Өзбекстандагы «Туран тарыхы» журналынын бир канча саны Курманжан даткага арналды

Ѳзбекстандагы ѳзбек жана орус тилдеринде чыга турган «Туран тарыхы» /«История Турана»/ журналынын 2011-жылдагы бир канча саны Курманжан даткага арналды.

Бул тууралуу журналдын негиздѳѳчүсү жана башкы редактору академик Хайдарбек Бабабеков билдирди.

«Махпират» атындагы «Борбордук Азия элдеринин тарыхы» институтун алдында уюштурулган бул журналда Курманжан датканын ѳмүр баяны, жашаган доору, мамлекеттик ишмерлиги, дипломатиялык алакалары тууралуу материалдар берилди.

Академик Х. Бабабеков Курманжан датканы изилдеген Ѳзбекстандагы алгачкы окумуштуу болуп саналат.

Төлөнбай Курбанов,«Кабар» МА, 07.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.