Койчуман Момункулов, Мамлекеттик кыргыз китеп палатасынын жетекчиси: “Кыргыз китептери жеңишке жетүүдө”

Азыркы абалына наалып, анысын бюджеттин тартыштыгына шылтаган мамлекеттик мекемелерди санай берсе түгөнбөйт. Кай бирлери “барына базар” деп мамлекеттен бөлүнгөн тыйынына жараша иш аткарып, аткарылбаганын жокчулукка шылтап кутулса, айрымдары буга моюн сунгусу келбей, өз дараметтери менен алга умутулуп келишет. Бул багытта Мамлекеттик китеп палатасынан кабар алдык.

– Койчуман Казакович, китеп палатасынын бүгүнкү абалы тууралуу эмне айта аласыз? Учурда жетегиндеги мекеменин абалынан даттануу жаңылык эмес. Ал эми сиз кандай пикирдесиз?
– Бүгүнкү күндө баарын мамлекетке арта салып эле бюджеттин оозун карап отура бергенде болбойт. Андыктан китеп палатасынын ишин алга жылдырууга мүмкүн болгон аракеттердин баарын жасап жатабыз. Талап кылынган каражаттарды өз алдыбызча табууга аракет кылабыз. Ал үчүн китеп палатасынын кайсы бир бөлүгүн ижарага беребиз. Акы төлөнчү кызматтарды көрсөтөбүз. ISBN (ар бир китептин эл аралык сериялык номуру), ISSN (мезгилдүү басылмалардын сериялык номуру) сыяктуу эл аралык каттоолорго кире турган биздин номурлар бул кызматтардын түрүнө кирет. Бул негизде жылына болжол менен 2 млн. сомго жакын акчаны өзүбүз табабыз. Бул жылы мекемедеги жумуш шарттарын оңдоо максатында бүтүндөй компьютер жабдууларын жаңыладык. Имараттын ичи-тышын актап, сырдап дегендей, оңдоп алдык.

– Китеп палатасынын негизги милдеттери, функциясы кайсы? Китептерди бастыруу, сатуу кызматтарын да көргөзөсүздөрбү?
– Биз китептерди каттоодон өткөрүп, эл аралык номурун берип, архивде сактайбыз. Мисалы, басылмага берилчү китепке ISBN номурун беребиз. Ал аркылуу эл аралык уюмдарга, өлкөлөргө тарайт. Ал номур аркылуу китеп Кыргызстандын басылмасы экенин таанышат. Бул сериялык номурду кыргыз китеп палатасы мыйзамдуу берет жана бул сериялык номурга ээ болуу үчүн жазуучунун толук аты-жөнүн, китептин атын, нускасын, басмакананын атын толугу менен билдирүү керек. Биз ошол берилген номурлардын негизинде жыл аягында канча китеп, канча нуска менен чыкканын, басылмалардын так эсебин жүргүзөбүз. Андан тышкары, милдеттүү басылмалар экземпляры бар, мыйзам чегинде милдеттүү түрдө ар бир китептин, басылманын он чакты нускасын сөзсүз архивде сактайбыз. Андан тышкары, бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтүндө китеп боюнча иш жүргүзгөн жалгыз мекеме китеп палатасы болгондуктан эл аралык уюмдар арасында кыргыз мамлекетинин китеп саясатын жүргүзүп, катышып турабыз.

– Мисалы кайсы өлкөлөрдө кыргыз китептерин таанытып келдиңиздер?
– Кошуна мамлекеттерге барып турабыз. Жакында эле Иран, Азербайжан өлкөлөрүндө эл аралык китептер көргөзмөсүнө кыргыз китептерин тааныттык. Түкмөнстанда болгон китептердин көргөзмө-таймашында “Кыргызстан” деген фотоальбом менен жеңишке жеттик. Анын түзүүчүсү Каныбек Иманалиев. Экинчи орун деген номинациядагы диплом беришти. Бирок муну биз биринчи орун деп эсептесек болот. Анткени, Түкмөнстанда өтүп жаткан таймаштардын биринчилигин түркмөндөр эч кимге бербей өзүлөрүнө ыйгарышат экен.

– Демек, башка өлкөлөрдөгү китеп саясаты менен таанышып турат экенсиздер. Бул багытта кайсы өлкө кандай өнүгүүдө ?
– Азербайжан, Түркмөнстан өлкөлөрү китептерге өтө жогору маани беришет. Андыктан, бул багытта көп каражат бөлүп, көп өнүгүүлөргө жетишкен. Бизди китеп көргөзмөлөрү, таймаштары сыяктуу тажрыйба бөлүшүүгө бул мамлекеттер өз эсебинен чыгымын төлөп чакырышат. Ошончолук каражат сарптап, чакырып жаткан соң биз да кыргыз китептерин татыктуу жеткирип, таанытууга аракет кылабыз. Буюрса, жакында Германияга иш сапары менен барабыз. Анткени, эл аралык ISSN, ISBN уюмдарынын бир штабы Парижде, бирөөсү болсо Германияда. Биз Германиядагы штабына барып, көп маанилүү маселелерди чечип келебиз деген үмүттөбүз.

– Китеп палатасынын сиз жетекчиликке келгенден берки негизги утуштары…
– Бир жыл ичинде китеп палатасында көп эле өзгөрүү, өнүгүүлөр болду. Андан тышкары, Американын Линьойс университети менен байланышы. Бул университетте түркология бөлүмүндө кыргыз тили жана маданиятын окуткан кафедра бар экен. Кыргыз адабияты, этнографиясын биздин китеп палатасынын интернет сайтынан таап бизге байланышка чыгышты. Учурда аталган окуу жай менен тыгыз байланышта кызматташып жатабыз. Андан тышкары, ISSNдин борбору Парижде. Мен жаңыдан кызматка келгенде ал борбор кыргыз китеп палатасы менен келишимди бузуп, кызматташтыктан баш тартканы жатыптыр. Анткени, ага чейин кыргыз китеп палатасы берген маалыматтар алардын талабына жооп бербейт экен. Биз бул маселени жөнгө салып, англис тилин мыкты билген адистерди кызматка алып келдик. Кенже аттуу англис тилин мыкты билген адисибиздин жардамы менен Кыргызстанда биринчи жолу ISSN ге болгон кыргыз басылмаларынын баарын киргизүүгө жетиштик. Ошондой эле, бул борбор жыл сайын таймаш уюштуруп турат. Бул жылы 88 өлкө ичинен Кыргызстан жеңишке жетишип, Францияга акысыз “стажировкага” жолдомо берилди.

– Кыргызстанда китеп маселеси мактанарлык эмес. Жетишсиз, баасына чыдап алып окуган эл аз, жаштар болсо интернетке ооп кетүүдө. Бул маселени канткенде жөндөөгө болот?
– Менин оюмча китепти эч кандай интернет алмаштыра албайт. Китептин орду башка. Ал эми бүгүнкү күндөгү китеп жетишсиздиги орчундуу маселе. Ошондой эле китеп окурмандарынын мурдакыдан улам азайганы өтө өкүнүчтүү. Баары келип бюджеттин тартыштыгына, каражаттын жетишсиздигине такалат. Мисалы, Россия мамлекетин алсак, ал жакта учурда басылган китептердин мукабасынан тартып, ички мазмунуна чейин укмуш. Ошондой эле, Түркмөнстан болобу, Казакстан болобу китептин сапатына жана өз эне тилиндеги китептерге көбүрөөк маани беришет. Биз да улуттук тилибизди сүрөгөн, Кыргызстандын дөөлөттөрүн тааныткан сапаттуу китептерди сүрөөбүз кажет. Буюрса, бул багытта көп максаттарыбыз бар. Бирок каржы маселесине келгенде кыйыныраак. Эл аралык донорлор, гранттардын бизге бөлүнүүсү кыйын. “Мамлекеттик болгон соң мамлекет каржыласын”-деп чыгышат. Ал эми мамлекеттин абалы баарыбызга маалым. Ошентсе да, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эл аралык уюмдардын бирөөсү грант бөлгөнү турат. Ал каражатка буюрса кыргыздын тарыхынан тартып каада-салт, дөөлөт-баалуулуктарын камтыган китеп жыйнактарын бүт жаңыртып чыксак деген ойдобуз.

Мактешкен Анара ДЫЙКАНОВА, “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.