Жарыкка айланган Жалил акын

(Кыргыз эл акыны Жалил Садыковду эскерип)

Уу ичкен Сократ өлүп баратканда: “Ар бир адамда Күн бар, анын жарык чачышына жолтоо болбогула” деп соңку керээз сөзүн айткан экен. Андан бери арадан туура жыйырма беш кылым өтүптүр. Туңгуюкка төнгөн канча заман доорлордон бери ошол сөздүн жарыгы өчпөй, куду кичинекей күнгө окшоп, адам баласына ажайып акыл жолун көргөзүп, жакшылыктын жибин үзбөй жалгаштырып келет. Байкасак, ар бир адамда чынында эле күн бар. Өзүндө ошондой күндү алып жүргөн адам дүйнөдө канча дейсиз? Доорлор түпкүрүнө көз таштасак, алар караңгыны жарык кылган шамдарга окшоп ачык көрүнөт. Алар кимдер десек адамдыгы жакшылыгы менен дүйнөнү жаркыраткан, асылдык нарктын чамгарагын көтөргөн, өнө боюнда руханий күчтү топтогон, муздакты жылыткан, ысыкты сууткан, катууну жумшарткан, жаманды жакшырткан, айбанды адам кылган, элдин элдигин сактаган, жердин өзүнө да жылуулук берген ич дүйнөсүндө адамдыктын күнү чачырап тийген аты улук, заты ыйык инсандар…

Ушундай заты ыйык адамдын бири кечээ дүйнөдөн көзү өткөн кыргыз эл акыны Жалил Садыков агабыз эле. Бул асыл адамды таанып билгениме азыр ойлосом, туура элүү беш жыл болуптур. Ошол жылдын жазы, орто мектепти аяктап жаткан убак али эсимде, апрель айы болсо керек. “Ала-Тоо” журналына жарыяланган жаз жөнүндөгү ырдын эки сабы куду ыйык эстеликтей эси-көөнүмдө ушул убакка чейин сакталуу…

Жаздын сырдуу, наздуу, жылуу жамгыры,
Жерге тамбай жүрөгүмө тамдыбы?” деген эки саптан ошондо ичтен дүрт эткен, бойду чымыраткан, ойду толкуткан бир сыйкыр күчтү туйган элем. Кийин байкасам, бул – жаз менен жаш сезимдин бир бүтүнгө жуурулушкан, чатырап толо айкашып кеткен айрыкча бир даңаза учуру экен… Жалил аганын акындык табиятындагы лиризмдин нукуралыгын, чагылгандай жарк эткен таасир күчүн ошондо сезгем. Ошондон ушул күнгө анын айныксыз күбөсү, акын жараткан жарык шоолалуу чыгармалардын күйөрмөны болуп келем…

“Өлөң-сөздүн падышасы, сөз сарасы, кыйыңдан кыйыштырар эр даанасы, тилге жеңил, жүрөккө жылуу тийип, тептегиз жумур келсин айланасы, бөтөн сөздөн булганса сөз арасы, ал акындын билимсиз бечарасы” деп атактуу Абай айткандай, Жалил аганын поэзиясында нукура элдик угум, ыргак, кыттай уюган уйкаштык, ойдун таа­сындыгы, обонго жакын куюлушуу, жайдары маанай, төгөрөгү төп келип төгүлүп кетмелик, эң башкысы – патриоттук жигерди баамдаткан, ичтен дүргүгөн күчтүү ли­ризм­дин мол болгондугун баса белгилөө жөндүү.

Көркөм сөздүн көсөмү атыккан залкар акындын башкаларга жакшылык жасоону атуулдук парызым, жарандык милдетим деп билген адамдык бейнеси, бүт чыгармачылыгы элге кызмат кылуунун нагыз үлгүсү болгон. Жалил аганын мага жасаган мамилесинен эле аны жакшы билчүмүн. Алтымыш бешинчи жыл болсо керек, бир жылча кызматташ болуп жүрдүк. Ошондо минтип айтканы эсте: “Бир жыл болду, “Фонарь” деген аңгемеңди окудум эле. Сөз байлыгыңды байкагам. Азыр гезиттерге жа­рыя­лангандарды да окуп жүрөм. Стилиң бузулуп бараткандай. Ушуну ойлонуштуруп көрчү” деген болчу камыккан кыязда.

Мен андан кийин деле журналистикадан алыстай албадым. Ошентип жүрүп өмүрдүн да көбү өтүп кеткендей болду. Ант­кен менен Жалил ага мага делген камкордугун уланта берди. “Ала-Тоо”, “Жаш Ленинчи” журналдарында, “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жооптуу кызматтарда жүргөндө аңгемелеримди басып чыгарды. Маданият министрлигинде башкы редактор кезинде бир актылуу пьесаларымды өткөрүүгө көмөк көрсөттү, колдон келген жакшылыгын жасап сүрө­мө­лөдү. Ушунусуна дайыма таң калам, өзүм ойлобогонду ойлоп кам көргөнүнө…

Акындын чыгармачылыгын баалаган, аны жакшы билген адамдардын бири да Жалил аганын адамдык асыл парасаты, ичи-сырты бирдей тазалыгы, кимге болбосун жакшылыктан бөлөктү ыраа көрбөгөн жапакечтиги, эч нерсеге сугулбаган сыпаа­лыгы, акты актай, караны карадай ажырата айткан, кара кылды как жара калыс баа берген айкөлдүгү, ашкере адамгерчилиги тууралуу агынан жарылып айтпай койбойт деген ойдомун. Анткени ал ошондой, өзү­нөн жарык чачыратып турган, анысын өзү да байкап, этибарга албаган, карапайымдыгынан аны жашоо-тирликтеги кадыресе эле нерсе катары көргөн, эч качан өзүн көтөрө чалып көргөзүү оюна да келбеген адам болгон. Анткен менен ал чыныгы патриот эле, бирок аны эч убакта билдирген эмес, баарын сыр алдырбай, эч үндөбөй жасаган. Атуулдук жигеринин опол тоодой таа­сир күчү ыр-поэмаларында, тарыхый драмаларында поэтикалык кайрыктар менен көркөм образдардан даана көрүнгөн.

“Манас” эпосун даңазалаган баатырдык драмаларында (“Манастын уулу Семетей”, “Сейтек”, “айкөл Манас”) патриоттук би­йик рухтун даңаза күчү көз алдыга тартылат. Ушундан улам Жалил агага эл тарабынан “Азыркы Манасчы” деген сыйлуу ат бекеринен берилбегендир деп да ойлоп кетем.

“Манас” кыргыз элинин руханий жаны, алдыга жол көрсөткөн шамчырагы. Андан да тереңирээк айтсак, руханий күнү. Жалил аганын эпикалык Манаска кайрылганынын жөнү да ошондон, дастандагы чулу-чулу жаткан баянды, баатырлардын Ата Мекенге арналган сүйүүсүн драмалык каар­мандардын образдары аркылуу элге жеткирүү, алардын патриоттук сезимин ойготуу жана тамыр жайдыруу болгон.

Ушул атуулдук парзды драматург агабыз эң сонун аткарган, айкөл Манас баш болгон аты-заты ыйык делген баба-жотолорубуз драмалык каарман катары кайра төрөлүп, даңазалуу өмүрүн жашай баштаганы чоң жеңиш, жакшы белги.

Мен Жалил аганын мага делген жакшы тилеги менен ишеничин анчейин актай албай калганыма өкүнөм. Ошондон улам да акын аганын жетимиш беш жылдык юбилейине арнап, жакшы адамдын жарыгы туу­ралуу ыр жаздым эле. Бирок, өз убагында шарты келбей калып, ал ырымды айтып бере алган эмесмин. Ошол ырдестени кеч да болсо азыр ардактуу агабыздын кыркы өтүп жатканга байланыштуу окурмандарга сунуштагым келет. Бул – жакшы адамдын жарыгы тууралуу ыр.

Карт тарыхтын күзгүсүнөн чагылган,
Канча заман дайра болуп агылган.
Ал күзгүдө адамдыктын жарыгы,
Өтмүш дүйнө көөдөнүнө жагылган.

Өтмүш дүйнө көөдөнүнө жагылган,
Ошол жарык жакшылыктан табылган.
Акыйкаттын жолун жарык кылууга,
Алоолонгон адамчылык жалындан.

Жарыгы жок дүйнө тунжур, караңгы,
Жарык ылгайт жакшы менен жаманды.
Көрбөй калчу көр тирликтен сактайгөр,
Көөдөнүнөн жарык чачкан адамды.

Көөдөнүнөн жарык чачкан адамды,
Көрбөгөндүн көкүрөгү караңгы.
Жарык тура керемети дүйнөнүн,
Жаркыраткан алтымыш миң ааламды.

Жарык нуруң жанып турса ичиңде,
Ал көрүнөт адамдыкта, ишиңде.
Эмгегиңдин элиң көрсө үзүрүн,
Эл алкышы – жарык болот жүзүңдө!

Таң атканын кандай жакшы көрөбүз,
Таң атты деп күнгө салам беребиз.
Жүрөгүнөн жарык чачкан адамды,
Күндөй көрүп даңазалап келебиз!

Бул дүйнөдө болот канча жаңыруу,
Закымданып замандардын агымы.
Адам уулун улуу тоого чыгарат,
Адамдагы жакшылыктын жарыгы!

Өтмүш дүйнө көөдөнүнөн чагылган,
Жарык болуп жакшылыкка жагылган.
Аалам кезет Чыңгыз, Жалил агалар,
Адамдыктын мухитиндей агылган!

Армандуу бул өтмүш дүйнөдө бел байлап каниет кылаар да, сыймыктанып кубаттанаар да нерсе – кыргыздын ушул эки улуу гуманист уулу – Чыңгыз менен Жалилдин бул жарыкчылыкка калтырганы, жалпыга күн кылып чачыраткан керээз-мурасы – адамдык жакшылыгынын жарыгы. Ал – маңгилик жарык.

Бекбай АЛЫКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз туусу”,
17.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.