Ырыскыны ыр дүйнөдөн таптыңыз,/90 жашты тоготпостон бастыңыз!

Токсон жаштын тоосуна чыгып, ошону менен бирге кыргыз поэзиясынын кылда чокусун багындырган Баатыр атабыз Сүйүнбай Эралиевдин Кыдыр даарып, канаттуу поэзия түнөгөн үйүнө “Айкын саясат” гезитинин эмгек жамааты баш багып, юбилейи менен куттуктап кайттык. Акын атабыз менен ак дилден баарлашуубузду жалпы окурмандарга сунуштай отуруп, Сүкөбүзгө: кылымдын суусун ичип, кыргыз поэзиясынын төрүнүн көркүн чыгарып жүрө берүүсүн каалайбыз.

Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Сүйүнбай Эралиевге Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамдары, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, Кыргыз Республикасынын I жана III даражадагы “Манас” ордендери, СССРдин “Элдердин достугу”, I даражадагы “Ата Мекендик Согуш” ордендери, Фадеев атындагы Бүткүл Союздук адабий сыйлык жана башка түрдүү медалдар, Украина, Литва, Кара-Калпак өлкөлөрүнүн Ардак грамоталары ыйгарылган.

Журтубуздун калкагар акыны 90 жаш мааракесин күүлүү-күчтүү бойдон чыгармачылык эргүү менен тосууда.

– Агай, ырдын пири катары айтсаңыз, поэзия деген өзү эмне?
Поэзия, бул – адамдардын бийик эмоциясы, күч-кубаты, эргүүсү…Поэзия улуу нерсе, кымбат нерсе, адамдардын жүрөгүнө, жанына жакын нерсе. Жакшы поэзия табылса, улам-улам кайталап, ырахат алып уктайсың да. А күнүгө кайталанып жаткан баягы – эски эмес, жаңы ой, жаңы образдарды табуу керек. Адам издесе, баары табылат. Ошону издебей жатышпайбы. Сомдоп-түзөп эле жазып жатышпайбы. Же анын бирөөгө кереги болсочу.

А бизде азыр баягыдай күч-кубат жок. Жаш кезекте изденем деп жүрүп жазбай калып, нан жегенге акчасы жок жүргөн убактар болду. 2-3 жыл ушундай болду, бизде. “Жылдыздарга саякатты” жазам деп изденип жүргөнүмдө, дал ошондой кыйынчылыктарды баштан өткөргөнбүз.

Сөз учугун улап кете берсеңиз, дал ушул “Жылдыздарга саякат” поэмасын өзүңүз бүткүл чыгармачылыгыңыздагы мөмөсүн төгүп турган убагыңызда, ташыркап изденип жүрүп жазган чыгарма деп белгилейт экенсиз…
Ооба, “Жылдыздарга саякатты” жазган учурумда аябай жетилип турган кезим экен. Анда көп жаңы нерселер бар. Кыргыз поэзиясына дал ушул поэманы жазуу менен жаңылык киргизгенимди ошо мезгилде эле, 63-жылдары Чыңгыз Айтматов баса белгилеген. Жаңылык дагы оңой менен кабыл алынбайт экен. КП БКнын бюросунда талкууланып, бир топ төө басты кылышты. “Космосту жазгандан көрө чабандын итин жазбайсыңбы!- деп поэмага гана эмес, менин өзүмө да асылышты. Партиядан чыгаруу керек деп чыгышты. Ошондо Айтматов: “Китеп чыксын, эл окусун, эл айтсын. Азыр сындап жатасыңар, бирок кийин уят болуп каласыңар. Бул деген – адабияттагы жаңы жээктин ачылышы, жалпы түрк адабиятындагы жаңылык!” деп баса айтып, түшүндүргөн эле. Эмнеси болсо да, кыргыз адабиятында “Жылдыздарга саякат” поэмасы өз мезгилинен эртерээк жаралып калган.
Ушул поэма өз учурунда ал кездеги /СССРдин убагы/ эң жогорку сыйлык болгон Лениндик сыйлыкка да көргөзүлгөн деген сөз бар го…
Анысы чын. Москвадагы Лениндик сыйлыкты тапшыруу комитетине кол жазма жиберилген болучу. Бирок, ортодо бир күн кармалып калган. Балким, атайылаппы…аны Межелайтистер айтып жүрүштү, ал ошол Лениндик сыйлыктын комитетинде болучу. Эсимде, “Жаль, жаль что поздно посылали” деп кейиген.

А сиздер өз доорунун улуу акыны Межелайтис менен кабарлашып, катташып турдуңуздарбы?
Ооба, ал өзү Литвада жашачу. Москвага барганда дайыма кезигип, улуу поэзия тууралуу узун сабак кепке кирчүбүз. Улуу чыгармачыл инсандар Мустай Карим, Кугультинов, Расул Гамзатов өңдүү акындар Кыргызстанга, үйүбүзгө чейин келип, биз аларга барып катташып турдук. Алар дайыма айтышчу: “Республикаңыз качан сизге Эл Баатырлыгын берет? Биз алдык, а сизге эмнеге бербейт? Бизге келсеңиз, эбак эле бербейт белек” дешип тамашалашып калышчу. 2006-жылы, 85 жашымда алдым Баатырлыкты, мына быйыл беш жыл болду.

Сизди чыгаан акын катары гана эмес, мыкты котормочу да деп билет кыргыз журтчулугу. Котормодогу ийгилигиңизди кайсы чыгармада жараттым деп эсептейсиз?
– Котормодо жакшы иштедим. Буга чейин көп эле котордум. Дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларын которуп, болгон дилим, дараметимди жумшадым. Котормомдо Твардовскийдин “Василий Теркин” поэмасын өзгөчө белгилешет. Эки жолу басылды. Ал да жетпей калып, дал ушул азыр да сурагандар бар. “Тим эле кыпкыргызча жазып коюптурсуз” деп айтышат баары.

Кыргыз поэзиясынын чокусунда турган улуу акын катары азыркы кыргыз поэзиясына баа бериңизчи…
Азыр жаштар жазып жатат, улгайып бараткандары да иштеп жатышат. Кээ бирөөлөрүнүкү түзүк, жакшы, кубана турган көп изденүү менен жазышат. А кээ бири жөн эле токмоктоп эле “поэзия деген ушул” деп эле бере берет. Анысы поэзияга деле окшошпойт. Бирок анысына карабай эле чыгарып жатышат китептерин. Мактатып жатышат. Мурдагыдай поэзияга терең карап изденгендер жокко эсе. Мен ошого кейип кетем. “Атаңгөрү! Убактысын эмнеге бекер өткөрүшүп жүрүшөт булар” деп. …Поэзия талаасына чыгып кетесиң, тоо-ташын аралап. Анан ошоякта жүрүп жазасың, көп нерсени. Азыр андай жок. Карыялык курак келди.

Азыр китептери чыккандар атайын заказ берип мактатып жаздыртышат. Сиз сынчыларга кайрылып, айттыңыз беле “ушунумду бир мактап жазып кой” деп…
Жок, Кудай сактасын, антип айткан эмесмин, айтпайм да. Бирок, сынчылар ушул убакка чейин айтып калышат: Сүйүү тууралуу Ак Мөөрдөн өткөн китеп жок,- деп.

Ушул жерден акын агабыздын байбичеси Альбина эжеге суроо узатып калдык:
– Сүкөм сүйүү ырларын жазганда урушпайсызбы?
Жок…жок! /күлүп/. Менде андай мүнөз жок, урушпайм. Сүкөм өмүр бою кыргыз аялдарын ырдап келген да. Мен түшүнөм, ал бир кишиге жазылбасын, образдарды жалпылаштырып, типтештирип жалпыланган образды алат да. Мисалы, Жаңыл мырзаны Сүкөм көрүптүрбү, Ак Мөөрдү Сүкөм көрүптүрбү, көргөн эмес да. Бирок, жалпы кыргыз кыз-келиндеринин символу кылып алган аларды. Бирөөсү – баатырлыктын символу болсо, бирөөсү – сулуулуктун символу. Ушу кишинин поэзиясына, ырына маани берип окуйм. Ар бир ырында философиялык көз караш, философиялык ой жүгүртүү жатат.

Анан, жогоруда азыркы кыргыз поэзиясы тууралуу сурап калбадыңбы, ошол тууралуу да өз оюмду кошуп кетким келет. Агаңар “начар жазгандар элдин табитин, окурмандардын табитин бузат” деп кейийт. Азыр баары эле акын болуп кетти. Жаңы жаза баштагандарды кой, жакшы эле чоң акын болуп калгандары да поэзияга кенедей жаңылык киргизе албай, жалпы хордун арасында кете бергени өкүнүчтүү. Көбүнчө Чыгыш поэзиясындагы илгерки эң мыкты ойчулдардын поэзиясын алып эле, өзүнүн жаман тилине салып,айланта калып, кыргыз адабиятына өзүнүкү кылып киргизип атканы да бар. Чоң акын жазуучулар эле ушинтип, кыргыз поэзиясын байытмак турсун, кайра жардылантып жатканына кейийт. Булардын баары поэзияга элдин сүйүүсүн төмөндөтүп, ишеничин кетирип салат да. Сүкөм ушуга аябай капа болот.

Агай ушулардын баарын көрүп-билип туруп унчукпайбы?
Агаңар эч кимдин көңүлүн оорута албайт мүнөзү ушул.

Сүйүнбай Эралиев:
Билип турам, ошонун начар экенин. Бир жерин карайм да, бир-эки сабын окуйм да, “аа, кокуйкүн” деп таштап коем, жаңылык таппаган соң. Бирок, “Жөн эле койбойсуңбу, ушинтип жазбай” деп айта албайм…

Альбина Эралиева:
Андайлар кыргыз поэзиясына пайда эмес, тескерисинче, зыян келтирип жатат. Үйүнө чай уюштуруп чакырып, “мени мактагыла” деп ырлар жаздыргандар биздин тегерегибизде эле толтура.

Сүйүнбай ага, 90 жаш деген кандай болот экен? Кылымга тете жаштын кыйырын басып өттүңүз…
Карыялык. 90 жаш деген курак өзү оңой эмес экен. 90дун чайын ичип атабыз азыр. Ар кандай учурлар болуп калат. Кыйынчылыктары көп болот экен. Бат эле ооруп калам. Согуштун кесепети дайыма билинип турат. Үч жолу катуу жарадар болгом согушта. Ичиме да ок тийген ошолор ачылып кетет.

Ошол ок ичке тийип, бирок ичегиге тийбей өтүп кетиптир деп айтасыз го…
Мени операция жасаган орус докдур ошентип айткан. Ичимди карап атып эле: “Ой, сен аябай бактылуу экенсиң!. Ичегиңдин кичинекей эле жерин чырпып кетсе, эле өлмөксүң. Октун каякта экенин азыр таппай жатам. Өтүп кеткенинин изи турат, бирок каякта экенин билбейм, таппай койдум”,-деген. Анан, бир айдан кийин ириңдеп, аркаман чыкты, теримин астына жатып калыптыр. Кадимки беш атардын огу экен! Хирург өзү таң калып жүрөт.

Сиз дайыма эң кыйын мезгилиңизди – согуш мезгили деп белгилейсиз. А эң бактылуу учуруңуз деп кайсы учуруңузду айтасыз?
Ар бир чыгарма жазган сайын, чыгармаң көңүлүңө жагып турса: “Атаңгөрү! Ушуну кантип жазып жибердим экен?!” деп кубансаң, ошонун баары бакыт!

Кайра Альбина эжеге кайрылдым:
– Эже, агай намаз окуйбу?
Намазы жок. Адамдын Кудайы – анын өзүнүн көкүрөгүндө дейт. Намаз болобу, орозо болобу – өзү үчүн эмес, адамдарга көрүнүш үчүн жасаган нерселерди каалабайт. Кудайды өз ичинен, көкүрөгүнөн жакшы көрөт. Баарынын жакшысы, тазасы ушундай болот дейт. Бирөөнүн көзүнө илиниш үчүн жасаган нерселер жүрөктөн чыкпайт, өз ишенми менен жасалган нерсе анык таза деп ишенет.

Ушу тазалыкка да кайненем менен кайнатамдын зор таасири бар. Ал кишилерди көрбөй калдым, бирок, Сүкөмдүн мүнөзүнөн мен ушу кишилерди дайым көрүп турам. Апабыздын мүнөзү жумшак, өтө сыпаа киши болчу дейт. Элден уга электе эле ата-апабыздын образын түзүп алгам, алар ушундай киши болгон экен деп.

Ушу жылдын июлунда көрүнүктүү акын-жазуучулар “Эки Баатырдын көйгөйү” деп КР Президенти Р.Отунбаевага, КР ЖКнын төрагасы А.Келдибековго, КР премьер-министри А.Атамбаевге Кайрылуу жасашты. Анда Кыргыз Республикасынын Эл Баатырлары, Эл акындары , Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаттары, Улуу согуштун ардагерлери болгон Сүйүнбай агай менен Сооронбай Жусуев агайлар бир жыл мурун президенттен квартира жана унаа жактан жардам сурашканын, аларга ушул мезгилге чейин жооп боло электигин жана тандалган чыгармаларынын он томдугун жакынкы мезгилде чыгарууну өтүнүшкөнүн билебиз. Баатыр деген наамга тиешелүү каражатты да алалбай келишиптир. Ушул маселелер чечилдиби?
Азырынча чечиле элек…Күтүп жатабыз го.

Сүйүнбай ага, аңгемелешүүбүздүн аягында элиңизге айтаар жакшы сөздөрүңүз бар чыгаар…
Биздин элибиз – асыл эл, кыргыз өзү – кымбат эл, Ала-тоолук эл – атактуу эл. Бизден он эсе, жүз эсе көп элдер жок болуп кетти. А биз ушул убакка чейин келатабыз. Манастын урпактары – баатыр эл экенбиз, кымбат эл экенбиз. Албетте, азыр кыргыз эли кыйналып турат, айыл жактарда…шаарда деле жашоо турмуш жакшы өтпөй жатат. Кыйналып жатат, мүлдө кыргыз элибиз. Ошого менин жүрөгүм ооруйт, карыя катары. “Айланайын Кудай ай, ушундай болбосо болот эле го! -деп кейип-кейип кетем. -Жалгыз өзүң жалгай көр элибизди”,- деп жалынам. Болбосо, бийикке чыга турган эл элек го. Көп элдер бар го, азыр мактанып аткан, биз деле ошондой жашоо-турмушка жете турган элбиз. Ага да жетебиз. Куда кааласа, мына, жаштар өсүп келе жатат, жаңы бийиктиктер башталат. Өсүп-өнүгөөрүбүзгө үмүтүм зор.

Ыракмат, ага! Айтканыңыз келип, кыргыз элин Кыдыр колдосун. А сиздей Баатыр агалар өзүңүз үмүт эткен жаштарга үлгү болуп жүрө бериңиздер.

Маектешкен Нурбүбү БӨДӨШОВА

Рамис Рыскулов, Эл акыны
ЭРАЛИЕВ – ЭР-ААЛЫ!
Сүйүнбай Эралиевдин мен “Кыргызстан пионери” гезитинде иштеп жүргөндө Таластан ырлары келе баштады. Мурда эле ырларын окуп, угуп бир топ таң калып жүргөм. Андан кийин, Фрунзеден жолугуп калдык. Анын фронтовик экенин билем, эл-журт, өкмөткө иши жаккан кишинин бири деп Айтматов менен сүйлөшүп калгам. Мен Алматыдан сөздүк түзүп, академияда бир жыл иштеп, сөз тандап “Космос жөнүндө поэмамды” жазгам. А Сүкөмдүн даярдыгы бар да, “Жылдыздарга саякат” поэмасын жазды.

Айтматов айтты: Кимди колдойлу, кимди көтөрөлү?- деп. Мен айттым: Эралиевди! Орто-Азия боюнча мыкты акын, аксакал. Эралиев – Эр-Аалы деп чечилет… Ал чыныгы Эр. А мен Эр-Рамисмин. Эралиевдин бактысы бар экен. “Правда” гезитине чыкты.

Азыр деле Эралиев менен жолугуп, ыр окушуп турабыз, Сооронбай экөөсү менен. Жинди болуп жүргөн кезимде да, периште, жин-шайтаным түнкү саат үчтө Эралиевге барбасаң болбойт деп айдап келишчү. Келсем, ал эшигин ачып: “Ой, эмне болду?- деп сурайт. Мен:”Ушундай, сыр көрүндү, бүгүн Сүкөмө бар” деп айтты дейм…

Эралиевдин ырларын орусчага которуп жүрөм. “Бизсиз да толкуйт Ысык-Көл” деген ырын окуганда жинди болуп кеткем. Анан “Жүз жылдар мындан кийин да акындар ыр жазат…” дегени абдан жагат. Биздин акындардын ичинен аксакалы. Өмүрү дагы узун боло берсин. “Эралиев, Усубалиев, Жусуев, Кондучалова болуп легковойдо баратышат, трактирин тыртылдатып алардын артынан мен да баратам” деген ырым бар.

“Айкын саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.