиндерине чаар чапан жамынышат, баштарында болсо ак элечек. Бир болгон айырмасы аялдар элечекти ээк алдынан байланып алышат. Кыргыз аялы ат үстүндө эркин жүрөт, чарбачыл, конок-кечени жайдары тосуп алган үй ээси. Кыргыз аялы коомдук иштерге катышкан мисалдар да болгон”, – деп кыргыз аялдарынын мыкты сапаттарын баса көрсөткөн. Өз убагында жазылган ушундай маалыматтардын учу улана берчүдөй. Аялзаты аздектелген кыргыз коомчулугунан Азия чөлкөмүнө кеңири таанылган, ал түгүл Европа өлкөлөрүнө чейин аты угулган Курманжан даткадай эл башчыларынын чыгышы мыйзамченемдүү көрүнүш болгон. Чындыгында ал сыяктуу тарыхта өчпөс из калтырып, элге кеңири таанылган кыргыз айымдары ХIХ кылымда ондоп саналган. Кыргыздардын арасында эле эмес, мүлдө Кокон хандыгында зор таасирге ээ болушкан Кудаяр хандын энеси Жаркын айым, таэжеси Зыйнат датка, Мала хандын энеси Соно айым, Ормон хандын байбичеси, Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Байтик баатырдын байбичеси Апар, Көлдө таланты менен таанылган Бурулча сыяктуу кыргыз айымдарынын ысымдары али бүгүнкү күнгө чейин унутулбай уламыш сыяктуу айтылып келет.

Алымбекке жар, калыптануу жылдар
Курманжан датка 1811-жылы оокаттуу кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Атасы Маматбай Мунгуш уруу-сунун Жапалак уругундагы сөзү өтүмдүү, өз оокатына тың адамдардан эле.

Ушундай үй-бүлөдө эркин өсүп, эркин тарбия алган Курманжан жаштайынан зирек, акылы жетик, чечкин мүнөздүү өсөт. Өзүнүн өзгөчөлөнгөн жүрүм-турумдары менен бат эле элдин оозуна алына баштаган. Жаш курагы жеткенде ата-энелеринин макулдашуусу менен Кулсеит аттуу жигитке турмушка чыгат. Бирок жактырбай, тийген күйөөсү менен бакытка бөлөнүп түбөлүк жашай албасына көзү жеткен соң, катуу сакталган салтка, урук-туугандарынын каршылыгына карабай, күйөөсүн чанып, өз атасынын үйүнө баса берген. Мунун өзү ошол мезгилдин шарты боюнча зор чечкиндүүлүктү талап кылган, адаттан сырт көрүнүш эле. Курманжандын өз бактысын табуу үчүн жасаган мындай аракети ал мезгилде зоболосу артып, атак-даңкка жаңыдан бөлөнө баштаган Алымбек даткага да дайын болот. Арыз-муңун айтып келген экинчи тараптын доосу менен бул ишти жөнгө салууга белсенген Алайдын башкаруучусу Курманжандын жөндүү жообун угуп, жылдыздуу жүзүн көрүп, өзгөчөлөнгөн мүнөзүн жүрөгү менен туюп ашыктыктын торуна чалдыгат. Жандай жүргөн сынчылары да бул жубандын аялзатында чанда кездешүүчү касиеттерин байкап, Алымбек датканын жанданган делебесин ого бетер арттырып коёт. Натыйжада ашыктыктын торуна чалынган жаш датка бардыгына кайыл болуп, бар аракетин жасап, жаш жубандын башын ачып, жүрөгүнүн каалоосун ишке ашырат. 1832-жылы ак никелүү жарын Алайына алып келет. Курманжандын жаңы жашоосу башталат. Көпчүлүк изилдөөчүлөр: “Курманжан Алымбек даткага турмушка чыккан соң коомдук иштерге аралашып, элге тааныла баштады. Алымбек даткага тийбегенде Курманжан мынчалык кадыр-барк­ка жетмек эмес”, – деген пикирлерин айтып келишет. Бул жерден экөөнү карама-каршы коюу дегеле мүмкүн эмес. Курманжандын табият тартуулаган касиеттерин, анын Алымбек даткага тийгизген таасирлерин, зоболосунун көтөрүлүшүнө тийгизген көмөгүн танууга болбойт. Ошол эле учурда анын катылуу касиеттеринин ачылышына, эл арасында таанылышына Алымбек датканын өзгөчө салымын белгилей кеткибиз келет. Эң башкысы ошол доордун мыкты эки инсанынын табышуусу эки тарапка тең бирдей болуп, алар бири-бирин толуктап турушкан.

Алымбек даткага турмушка чыккандан тартып Курманжандын жашоосунда жаңы мезгил башталып, элдин сөзүнө алынып, кадыр-баркы арта берген. Ал тууралуу айтылган мактоо сөздөр эл арасына тездик менен таркап, аны көрүүгө, сөзүн угууга, жакындан таанышууга ар тараптан адамдар агылып келип турган. 1832-1842-жылдары алайлык кыргыздардын арасында айрым маселелерди адилет чечкендиги, даткага жакындан кеңеш берип, ишин жеңилдеткендиги ага зор кадыр-барк алып келет. Бул жылдары Курманжандын журт башкарган жөндөмү калыптанган.

1842-жылы Кокон хандыгы үчүн оор мезгил болду. Хандык кыйроонун алдында турду. Мадали хан мамлекетти сактап калуу аракетин көрбөй, өзүнүн күнүмдүк жыргалын ойлоду. Акыры Бухара эмирлиги Кокон хандыгына басып кирип, Мадали ханды бир туугандары менен,  энесин кошуп өлүм жазасына буюрду. Хандык талоонго кабылды. Хандыктын отурукташкан калкы айласы куруп, кыргыздарга кайрылышкан. Баскынчылардын талоонун токтотууга тоолуктар уюшушуп, мамлекетти кыргыздар сактап калышкан. 1842-жылы жай ортолоп Кокон хандыгын басып алган бухаралыктарга кыргыздар катуу сокку уруп, Таласта таекелеринин арасында жашап келген Шералыны тоолуктар тактыга отургузушуп, хан көтөрүшөт. Ордодо, жалпы эле хандыкта кыргыздардын зоболосу артып, ээлиги орнойт. Ордого катар-катар боз үйлөр тигилип, куттук айтышкан кыргыздардын агымы артат. Алымбек датка да Алайдын мыктыларын, Курманжанды алып Шералы ханга куттук айтып келет. Хан ордосунан Курманжан Шералы хандын аялы Соно айым, Жаркын айым, анын сиңдиси Зыйнат менен таанышып, сыр чечишип мамилесин бышыктайт. Күнү-түнү бирге болушуп алардын ортосунда терең мамиле, тууганчыл жакындык жаралган. Ушул учурдан тартып Жаркын айым, Зыйнат аркылуу Курманжан ордо сырлары, андагы ар кандай маалыматтар менен тымызын кабардар болуп турган. Кыргыздын мыкты үч айымы элдин, жердин кызыкчылыгы үчүн биргелешип аракеттенүү жагын бышыкташып, Курманжан Алайга кайткан. Мына ушул жолугушууда түптөлгөн ысык мамиле Жаркын айым, Зыйнат датканын көзү өткөнгө чейин уланып, Курманжан датка ордо менен байланышын үзгөн эмес. Бул жерден Жаркын айым тууралуу өзгөчө сөз кыла кетпесек туура болбос. 1903-жылы жарык көргөн Михаил Алибековдун “Кудаяр хандын үй-бүлөлүк турмушу” деген эмгегинде Таластан келген Жаркын айым дээрлик 30 жылга жакын ордонун ортосунда көтөрүлгөн ак өргөөдө жашаганы, апасынан Кудаяр хан күнүгө кеңеш сурап турганы, ордо төбөлдөрү андан аябай айбыгып келгени жазылган. Ал эми анын сиңдиси Зыйнат даткадан да ордодогу эркектер, аялдар сүрдөп турганы, оозундагы сөздөрүн жоготкону жогорудагы эмгекте баса белгиленет. Ордодогу кыргыздын ушундай таасирлүү айымдары менен Курманжан мамиле түзүп, алардан ордо сырларын, жашыруун кабарларды алып турган. Ордодон алынган кабар боюнча Алымбек датканы өлүмдөн сактап калган учурлары тарыхый даректерде айтылат. Курманжандын ордо менен жакшы мамилесинен улам ал тууралуу аңыз кептер элге тарап, Алымбек датка сыяктуу эле хандыктагы таасирлүү адамдардын бири болуп калган. Анын үстүнө Алымбек датка Ош шаарындагы курулуш иштери менен көп алектенип, ордодогу  окуялардын чордонунда жүргөндүктөн Алай элинин арыз-муңдарын Курманжан датка угуп, аларды адилет чечип турган. 1858-жылы Алымбек датканын жардамы менен Кудаяр хандын бир тууганы Малабек анын ордуна хан көтөрүлөт. Алымбек датка хандыктагы баш үвазирлик кызматты ээлейт. Ошондон тарта ал Алайга сейрек каттап калган. Андыктан Алайдагы бардык түйшүк Курманжанга жүктөлөт. Курманжан датка ошол мезгилде эле датка даражасына татыктуу иштерди аткарып турган. Бирок, убагында датка даражасы берилген эмес. Ал эми Алымбек датка өмүрүнүн аягына чейин ордо иштери менен алектенип, акыры андагы кутумчулуктун курмандыгына кабылып каза болгон. Ал учурда Курманжан датка акыл токтоткон куракка, 52 жашты аркалап калган болчу. Ал беш баласы менен жесир калып, Алымбек датканын бардык түйшүгү анын мойнуна жүктөлгөн.

Датка даражасына тактык
Курманжандын датка даражасы тууралуу да кайчы пикирлер айтылып келүүдө. Ал Кокон хандыгынан эки жолу датка даражасын алган деген маалыматтар көп кездешет. Анда анын чын төгүнү мындай.

1863-жылы Кудаярды кайрадан тактыга отургузуу максатында Бухара эмири Сеид Музаффар-эддин көп сандаган аскерлери менен Коконду басат. Алымкул аталык башында турган кыргыз күчтөрү Ошко, андан Өзгөн, Кара-Кулжаны көздөй чегинет. Аларды жазалоо аракети менен Бухара эмири Ошко келет. Оштон аларды Курманжан башында турган кыргыздар каршылайт. Мына ушул жолугушууда Курманжандын орундуу сөздөрүнө, тунук акылына, эл арасындагы таасирине ынанган эмир ага датка даражасын ыйгарган. Сеид Музаффар-эддин атасы Насруллого караганда алда канча билимдүү, көп окуп көптү билген адам экени тарыхта маалым. Ал Азиядагы башка элдерге караганда кыргыз аялдарынын ачыктыгы, журт башкарган касиеттери тууралуу китептерден окуп, Кашкардан Бухарага кайткан элчилеринен, соодагерлеринен Курманжан туу­ралуу жакшы сөздөрдү көп уккан. Алардын айрым маселелерин ар убак  адилет чечип берип турганы тууралуу да кабардар болуп келген. Андыктан ал Курманжанга датка даражасын ыйгаруу менен Алай аркылуу өтчү соо­да жолунда өз букараларынын бейпилдигин да ойлогон. Ошентип аялзатына датка даражасынын ыйгарылышы динге чүмбөттөлгөн Азия элин таңкалтырса, Курманжандын даңазасын арттырган. Курманжан датка бул жолу эмирдин колунан Кокон хандыгынын датка даражасын эмес, Бухара эмирлигинин датка даражасын алган. Мындай даража аялзатына алгачкы жолу берилиши эле. Датка – Бухара, Хива жана Кокон ээликтериндеги мансап даражасы болгон. Ал карамагындагы элден түшкөн арыз-муңдарды, даттанууларды ханга билдирип, хандын жообун оозеки же жазуу түрүндө кайта элге жеткирип турган. Кокон хандыгында бул даража аталык, кушбеги, парваначыдан кийинки орунда туруп, аймактардагы өтө таасирдүү он гана адамга ыйгарылчу. Хандын атайын жарлыгы менен бышыкталып, мөөр ойдурулуп берилчү. Даткалык үчүн ордодон жылына 1000 теңге маяна төлөнгөн. Андан сырткары хан жарлыгы менен белгилүү өлчөмдө жер үлүшү түбөлүк менчикке бөлүнгөн.

Ал эми Курманжан даткага Кокон хандыгынын датка даражасы 1865-жылы Кудаяр хан тактыга үчүнчү жолу отургандан соң ыйгарылган. Ордого куттук айтып келген Курманжан датканы Кудаяр хан апасы Жаркын айым, таэжеси Зыйнат болуп белгилүү бектердей тосуп алып, сый көргөзүп, датка даражасын ыйгарып, мөөр ойдуртуп, баалуу белектерди тартуу кылган. Бухар эмиринен датка даражасын алган Курманжан даткага Кокон хандыгынын даткалыгын мына ушул жолугушууда ыйгарууга аргасыз болгон. Курманжан датка ошентип өз доорунда Бухара эмирлиги менен Кокон хандыгынын датка даражасын алган жалгыз кыргыз айымы болгон. Анын таасири эми Алай, Ош, Анжыян, Аксы аймагындагы элдин арасында гана эмес, ордонун өзүндө, алыскы аркалык кыргыздардын арасында да өтө жогорулап, аброю болуп көрбөгөндөй арткан. Бирок, анын ордо менен мамилеси көп узабай солгундай баштаган. Анткени 1868-жылы хан энеси Жаркын айымдын көзү өтүп, ар убак энесинин кеңеши менен кыргыздарга жакшы мамиледе болуп келген Кудаяр хандын ач көздүгү артып, душмандыгы күчөгөн. Кыргыздар ар кандай адилетсиздикке эч моюн сунбаган, эркиндикти туу туткан калк экендигин Кудаяр хан эстегиси келбейт. Көп өтпөй, 1871-жылдан баштап хандыктын ар кайсыл бөлүктөрүндө элдик толкундоолор башталып, ал акырындап бүткүл хандыкты кучагына ала баштаган. 1873 –жылдан тарта боштондук үчүн күрөштү күч менен басууга шайы жетпей калган. 1875-жылы жалпы элдик кыймыл өзүнүн туу чокусуна жетип, август айында кыргыздар Кудаяр ханды тактыдан кууп, анын ордуна Полот хан деген ат менен көтөрүлүшкө жетекчилик кылган Исхак молдо Асан уулун хан көтөрүшөт. Бул күрөштө Курманжан датка жана анын уулдары эл тарапта болуп, Кокон шаары кыргыздар тарабынан ээленгенде тун уулу Абдылдабек ордо калаанын акими болуп дайындалган. 1876-жылы 19-февралда орус аскерлери Коконду ээлеп, хандыкты биро толо жоюп, Оруссиянын курамына күч менен каратып алган соң Полот хан, Абдылдабек баштаган күчтөр Алай тоолоруна чегинүүгө аргасыз болгон.

Оторчулук доордун оорчулугу
Орус бийлиги алгачкы жылдары Курманжан датканын аброюн, эл арасындагы таасирин өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылышкан.

Алайда уланган боштондук күрөштөрдү толук басуу үчүн жазалоочу аскерлерден турган атайын күч 1876-жылы эки жолу кандуу экспедиция (жортуул) уюштурган. Ага чейин жиберилген чакан жазалоочу аскер тобу Абдылдабек жетектеген кыргыздардын катуу каршылыгына кабылышып, оор жоготуудан кийин артка кайтууга аргасыз болушкан. Бул окуядан соң апрель айында генерал М. Д. Скобелев башында турган жазалоочу аскерлер Алайга аттанышкан. Алар 25-апрелде Жаңырык капчыгайында Абдылдабектин катуу соккусуна кабылышкан. Бирок кыргыздардын арасынан чыккан саткындар Жаңырык капчыгайында жайланышкан кыргыздарга айланып барчу жолду көргөзүп берген соң гана жазалоочу аскерлер жеңишке жетишкен. Артынан, бет маңдайынан урулган соккудан кийин гана Абдылдабектин кошууну тоо аралап чегинүүгө аргасыз болушкан. Алар күрөшүн токтотпой, ар кайсыл коктулардан буктурмаларды уюштуруп, каршылыгын токтотушкан эмес. Тоолуктардын соккусуна туруштук бере албасын сезген генерал Скобелев май айында жазалоочу аскерлери менен артка кайтууга аргасыз болгон. Бул окуядан көп өтпөй 1876-жылдын июль-август айында атайын даярдыктар көрүлүп, Алайга экинчи жолу аскердик экспедиция уюштурулган. Абдылдабектин кошуунун биротоло талкалоо үчүн Алайга жасалган бул жортуул да анчалык ийгиликке жетпеген соң, генерал Д.М.Скобелев август айынын башында Курманжан датканы туткунга алып, ага “дипломатиялык” жылуу мамиле жасап, анын жардамы менен элдик кыймылды ооздуктоого жетишкен. Зор күч, ар кандай коркутуу, катуу чабуул менен басылбаган элдик кыймыл ошентип Курманжан датканын таасири менен токтотулган. Бул окуя тууралуу Өзбек Республикасынын мамлекеттик борбордук архивинде (Ташкент шаарында) сакталып турган катында Курманжан датка жеткиликтүү баяндап берген. Өз мөөрү менен бышыктаган бул катында ал: Жандыраалы Скөбүл (генерал Скобелев – К.М.) пааша мени өзүнө чакырып алып, мага балдарымды өз мекенине кайтаруумду, алар келип тынч жашай берүү­сүнө кепилдик берээрин айтып насаат берди. Анан улуу урматтуу жарым пааша фон Кауфман Ошко келгенде мен аны тосуп чыктым. Ал мени менен сылык сүйлөшүп, мага жакшылык каалап: “Уулдарыңызга кат жазыңыз, алар кайтып келип тынч жашай берсин, өзүңүздүн урууңузга (элиңизге- К.М.) кайтканда аларга тынч жашагыла деп насаат айтыңыз… Мен Ош үйөзүнүн начальнигине сиздин уулдарыңызга кызмат берүүсүн сунуш кылам жана император ак паашанын алдына өзүңүзгө пенсия бөлүп берүүсүн өтүнүп кайрылам”, – деп айтып, мени баалуу чапан жана алтын саат менен сыйлады. Жолугушуудан соң мен туш тарапка кеткен уулдарыма кайтып ке­лүүсүн айтып кат жө­нөттүм. Уулдарымдын ичинен эң улуусу Абдылдабек бөтөн жерде набыт бо­луп, калгандары биринин артынан бири кайтып келе баштады… Жарым пааша фон Кауфман төрө өзүнүн убадасы боюнча мага жы-лына 300 сом өлчөмүндө пенсия бөлдүрүп берип, уулдарымды жергиликтүү башкаруу кызматтарга коюу тууралуу көргөз­мөсүн берди”, – деп баяндаган. Ошентип катта баса белгиленгендей, Курманжан датканын аракети менен Алайда тынчтык орногон.

Оруссиянын үстөмдүгү орногон учурдан өмүрүнүн аягына чейин Курманжан датка Түркстан чөлкөмүнүн тогуз генерал-губернаторун (1876-1907-жж.), Фергана облусунун сегиз аскер губернаторун, Оштун оёзнойлорун, Европадан келген жүздөгөн ар кыл  мартабалуу конокторду Оштон, Алайдан тосуп алып, аларды жогорку деңгээлде меймандаганы ошол кездеги гезит-журналдарда, эмгектерде көп эле жазылган. Алардын арасында ошол кездеги Оруссия империясынын Генералдык штабынын офицери, келечектеги Финляндиянын тунгуч президенти Маннергейм да болуп, датканын колунан даам татып, батасын алганын кантип унутабыз. Мына ушундай ар кандай деңгээлдеги  жолугушууларда анын табийгатынан элчилик жөндөмү, меймандостугу, интеллектуалдык жогорку деңгээли жөнүндө өздөрү күбө болгон адамдардын эскерүүлөрүндө, жазма даректерде даана сүрөт­төлгөн. Ошондой эле Курманжан датка Ошто, Маргалаңда жалпы эле чөл­көмдө жашаган орус аялдары менен да жакшы мамиледе болуп, алардын айрым уюмдарына кайрымдуулугун көргөзүп турган. Алсак, 1904-жы­лы Ошто талаа лазареттерине шейшеп даярдоо үчүн аялдардын комитети түзүлөт. 7-мартта комитеттин алгачкы жыйыны болуп, ага 93 жашка чыкканына карабастан Мадыдан Курманжан датка ат үстүндө келип катышып, кайрымдуулук максатында комитетке 100 сом кошумчасын кошуп кайткан (Туркестанские ведомости, 1904, № 40).

Датка сабаттуу болгонбу?
Курманжан датканын өмүр таржымалын үстүртөн билген айрым тарыхчылар менен адабиятчылар кат-сабаты жоюлганын бышыкташып, билимдүү көргөзүүгө аракет кылышат.

Алар даткага араб ариби менен кыргыз, өзбек, фарсы тилинде ырларды, каттарды жаздырышат.

Ал түгүл анын күн сайын күндөлүк жазганын ырасташат. Ушул сыяктуу маалыматтарды мисалга тартышып, Курманжан датканын кадыр-баркын арттырууга аракеттенишет. Ал эми тарыхый чындык алардын ашкере аракеттерин бышыктабайт, датканын сабаттуу болгонун ырастабайт. Ал эми өзбекстандык белгилүү тарыхчы Хайдарбек Бабабеков менен адабият изилдөөчү Сатыбалды Мамытовдун “датка фарсы тилинде Зыйнат деген жашыруун ысым менен ыр жазган, ал ырлар Омор хандын мезгилинде (1818-ж.) басылган “Маджму-аш-шу ара” (“Акындардын ырлар жыйнагы”) аттуу жыйнакка басылган” деген тыянактары дагы тарыхый чындыкка эч коошпойт. Анткени ал мезгилде Курманжан датка болгону 7-8 жаштагы кыз болгон. Ал эми аты белгисиз секелек кыздын ырлары жашыруун ысым менен фарсы тилинде, болгондо да хан сарайында басылышы акылга сыйбас нерсе.

Бирок, Курманжан датка тамга тааныбаганы менен миңдеген сап ырларды эсине сактап, жатка айта алган. Кошкон кошоктору аңызга айланып, азыркыга чейин айтылып келүүдө. Гезит-журнал окубаганы менен өз мезгилиндеги жаңылыктар менен кабардар болуп турган. Курманжан датка менен жолуккан Б.Л.Тагеев аттуу автор жакында эле каза болгон генерал Скобелевдин өлгө­нүнөн кабары бар экенин жазса, Маркова деген саякатчы аял Курманжан датка Москва, Санкт-Петербург шаар­ларындагы жаңылыктар тууралуу сурап, ал жактагы күчтүү дарыгерлерден кабары бар экендигин эскерет. Мына ушундай сүйлөшүүлөрдөн соң датканын ой чабытынын кенендигине, акыл көрөңгөсүнүн тереңдигине күбө болушкан илим-билимге сугарылган европалык саякатчылар  кийин суктануу менен жазышкан. Алыстан ат арытып келген конокторду атайын темир кроваттар коюлган боз үйгө түнөтүп, Европанын шарты менен экинчи бир боз үйдө, дасторконун дүр-дүнүйө таттууларга жайнатып сый-урматын көргөзгөнүн Алайга келген көпчүлүк саякатчылар саймедиреп жазып калтырышкан. Андан соң гана атайын тигилген өзүнүн ак өр­гөөсүндө келген конокторду кабыл алып, кызыктырган жана кызыккан темада сүйлөшкөнүнө таңданышкан.

Мээнеткеч айым, мээрман эне
Курманжан датканын даңазасын арттырган, атын алыска таанылткан дагы бир башкы жагдай, анын энелик улуу касиети, мыкты тарбияланган уулдары, неберелери.

Алардын жалгыз эненин эмес, жалпы элдин уулу болушуна албетте, Курманжан датканын таасири зор.

Алымбек датка ар убак мамлекеттик иштер менен алыскы сапарда жүргөндүктөн, балдарга башкөз болуу, аларга мыкты тарбия берүү жубайына жүктөлгөн. Ал өз балдарына гана эмес, ошол чөлкөмдөгү мыкты чыкма балдарга да кам көрүп, туура тарбияланышына көз салып турган. Ошол кезде кыргыздар үчүн ал Умай эне сымал эле. Мына ошондуктан анын уулдары да атасындай элдин керегине жараган, журт башкарган мыкты инсандар болуп жетилген. Өгөй болсо да өз баласындай болгон Жаркынбайы (айрым маалыматтарда бир тууган кайниси) Оштун акими болуп туруп, 1865-жылы Ташкент шаа­рын генерал Черняевдин баскынчыл жортуулунан коргоо учурунда Алымкул аталыктын жанында жүрүп курман болгон. Тун уулу Абдылдабеги 1865-жылдан агасынын ордуна Оштун акими, Полот хандын боштондук күрөшү­нүн мезгилинде башкы аскер жетекчилеринин бири болуп, ал хан тактысын ээлеген соң ордо калаа Кокондун акими болгон. Алайдын көз карандысыздыгы үчүн өмүрүнүн акырына чейин баскынчыларга каршы согушкан. Баатырбеги Кашкардын бакдөөлөтү Жакыпбектин ишеним арткан жакын адамы, кийин Кудаяр ханды тактыдан кууганга активдүү аралашып, Орус падышачылыгынын заманында Булак-Башы болуштугунда болуш болгон. Маамытбеги Абдылдабек менен бирге Ооган жерине чейин кошо кетип, кийин Гүлчөнүн болушу, Асанбеги Ноокаттын болушу, Камчыбеги Алайдын болушу болуп турган. Курманжан датканын неберелери да эл кадырлаган эр азаматтардан болушкан. Уул-неберелеринин эл арасындагы кадыр-баркы, таасирлери Курманжан датканы көкөлөтүп, сый-урматка бөлөп турган. Курманжан датка 1894-жылы падышалык төбөл­дөргө жолдогон бир катында өзүнүн үй-бүлөсү, уулдары тууралуу сыймыктануу менен: “Менин балдарым сыяктуу эле алардын атасы жана чоң атасы мурдагы мусулман (Кокон – К.М.) хандарына жана бектерине ак ниеттери менен берилип кызмат кылышып, ардактуу жана жакшы адамдардан болушкан. Эч качан эч нерсе менен айыпталбаган, өзүлөрүнүн наамына доо кетирбеген жана элге таа­нымалдыгы менен сый-урматка ээ болуп келген”, – деп жазган.

Датканын көз жашы, өмүрүнүн аягы
Курманжан датканын кылым карыткан өмүрүн шаан-шөөкөттөр менен бирге оор жоготуулар, кайгы-капа такай коштоп жүргөн.

Жамандык учурундагы көчмөн элге ылайык адаттан тыш көтөрүмдүүлүгү айланасындагыларды таң калтырган. Жакшылыкка көп­пөгөн, а жамандыкта чөкпөгөн өзгөчө  сабырдуулугу менен айырмаланган. Алгач Алымбегинен ажырап, балдары жетим, өзү жесир калды. Канчалык кайгырып жоктосо да ал чөкпөдү, кайра чыңалды. Алымбек датканын бүтүндөй түйшүгүн, эл алдындагы  жоопкерчилигин өзүнө алды. Өмүрүнүн аягына чейин ал милдетти айныксыз аткарды. Андан көп өтпөй Ташкент шаарынын алдындагы согушта (1865-ж.) Жаркынбайы курман болду. Анын аза кайгысын тартты. Уулдары ар убак эркиндик үчүн күрөштөрдө эл башында туруп, кыл чайнашкан катаал окуяларда алдыңкы катарда жүрүштү. Эне катары ал балдарынын амандыгын алыста жатып тилеп келди. Жаман кабар келбесин деп жүрөгү сыздап, жүлүнү бошоду. 1876-жылы эл-жерин баскынчылардан коргоодо Абдылдабеги баш болгон уул-неберелери Ата журтунан алыска кетип, ал жерден Абдылдабеги каза болуп кайтпай калды. Тун уулунун оор кайгысын тартты. Мал-мүлкүн, ээлеген жерин падышалык өкүмзарлар тартып алышты. Ага муюбады. Курманжан датканын эл арасындагы кадыр-баркын төмөн­дөтүү максатында 1893-жылдагы төрт бакылоочунун өлүмүн шылтоолоп, күнөөсүн далилдебей туруп падышалык админстрация эң кенже сүй­мөнчүк уулу Камчыбегин энесинин көз алдында дарга асты (1895-ж.). Уулдарынын бардыгын  болуштук кызматтан четтетти. Уулу Асанбекти, неберелери Мырзапаяс, Арсланбекти Иркут губерниясына сүр­гүнгө айдатты. Бул кайгылуу  окуялар Курманжан датка үчүн өтө оор тийген. Бирок алардын бардыгын көтө­рүүгө мажбур болду. Камчыбегинен бир жыл өтпөй 1896-жылы уулу Баатырбегинин сөөгү жерге коюлду. Эне үчүн балдарынын өлүмүнөн оор бул дүйнөдө эч нерсе жоктур.

Курманжан датканын көз алдында жалгыз баласы эмес, төрт баласы (Жаркынбайы менен), өмүрлүк жолдошу көз жумуп отурбайбы, каран күндүкү! Анын өмүр баянын алгачкы жолу кеңири изилдөөгө алган И.П.Ювачевдин жазганы боюнча Курманжан датканын урпактарынын саны көзү тирүүсүндө 183 адамга жетип, алардын 85и анын көз алдында каза болуп, кошок айтып түбөлүк жайына узаткан. Мына ушундай кайгы-капалуу турмушту башынан кечирген Курманжан датка өзү 1907-жылы 1-февралда 96 жашында дүйнөдөн көзү өткөн. И.П.Ювачев 1907-жылы Ошко келгенде Курманжан датканын урпактарынан 98 адам (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 кыбырасы) жашаарын жазган. Совет доорунда Курманжан датканын бүтүндөй урпактары куугунтукталып, көптөгөн запкыларды баштарынан кечиришти. Алар датканын урпактарыбыз деп айткандан чоочулашып, энеси тууралуу эл алдында оозана алышчу эмес.

Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз туусу”, 07.10.2011-ж.

Курманжан Датка тууралуу дагы макалалар

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.