Москвада Кыргызстандык фотосүрөтчү Наристе Алиеванын көргөзмөсү ачылат

11-октябрда Москванын M’ARS маданият борборунда Наристе Алиеванын “Изоляция/Интеграция” деген темадагы жеке көргөзмөсү ачылат. Көргөзмө “Москвада эки жылда бир өтүүчү жаңы маданият долбоорунун” алкагында уюштурулуп жатат. Бул туурасында “Кабар” агеттигине Мамлекеттер аралык өнүгүү корпорациясы билдирди.

“Изоляция/Интеграция” темасындагы чыгармалар учурдагы өтө ыкчамдык, тездик процессинин бири-биринен айырмаланган эки ачалуу түзүлүшү болгон изоляция менен интеграцияны (башкаларга жабык болуу, башкаларга кошулуу) көрсөтөт. “Наристе Алиева учурдагы адамдардын башкаларга жабык болуусу, өзүнүн ким экендигин издөө боюнча ой жүгүртөт”-деп айтылат аталган корпорациянын билдирүүсүндө.

Аталган долбоордун башкаруу кеңешинин мүчөсү Иван Поляковдун пикирине караганда эки жылда бир өтүүчү бул долбоордун темалары бүгүнкү күндүн көрүнүштөрүн эмес, келечектеги маданият аныктай турган багытты чагылдыруусу менен айырмаланат.

Долбоордун алкагында дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн 65тен ашуун фотосүрөтчү, 16 сүрөтчүлөр тобу келет.

Азиза Култаева, «Кабар» МА, 08.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.