Жусуп Абдрахманов

Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында мындан бир кылым мурдагы тарыхы менен бүгүнкү күндөгү мамлекеттин тагдыры кандайдыр бир деңгээлде окшоштукка ээ. Акыркы бир кылымда кыргыздын элиталары четтеги душмансыз эле өздөрүн-өздөрү жеп жатат. Буга мисал, 1937-1938-жылдагы репрессияда бири-биринин үстүнөн арыз жазгандар, эгемендик жылдардагы куугунтук, камоо, өлтүрүүлөр. Тарыхый кырдаалды, учурду, заманды, саясатты, бийликти күнөөлөгөн менен андагы чылбыр өзүбүздүн эле колубузда турганын элес ала бербейбиз. Бир кездеги тарыхый тагдырдын, замандын курмандыгы болгон Ж.Абдрахмановдун быйыл 110 жылдыгы белгиленип жатат. Тилекке каршы кыргыздын дагы бир инсаны Касым Тыныстанов экөөнүкү эстелик тургузуу менен гана чектелип жаткандай.

Аты кыргыздын бир гана уруусуна таанылган айрым бир уурулук деңгээлдеги адамдарга эстелик тургузуп, ага үлкөндөрдүн катышып жатканын көргөндөр тааныбай туруп эле: “аа, бул анын ата-бабасы болот турбайбы” деп ойлоп калгандарына жыйырма жыл болду. Бизди бүгүнкү күндө бири-бирибизди бириктирбей, уруу-урууга бөлүп турган нерсе дагы ушул. Кимдин күчү жетсе алтындан деле эстелик тургузса эч ким каршы эмес, бирок, мамлекеттин кийинки келечеги үчүн улуттук баатырларга көңүл буруу керек. Мисалы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жаратууда зор салым кошкон саясий ишмерлердин катарында Жусуп Абдрахмановду айтууга болот. Быйыл анын 110 жылдыгына карата эстелиги ачылды. Бирок, көптөргө бул адам белгисиз. Жөн гана репрессиянын курмандыгына чалынган бир кездеги мамлекеттик кызматкер катары билишет.

Аскер адамы болгусу келген Жусуп
Совет өкмөтү түзүлүп, анын курамына Кыргыз ССРи абдан чоң тоскоолдуктардан өтүп союздук республика катары кирди. Мына ушундай зор ишке башын сайган инсандардын бири Жусуп Абдрахманов. Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл районунда манаптын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаратылышынан зээндүү Жусуп алгач орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу жогорку башталгыч окуу жайда билим алып, тилекке каршы 1916-жылдагы үркүндүн айынан окуусун токтоткон. Эл менен Кытайга үркүп барып, февраль революциясынан кийин туулган жерине келип, Каракол гарнизонундагы офицердин үйүндө атчы, кароолчу болуп иштеген. Анын табиятынан зээндүү, дилгир экендигин байкаган подполковник Бычков өзү менен кошо Верный (Алмата) шаарына алып барган. Бул жерде совет бийлиги орногондон кийин, мурда кат сабаты жоюлган Жусуп бир канча ай статистика тармагында эмгектенип, андан соң Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кирет. Гвардияда жүргөн кезинде Жусуп командирдин жардамчысы болуп, Жети-Суу фронтунда актарга каршы күрөшкөн. Абдрахмановдон келечектеги мыкты аскер адамы чыгат деген үмүт менен жогорку жактан Верный шаарына командирлик курска, кийин Ташкенттеги В.И. Ленин атындагы аскердик окуу жайга кирет. Бирок, ден соолугу анын келечектеги аскер адамы болушуна чоң тоскоол болуп, аргасыз аскердик карьерасын токтотууга мажбур болот.

Ленинге жолуккан  биринчи кыргыз
Азыркы күндө Жогорку Кеңешке депутат болууну же чоң кызматта отурууну каалаган жаштар канчалык көп болсо, совет доорунун алгачкы жылдарында комсомолго өтүү дагы ошончолук кадыр-баркка ээ болгон. Комсомолго өтпөсө экинчи сорттогу кадр катары саналган. Советтик дух менен Жусуп дагы 1919-жылы кыргыз жаштарынын алдыңкы өкүлү катары комсомолго өтөт. Анын таалайына жазылган саясий ишмердиги дагы ошол чөйрөдөн башталган. Абдрахманов 1920-жылы РКСМдын (Российский коммунистический союз молодежи) 3-съездине Кыргызстандын атынан барган. Ушул съездде Жусуп Абдрахманов коммунисттердин жол башчысы В.И. Ленин менен жолуккан. Абдрахманов бул жолугушууну мындайча сүрөттөгөн: “Съезддин чечими менен мен президиумга шайландым. Өзүнүн доклады бүтүп, тыныгуу учурунда күтүлбөгөн жерден Владимир Ильич мага кайрылды… Кайдан келгенимди сурады. Мен жооп бердим. Бирок, чынын айтканда өтө толкундандым. Анда мен Лениндин эмгектерин окуй элек кезим эле. Анын суроолорунун бири мындай болду: “Силерде орус калкы канча пайыз?” -Беш пайызга жакын-дедим. “Калгандары кимдер?” – Кыргыздар менен казактар. “Сабатсыздар канча пайыз?” – Эки пайызга жакын. “Калгандары эмне сабатсызбы? Аппарат, советтик аппарат кайсы тилде иштейт?” -Орус тилинде – деп жооп бердим. Мен ойлоптурмун бул нерсе кадыресе эле нерсе деп. Муну уккандан кийин Владимир Ильичтин өңү өзгөрүп, мындай деди: “Жолдоштор, силер социалисттик революциянын алдында кечирилгис кылмыш кылып жатасыңар. Калктын көпчүлүгү түшүнбөгөн тилде иш алпарган аппарат, ошол элдин күнүмдүк көйгөйүнө, маселелерине көңүл буруп, аларды чече албаган аппарат, масса менен байланышта боло албайт…”-деген экен. Лениндин бул сөзү анын кийинки саясий аракеттерине көп таасирин тийгизген. Биз мына 1989-жылдан бери 23-сентябрь деп тил күнүн белгилеп, өзүбүздү өзүбүз шылдыңдаган майрамга айланттык. Тил жөнүндө маселени өзүбүзгө эмес, советтик коомго шылтоолойбуз. Көрсө, советтик идеологиянын башында тургандар деле “кыргыздар орусча сүйлөгүлө” деп буйрук бербептир да.

27 жашында премьер-министр болгон
Бизде азыр демократия ураанынан башка адам укугу жана жаштар башкарууга катышсын деген чакырык бар. Ал үчүн министрлик да түздүк, грант деле алып жатабыз, бирок, жыйынтык жок. Кеп жаштарды башкарууга алып келүүгө атайын программа эмес, жаштардын өздөрүнүн мекенге кызмат кылам деген ою, саясий эрки жана эң негизгиси билим деңгээли болушу керек го. Абдрахманов 19 жашынан тартып мамлекеттик, партиялык кызматта иштеп, 27 жашында, тактап айтканда 1927-жылдын март айынан 1933-жылдын сентябрына чейин Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин төрагасы, азыркыча айтканда премьер-министри болгон. Жаш, ишке жөндөмдүү адис катары тез эле жетекчиликке көтөрүлгөн. Абдрахманов ушул кызматта отуруп, азыркы күндөгү өнөр жайга, республиканын чарбалык-маданий курулушунун фундаментин курууга активдүү катышкан.

Кыргызды дагы бир кыргындан алып калган
1933-жылы 26-майда ВКП (б)Борбордук комитети “Республикада (Кыргызстанда) дан азыктарын бекитилген планга каршы ысырапкорчулукка жана уурдап жок кылууга жол берилип, чара колдонбогондугу” жөнүндө токтом кабыл алынган. Ушул эле жылдын 22-сентябрында партиянын борбордук комитетинин саясий бюросунун чечими менен Жусуп Абдрахманов кызматтан бошотулуп, 14-октябрда партиядан чыгарылат. Андан кийин Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалат. Жусуп Абдрахмановдун кызматтан айдалганынын себеби мындайча болгон. 1932-1933-жылдары Сталиндик өлкөнү индустрилизациялоо саясатынын жүрүшүндө СССРде катуу ачарчылык болгон (оор өнөр жайды куруу үчүн сыртка дан азыктарын экспортко чыгарып, сырттан өнөр жайга керектүү материалдар алып келинген). Ачарчылык СССРдин дан эгиндерин өндүргөн аймактарда Украина, Казакстан, Поволжьеде өзгөчө катуу болуп, адамдар ачкачылыктан кырыла баштаган. Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдун Жусуп Абдрахманов жөнүндө жазылган эмгегинде айтылгандай ошол кезде Казакстан менен Сибирден 130 миңдей адам Кыргызстанга жан сактоого келген.

Пландуу экономикалык саясаттын негизинде дан даярдоо планы таңууланып, реалдуулуктан бир топ четтеп кеткен. Ушундай шартта Элкомсовдун председатели (өкмөт башчы) Жусуп Абдрахманов жана башка республиканын жетекчилери көрсөтүлгөн планды азайтууга мажбур болушкан. Эл ачарчылыктан кырылып калбасын деп, үрөн фондусунан пайдаланууга уруксат берген. Карапайым элди кырылбасын деп дан бергени кийин Абдрахмановду “эл душманына” айландырды. Ошол кезде коңшу казактардан ачарчылыктан улам бир канча миңдеген адам кырылып, дагы бир тобу Кыргызстанга келип жан сактаган. Өзүнүн күндөлүгүндө Абдрахманов ал жөнүндө мындай деген: “1932-жылы жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп келе баштады. Ачарчылыктын айынан алардын арасында өлүм-житим көп болду… План өткөрүү кыйынчылыгын Шахрай, Исакеев үчөөбүз талкуулап келип, мен: “План аткарбады деп кызматтан алса алсын, республиканы Казакстандын абалына жеткирбейм” дедим. Алар макул болду.

Мына ошентип, анын эл үчүн жасаган эмгеги кара ишке айланып, 1933-жылы кызматтык сүргүнгө айдалып, 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. Ал бир нече жолу Сталинге, СССРдин прокуроруна, Ички иштер эл комиссарына арыз менен кайрылган. Бирок, анысы ишке ашкан эмес. Анын үстүнө жогорку жак бир күнөө такса, экинчи жагынан өзүнүн эле чогуу иштегендери үстүнөн арыз жазып айласын кетирген.

Эл арасында аты белгилүү инсандардын жеке жашоосу дайыма кызыгууну жаратат. Жусуп Абдрахмановдун саясий тагдыры кандай аянычтуу болсо, жеке жашоосу дагы ошондой азаптуу болгон. Үркүндө ата-энесинен, бир туугандарынан айрылып, бир иниси жана карындашы калган. Иниси дагы агасынын жолун жолдоп Ташкентте жогорку билим алган. Тилекке каршы, кийин ал дагы репрессиянын курмандыгы болсо, жалгыз карындашынын күйөөсү дагы камалган. Бүгүнкү күндө Жусуп Абдрахмановдун жалгыз кызы Ленина Абдрахманова гана бар. Абдрахмановдун өзү жөнүндө маалымат берген бул анын күндөлүгү. Күндөлүгүнөн ар кыл мазмундагы тексттерди кездештирүүгө болот. Ал мамлекеттик кызматкер болуу менен ошол кезде саясатка коомго дагы өз оюн билдирип турган. Мисалы, күндөлүктөгү жазуулардан: “Адамдын өтөгөн кызматын эч качан жокко чыгарууга болбойт. Азияга мүнөздүү жалкоолук – жергиликтүү жумушчулардын негизги кемчилиги. Бул илдетке “карыгандар” гана эмес жаштар да чалдыккан. “Чыныгы” чиновник эки жүздүү кадрлар өсүп жатышат!…” Абдрахмановдун айткандары бүгүнкү күндө да маанилүү. Биздин саясий кризистин башаты дагы тээ 1917-1938-жылдардагы түзүлгөн системада окшойт деп дагы ойлоп кетесиң. Себеби ушул жылдар аралыгындагы реформалар кыргыздын каймактарын кырып, жалаң гана кул тукумдары калгандай таасир калтырат.

Элизат ТУРСУНОВА, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.