“Тогузак чоң атам Алымбек датканын жан жигити болгон…”

Быйылкы-2011-жыл Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине байланыштуу болуп жаткандыгына байланыштуу бала кезимде атам Кемпирбайдын уккан тарыхый чындык окуялар эсиме түшүп, ал жөнүндө окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Азыр 80 жаштагы персоналдык пенсионермин, мектепке окууга барганга чейин эле биздин үй-бүлөдө атамдын биздин ата-бабаларыбыздын башынан өткөн тарыхы жөнүндө айткандары азыр эсимее түшөт.

Атам Кемпирбайдын чоң атасы Тогузак Сары Өзөн Чүйгө көчүп келгенге чейин Алай өрөөнүндө жашап, Адигине уруусуна таандык болгондыктан Тогузак чоң атабыз Курманжан датканын күйөөсү Адигине уруусунан чыккан Атактуу Асан уулу Алымбек Даткага бир жагынын жыкын тууганы экинчи жагынан ишенимдүү жан жөөкөрү жана жигити катары кызматта жүргөн экен. 1863 жылы Алымбек Датка өзүнүн кеңешчилери, ишенимдүү жан жөөкөрлөрү-жигиттери менен Сары өзөн Чүй өрөөнүнө чоң жыйынга, маанилүү макулдашууларды сүйлөшүүгө келгенде алардын арасында биздин чоң Атабыз Тогузак дагы болуп бирге жүргөндүгү тарыхта чындык.

Сары Өзөн Чүйдө болгон сүйлөшүүлөрдө кыргыздар мындан аркы бирдиктүү чоң мамлекет болуп, эч кимге көз каранды болбой кыргызы да, кыпчагы да, сарты да аралышып бийлеген Кокон хандыгына карама-каршы тура алган, күчтүү мамлекет болууга толук макулдашып, кайра айылына бара жатканда Ошто Алымбек Датка душмандары тараптан киши колдуу болуп өлтүрүлөт. Ал гана эмес Чүй өрөөнүнө Датка менен чогуу келген ишенимдүү кеңешчилери, жигиттери дагы куугунтукка алына баштайт. Аны байкап сезген чоң атабыз Тогузак тымызын Чүй өрөөнүнө көчүп кетүүнүн камын көрө баштайт күндөрдүн биринде үй бүлөөсүн алып (аялы, төрт баласы менен )”Кудайым жолубузду шыдыр, жолдошубузду Кыдыр кыла көр” деп жолго чыгат.

Сары өзөн Чүйгө жеткенде сурамжылап отуруп Курама болушту тез эле табат, себеби мурунку жылы эле Алымбек Датка менен чогуу келип, жыйындарга бирге чогуу катышып Кураманы көрүп, танышып калгандыгынын чоң пайдасы тийет.

Чүй өрөөнүнө көчүп келүүнүн дагы бир себеби, Алымбек Датканын мурдараак бир айткан кеби эсине түшөт: “Сары Өзөн Чүй абдан берекелүү, бышыкчылыктуу, жемиш бактуу, малдуу жандуу, дандуу, жашоого абдан ылайыктуу жер экен ” деп айткан сөздөрү ырас экенине өз көзү менен көрүп ынагандыгы болот (Бошкой уулу Курама, Даректүү китеп, 116-бет,авторлору К.Жумагулов,А.Исраилов,Ж.Турусбеков).
Алай өрөөнүнөн Тогузак чоң Атабыздын көчүп келгенин аныктаган дагы бир окуя ны айта кетпесем болбос: 1937-1938 жылдары болсо керек, бир күнү мени атам эрте ойготуп, “уйларды саап койдум, айдап барып бадага кошуп кел “деп жумшады. Мен ыргып туруп, жылаңайлак, көйнөкчөн бойдон уйларды айдап, алар топтолуп турчу жерге жөнөдүм. Барсам ал жердеги жалгыз турган үйдөн алысыраак жерде бир чонураак таштын үстүндө, аса-муса таягы бар, кичинекей -чыкыйган, сакал мурутчан ак сакал карыя киши отурган экен.

Адаттагыдай: “Ассалоом алейкум ” деп салам бердим. Ал киши башын көтөрүп саламымды кабыл алды да, “Ии и, сен кимдин баласы болосуң” деп сурап калды. Мен “Кемпирбайдын баласымын” деп жооп бердим.

Ошондо ал карыя шашпай ойлоно калып: “Баягы Алайдан көчүп келген Тогузактын Дүйшөсүнүн уулу Кемпирбайдын баласы турбайсыңбы !” деп үч атамды атап жибергенде “бул чал өзү канча жашка келди экен?” деген ойго чөмүлдүм.

Ошентип, Алайдан көчүп келген Тогузак менен Курама болуш тез аранын ичинде жылдыздары келишип, ынак достордон болуп кетишет.

Курама ага, болгондо да өзүнөн алыс эмес жерден Конуш -жер бөлүп берген экен.

Ошентип, Адигинеден чыккан Тогузактын жаңы жерде, жаңы жашоо турмушу башталат. Өзүнүн улуу баласы Дүйшөнү ошол эле айылдын тургуну Саяк уруусунан чыккан Шамыркан дегендин кызына үйлөнтөт. Алардын уулдары Сатыбалды, Кемпирбай (менин атам) дагы эки кыз төрөлөт. Мына ошол мезгилден бери Тогузак чоң атанын укум-тукумдары өсүп-өнүп, уланып, көбөйүп жалаң эле Курама айлында эмес Бишкек шаарында да жашап окуп, иштеп жатышат.

Дагы бир мен уккан окуя эсимде.

Кийинчерээк биздин чоң атабыз Дүйшө өзүнчө үйлүү- жайлуу, эки балалуу болгондон кийин Алайлык туугандары көбүнчө Алымбек Датканын, Курманжан чоң апасынын балдары оюна түшкөнбү, Алайга барып алар менен учурашып, жолугушуп, сүйлөшүп келүүнү чечет да жол тандап жөнөп калат.

Алайлык туугандары аны сыйлуу тосуп алышып Курманжан чоң апага учурашкандан кийин, ал киши өзүнчө конок үйүнө, Курманжандын кичүү баласы Камчыбектин кармагына толук өтөт. Ал “учурашып келүү мөөнөтү ” дээрлик бир жылдан ашкандан кийин гана чоң атабыз Дүйшө үй-бүлөсүнө –Курама айлына кайтып келген экен.

Ал гана эмес, мен өзүм дагы Курманжан Датканын чөбөрөлөрү менен жолугуп, таанышып, сүйлөшүп, иштешип да калган учурларым болгон.

Кыргызстанга белгилүү окумуштуу, Академик, геология илиминин доктору, профессор, коомдук ишмер Кыргыз Улуттук Академиясынын Президенти болгон, фронтовик Адышев Муса Мырзапаязовичти, анын бир тууган иниси, медицина кызматынын полковниги, коомдук ишмер Жолборс Мырзапаязович Мырзапаязовду ким билбейт.

1960-жылдардын орто чени болсо керек. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп жаткан убак эле.

Жолборс Мырзапаязович Польшадан аялы, бир баласы менен отпускага келип калат. Ошол убактан менин кошунам, Баба Клава деп атоочубыз, телевизору иштебей калган экен. Бир күнү Баба Клава биздикине келип: “Менин менин күйөө балам футболду жакшы көрөт экен, менин телевизорум иштебейт, силердикине келип көрүүгө уруксатпы?” деп суранды.

Мен сүйүнүп кеттим, себеби футбол көпчүлүгү түнкү саат 3-4 тө араң аяктап бүтүүчү, мен футболду жалгыз көрчүмүн. Андан кийин чемпионат бүткөнчө футболду Жолборс менен чогуу көрүп жүрдүк, сүйлөшүп, сурашып, таанышкандан кийин тууган да болуп чыктык, кийин такай байланышта болуп жүрдүк. Жолборс экөөбүздүн жашыбыз да тең болгону эсимде.

Мына ошентип, кыргыздын “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” деген учкул макалы жашоо турмуштан алынып кылымдарды карытып келе жатканына толук ынандым.

Тургумбек Кемпирбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.