Жалил Садыковдун айкели тургузулду

15-октябрда Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун айкели Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейитинде тургузулду.

Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири, Эл акыны, Манас орденинин жана Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, маркум Жалил Садыковдун бейитиндеги айкел жезден тургузулду.

Анда ал күн батышты карап ыр жазчудай болуп, ойлуу, оң колуна топ кагаз кармап алыптыр.

Айкелдин астында акындын:
“Эгер чындап ыр жаратсам дилимен,
Мен өлбөймүн, өлсөм кайра тирилем.
Анткендиги менин атым аталат,
Жанга жаккан жакшы ырлардын биринен”,
-деген өзүнүн ыр саптары жазылган.

Бул иш-чарага вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов баштаган өкмөт мүчөлөрү, акын-жазуучулар, илимпоздор, жакындары, Жалил Садыковдун талантына таазим кылгандар келишти.

Айкел ачылардан мурда акындын арбагына куран окулду. Муфтий Чубак ажы Жалилов бата берип жатып, Жалил деген ысым арабча улуу дегенди түшүндүрөрүн, Садык деген кыргызча чындык деп которуларын айтып, тирүүчүлүктө акын татыктуу өмүр сүргөнүн белгиледи.

Жалил Садыковду эскергендер анын акындык өнөрүнөн сырткары жанда жок калыстыгын, адамгерчилигин, башкалардан айырмаланган токтоолугун, сабырдуулугун белгилешти.

Убагында улуу акындан таалим алган шакирти, акын Акбар Рыскулов устаты тууралуу буларды эскерди:
Жаке биздин арабыздан узаганына бир жыл болуп калды. Бирок ал азыр да биздин жаныбызда жүргөндөй эле туюлат. Ар таңда кыргыздын гимнин, же обондуу ырларын укканда Жакем менен кеңешип жаткандай болосуң. Ал улуу талант эле. Адамгерчилиги жогору болчу. Айрыкча анын калыстыгы өзгөчө эле. Башка касиеттерин айтпаганда да ушул баштан өткөн кыйын мезгилдерде түз жүргөндүгү, айкөлдүгү үчүн деле Кыргыз эл баатыры наамы ыйгарылып калса, абдан калыстык болоор эле деп ойлоп кетем.

Эл акыны өткөн жылы 21-октябрда 78 жаш курагында дүйнө салып, сөөгү 23-октябрда Улуттук опера жана балет театрынан чыгарылып, Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилген. Аза күтүү тажыясында мамлекет башындагы аткаминерлер “кыргыздын залкар драматургу, акын Жалил Садыковдун элесин унутпай китептерин чыгарып, спектаклдерин койдуруп, бир көчөгө ысымын беребиз” деген убадаларын беришкен эле.

“Алардын убадасы канчалык иш жүзүнө ашырылары арсар” дейт Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев:
– Мисалы, Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы шаардын бир көчөсүнө ушул күнгө чейин бериле элек. Эстелиги тургузулат деген, тургузула элек. Мунун артынан чуркагандары болуш керек экен. Кээ бирөөнүн чуркаса үнү угулат. Айрымдарыныкы угулбайт. Негизгиси Жалил Садыков деген улуу инсанды кыргыз эли бүт кадырлайт, сыйлайт, барктайт. Улуттун түбөлүктүүлүгү, элдин узак жашаганы анын руханий өнөрүндө болот экен. Эгерде руханий дүйнөбүз болбосо эл эл болуудан калат.

Жалил Садыковдун бейтитине тургузулган айкелдин автору айтылуу бедизчи, Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков экен.

Ж.Садыков алгачкы ыр жыйнагын “Убада” деген аталышта 1958-жылы басмадан чыгарган. Анын жүздөгөн ырларына обончулар обон чыгарып, азыркы күндө да ырчылар түгүл эл арасында ырдалып жүрөт. “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо”, “Жылкычы бозой” жана башка ырлары элдик ырга айланган.

Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” (1982), “Сейтек” (1987), “Айкөл Манас” (1990) үчилтиги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, “Эр Төштүк”, “Ак мөөр”, “Жукеев-Пудовкин”, “Терең кечүү”, “Шаршен”,  “Боз торгой”, “Адам жана азезил”, “Шабдан баатыр” ж. б. драмалары ар кыл театрларда коюлган.

Ал чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын “Рубаилерин”, Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченко, балкар акыны М.Кудаевдин жана Я.Шивазанын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдин тилине которулуп, драмалык чыгармалары чет өлкөнүн элет, шаарларындагы театр сахналарында коюлган.

Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алган.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 15.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.