Оромо

(улуттук тамак-аш)

“Роза” оромосу

Батыш Австралияда жашаган Венера Раст “Роза” деп аталган оромону жасоо жолу менен бөлүшөт.

Kеректүү азыктар (4 кишиге эсептелген):

1 чоң картошка, 2 сабиз, 1 баш пияз, 1-2 баш сарымсак, 250-300 гр. эт, кари майы, туз, мурч.

Даярдоо ыкмасы:

Этти майдалап туурайбыз, калган азыктарды майдалагычтан (теркадан) өткөрөбүз.

Баарын аралаштырып, туз менен мурчту татымына жараша кошобуз да демдеп коебуз.

Камырды анча катуу кылбай жууруп, тынгандан кийин жука кылып жайабыз да узунунан кесип алуу керек. Камырдын ортосуна кари майдан сүйкөйбүз (эгерде эт майлуу болсо камырды май менен сүйкөбөй эле койсо болот).

Ортосуна даяр фаршты салып, эки четин бириктирип, роза гүлү сыяктуу кылып ороп койгула.

Касканга 30 мүнөттөй бышырабыз.

Тамагыңар таттуу болсун!

Венера Расттын дагы рецепттеринен: Жупка

Оромо

oromo

 

 

 

 

 

 

Ичиндеги фаршы: эт, пияз, мурч, куйрук май

Камыры: суу, туз, ун, жумуртка

Даярдоо ыкмасы:

Эт менен пиязды майдалап туурап, тузду, мурчту татымына жараша кошуп аралаштырып тыныктырып коебуз. Камырды анча катуу кылбай жууруп, тынгандан кийин жука кылып жайуу керек. Камырдын ортосуна ич майдан сүйкөйбүз. Жука жайылган камыр майланып, үстүнө майда тууралган эт менен пияз кошулат. Оромону (Рулет) сыяктуу кылып ороп коёбуз. Касканда Оромо суунун буусу менен 45-55 мүнөттө бышып даяр болот.

Оромону картөшкө же ашкабактан да жасаса болот.

Булак: http://erkindik.ru/

Соц тармактар:

2 thoughts on “Оромо

  • 05.09.2016 at 23:09
    Permalink

    Оромону (Рулет) сыяктуу кылып ороп койобуз. – Бул сүйлөмдө ката бар экен, койобуз эмес коёбуз.

    Reply
    • 07.09.2016 at 13:04
      Permalink

      Рахмат. Оңдоп койдук. 🙂

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.