Диний догмаларга каршыбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Келдибековго,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ө.Бабановго,

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Садыковго

Урматтуу кыргыз мамлекетинин даражалуу жетекчилери!

Сиздерге Кыргызстандын прогрессивдүү жарандары, интеллигенциянын өкүлдөрү кабатырлануу менен кайрылууда. Кыргыздын жакыр жашагандыгынан жана элдин толеранттуулугунан, бийликтен үмүт үзгөн кайдыгерлигинен кыянат пайдаланып ислам дининдеги секталар, чет мамлекеттен жашыруун каржыланган экстремисттик багыттагы диний уюмдар, партиялар кыргыздын аң-сезимин бузуп, анын каада-салтын, маданиятын, тарыхын, цивилизациясын талкалап, жокко чыгарып, өз агымдарынын бузуку-булганыч эрежелерин ачык эле  элге таңуулоого өтүштү. Буга тезинен мамлекеттик деңгээлде чара көрүү жана аны жоюу зарыл.

Кыргызстанда мамлекеттик кыргыз бийлиги кайда? Бийликте хаос жана толук саясий кризис болгону душмандарга майдай жагып кыргызды көзүнө илбей, каалагандай калчап, кичине баш көтөргөн кыргызды акчага сатып алып, кыргызды кыргызга карама-каршы коюп зомби ахывалына алып келди. Кыргыз мамлекети  чындыгында коркунучта калды.

Бизде Ливан, Иран, Пакистан, Египет, Аравия, Түркия жана АКШдан ислам окуу жайларынан окуп келген (түрдүү агымдагы) жана атайын бизге каршы даярдалган ислам кадрлары медреселерде, ислам окуу жайларында, мечиттерде таңуулоо жолу менен өз билгенин кылууда. Эл ислам дини, диндин чыгышы, анын тарыхы, анын агрессивдүү жаңы секталары боюнча  анча маалымдар эмес.

Куранга, пайгамбарларга каршы чыккан көптөгөн ислам секталары экстремисттик багытты көздөп, башка элдердин каада-салтын, тарыхын, ишенимин талкалап, атайын ошентип атышканын билишпейт. Ошондуктан, кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө коркунуч туудурган, кыргыз элинин салтына, маданиятына, өнүгүүсүнө, тарыхына каршы келген, аны жоготууга ачык умтулган ислам секталарынын үгүтүнө ишенүүдө. Көбү баш-оту менен кирип өзүн-өзү танууда. Тилекке каршы, динге чек коюучу мамлекеттик чиновниктердин көбү ислам секталары аркылуу эчак “вербовка” болуп, аны жашыруун бизнеске айландырып алганын эл билет.

Казакстанда өз жарандарын чет мамлекетте ислам дини боюнча окутушпайт, ага катуу тыюу салган. Кыргызстанда мындай көзөмөл саясаты жетекчилердин жетиксиздигинин кесепетинен жок. «Акча берем» деген жерге жалпактоо, алардын көзү менен айланып бутун өбүү менен алек. Кытайда ж.б. башка  өлкөлөрдө каалаганындай дин боюнча үгүт кылгандарды кармап, ошол замат соттойт.Бул жагынан алар өтө сак жана кесипкөйлүк деңгээлде иш жүргүзөт. «Орто Азиядагы мамлекеттик түзүлүштү жоёбуз, Орто Азияга халифат курабыз» деген каражолтой арам ойлууларга, фанаттарга жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктер өздөрү эмнеге жол берүүдө? «Кылмыш жана жаза кодексин» кылдат иштеп чыгып, аларды ооздуктоого эмнеге болбосун?

Миңдеген адамдар  «кыргызды кыйратабыз, бийлигин тартып алып, элин, жерин бөлүп алабыз» деп эл аралык экстремисттик-исламчылар атайын машыгуудан өткөрүп кол салууга даярданууда дешет. Маалымат каражаттары муну бир нече жолу билдирди. А кыргыз бийлиги дагы эле бийлик талашуу, мамлекеттин мүлкүн, жерин, кен байлыктарын талап-тоноо менен алек, кооптонуп аларга каршы эмне аракеттерди көрүп атканы белгисиз. Ушундай курч кырдаалда, опуртал учурда ойлонбой туруп Конституцияны бузуп, жогорку бийлик Ак үйгө (Өкмөт үйүнө) намазкана ачканына нааразыбыз жана каршыбыз. Ал намазкананы жабуу зарыл, ким ислам динин тутунса мечитке барып, же үйүнөн анын жол-жобосун тутунсун.

Өздөрүнүн айтымында чет өлкөдөн каржыланган жыйырмадай исламчыл коом, фонддор Өкмөттүн мектепте бирдей форма кийсин деген эреже-талабына атайын каршы чыгып, «кыргыз кыздары мектепке хиджап (аны бурмалап жоолук деп жатышат) кийип барсын» деп хиджап кийгендерден митинг уюштуруп, билим берүү министрин «кызматтан кетиребиз» деп коркутуп, катуу кысым көр­сөтүүдө. Бул эмне деген акмакчылык? Илгертеден эле кыргыз аялдары эч качан бетин жапкан эмес. Кыздарын сыйлап атасынын үйүндө төргө отургузган, «кыздын кырк чачы уулу» деп ызаттаган.

Жайкысын чачын кырк өрүп, кыргыз оюм-чийимдери саймаланган  кооз жеңил сайма топу, кышкысын суукта кыздар кундуз (көрпө, суусар ж.б.) тебетей кийишкен. Азыр VIII кылым эмес, XXI кылым, элдердин жашоо-турмушу, түшүнүгү, илим-техниканын жетишкендиктери өстү. Анан бир класста 25 бала болсо 25 түрдүү дин тутунса, алакаргадай болуп кыргыз кыздары чүмкөнүп кара кийип отурабы? Кыздары эрге тийбей туруп азадагы тул катындай кара кийинген улутка оомат келеби?

«Адам укугу бузулуп атат» деген курулай шылтоо менен аң-сезими жете элек кыргыз кыздарын четинен хиджап кийинүүгө азгырган, мажбурлаган исламисттерге, кыргыз салтын талкалоочу маңкурттарга биз каршыбыз. Кыргыздар мамлекеттин расмий Конститу-циясы менен жашайбызбы же VIII кылымдагы арабдардын ислам догмалары менен жашайбызбы?

Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Франция, Швейцария, Голландия, Бельгия  ж.б. өлкөлөр хиджап кийүүгө, мектеп жашындагы балдарга орозо кармоого, мечиттеги азан чакырууларга эбак тыюу  салган. Азыр экстремисттик багыттагы ислам секталары ачык эле неофашизмди жанталашып жандырууда жана мамлекеттен уруксат албаган жайнаган мечиттерди салышты. Эки жолку массалык түрдө кан төгүлгөн Ош трагедиясында мечиттерден табылган курал-жарактар, мечит ичинде акылдашылып түзүлгөн арамза  пландар, террорлор, элге каршы кылмыштарды ж.б. бат эле унутабызбы?

Өзбекстанда мектепке жана мамлекеттик кызматтарга хиджап, паранжычан (жоолукчан демиш этүүдө) барууга катуу тыюу салган. Быйыл Россияда түрк лицейлерин бүт жапты (анткени, булар медреселерде, окуу жайларында англисче, түркчө үйрөткөнү менен ислам секталарынын идеясын балдарга зомби катары терең үйрөтүп үгүттөгөндүктөн жергиликтүү элдин салтын, тарых, маданиятын ишеним тутунган ата-энесин киши ордуна көрбөй  аларды танып, өз элинин менталитетин, динин жокко чыгарып, Россиянын улуттук идеологиясына каршы даяр маңкурт фанат боло башташкан).

Муну кылдат түшүнгөн Россия түрк лицейлерин токтоосуз баарын жапты. Ошол багытта Кыргызстанда 20 жылдан бери иш алпарып аткан түрк лицейлери, жогорку окуу жайлары кыргызга жакшылык кылып атыптырбы? Бул түрк окуу жайларын Өзбекстан 1993-1995-жылдары эле өлкөсүнөн биротоло кууп чыгып, аларга тыюу салган. XXI кылымда Кыргыз жат идеологиядан тазаланышы керек. Кыргызстанда түрк лицейлерин, андан башка диний медресе, мечиттерин жабуу, санын 90% кыскартуу максатка ылайыктуу.

Ислам окуу жайларында (башталгыч, жогорку окуу жайын кошуп), түрк лицейлеринин окуу программасын КРнын Билим жана илим министрлиги катуу көзөмөлгө алып, текшериш керек. Аларда кыргыз тили, ада-бияты, тарыхы, географиясы, философиясы, кыргыз сүрөтү, архитектурасы, музыкасы, каада-салты, ж.б. окутулабы? Дегеле алар кыргыздын балдарына эмнени, кайсы идеологияны, идеяны окутуп атканын өзүбүз текшербесек ким текшерет?

Бизде салынган, окутуп аткан түрк лицейлеринин, ислам медресе, мечиттеринин, жогорку окуу жайларынын санын обу жок көбөйтүүнүн кажети жок! Аларды кескин кыскартуу зарыл. Андан көрө бардык диндин тарыхын бир сабак катары окуу программасына киргизүү керек да,  диний окуу жайларды жоюу зарыл. Бул коомчулуктун талабы.

Кыргыз эли кудайды байыртадан бери Теңир, Жараткан, Эгем, Кудай Таала деп атап, кудайды эч ортомчу диндерсиз эле көкүрөк-көөнүндө сактап сыйынып келген. Традициялык исламдын (кыргызды геноцид кылуу менен кирсе дагы) куран окуу, жаназа окуу, орозо кармоо, намаз окуу сыяктуу айрым жактарын чала чарпыт кабыл алып тынч жашап келген. XXI кылымда куранды кыргызча окуу керек. Анын маанисин кыргыз түшү­нүүсү зарыл. XXI кылымда Кыргызстандын дунган эли  куранды дунган тилинде окуп атышат.  Кыргыз дунгандардын өкүлүнчө жокпу? Деги эле Кудай Таала биринчиби же дин биринчиби? Орто кылымда диндер кудайды таанытуу үчүн ортомчу кызматты өтөгөн. Диндер өз кызматын өтөп бүттү. Диндин азыр зарылчылыгы деле жок. Кыргыз улуу эл болгону үчүн Теңирдин жол-жобосун оозеки жаратып эреже катары колдонгон, аны баталарында, макал-лакаптарында айткан. Оозеки конституция болгон 10 миңден ашык макал-лакап кыргыз элинин мыкты акыл-эсинен жаралып айтылып, кынтыксыз аткарылып келген.

Депутат Каныбек Осмона-лиевдин демилгеси менен «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам» долбоорунун кабыл алынышына каршыбыз!«Ислам баа-луулуктарын алышыбыз керек»деп эле кыргыз элинин салтындагы баалуулуктарды жок кылышыбыз керекпи? Элди мамлекет тарабынан мажбурлап исламдаштыруунун мындай зордукчул одоно формасын, арамза мыйзамын  Кыргыз Конс­титуциясына каршы саясий акт деп эсептейбиз.

Бул мыйзам долбоорундагы мамлекет каржылабаган жеке адамдын керт башынын эркиндигин, укугун чектеген, улуттук каада-салт­ты жокко чыгарган: жеке адамдын мааракелерине тыюу салып, абысындардын, бажалардын, туугандардын, кемпирлердин, кудалардын, жаш келиндердин, классташтардын даамдашып конок болуп үйүндө отуруусуна тыюу салууга, сөөк коюуда мал союуга, жыртыш жыртууга, кошок кошууга, өкүрүүгө, таяк таянып аза күтүүгө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Адам өлсө ит өлгөндөй көөмп салуу кыргыздын байыртадан келаткан салтында жок.

Элди эл кылып турган тилин,  улуттук ырым-жырымын, каада-салтын, кийимдерин жокко чыгарууга кыргыз мамлекетинин кыргыз депутаттарынын кантип дити барды? Эл кимди шайлаган? Исламисттер пара берсе эле арабдардын орто кылымдагы ырым-жырымын түгөл кабыл алып, кыргыздын тарыхый салт-санаасын, традициясын мыйзам менен жоюп салабызбы?  Андай болсо элдин ишенимине, тутунган жеке жашоосуна каршы чыккан, элине чыккынчылык кылган компотентсиз мындай парламенттин кимге кереги бар?

Эгер мындай антиэлдик, антиулуттук, антиконституциялык укук бузуулар парламентте улантыла берсе эл парламентти таратууга каршы кол топтоп жана аларга кылмыш ишин козгоо боюнча чараларды көрүүгө аракет баштааларын аргасыз эскертүүгө мажбурбуз. Кыргызга Петр Iдей, Ата Түрктөй реформатор , элди өзүнүн өзөгүнө кайрып алга сүй­рөгөн журт атасы керек. Араб болобуз деп динге киргендер кыргызча аты-жөнүн өзгөртүп арабча аттарды өздөрүнө коюуда. 16, 17, 18, 20дагы балдар атасы тирүү турса сербейтип сакал коюп, ак дамбал кийип көчөдө жүрсө бул эмне тамтык?!

Биз мектептерге хиджап кийип барууга, мамлекеттик мекемелерде намазкана ачууга, мектеп жашындагы балдарды орозо кармоого мажбурлоого, мечиттерде азан чакырууга, кыргыздын элдик каада-салттарына каршы чыккан ислам догмаларына каршыбыз жана аларга бийлик тарабынан тыюу салынышын талап кылабыз.

Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА,

Кален СЫДЫКОВА,

Тамара ЖАМАНБАЕВА,

Байтемир АСАНАЛИЕВ,

Бөкөнбай БОРКЕЕВ,

Гүлжамила ШАКИРОВА,

Абдымамбет САРИЕВ,

Абдрахман АЛЫМБАЕВ,

Койчуман МОМУНКУЛОВ,

Сонунбүбү КАДЫРОВА,

Таланталы БАКЧИЕВ,

ж.б. 160тан ашык интеллигенциянын өкүлдөрү кол коюшкан.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.