Гулсина Чотонова:”Кино тарттым… Геннадий Садыровичке айткандан коркуп атам”

Кара тору, пекене бойлуу, тартынчаак, аруу мүнөзү бар Гулсина Чотонованы кыргыз эли Геннадий Базаровдун “Кара кыз”, “Метамарфоза”, “Тыянак” тасмалары аркылуу таанып, актриса катары кабыл алабыз. Режиссер көрөбилгичтиги менен таланттуу актерлордун катарына Гулсина Чотонова аттуу ысымды кошту. Ошол ысым бүгүн бизде мейманда.

“Кара кыз”
– Мен Искусство институтунун режиссерлук факультетинин, актер жана кино бөлүмүн бүтүргөм. Окууну бүткөндөн кийин Кыргыз драм театрында жарым жылдай иштедим. Актриса болуп. Чоң ролдорду аткарган жокмун, массовкаларга эле катышып жүрдүм. Ал кезде Союз жаңыдан ыдырап, кино тармагы да аксай түшкөн. Геннадий Садыровичтин “Анамалиясы” менен Эркин Борбиевдин “Тобокел” тасмасы тартылып, уу-дуу болуп, “жаңы кино тартылыптыр” деп барганыбыз эсимде.

А өзүм киного кокусунан түштүм десем болот. Телевидениеде режиссер раматылык Жылдыз Токтосунова эженин ассистенти болуп иштеп жүргөн жеримен Геннадий Садырович сунуш киргизди. “Киного тартыласыңбы?” десе, “ооба” дептирмин дароо. “Чачыңды кырышың керек. Эртен кырдырып кел” деген эле. Үйгө барып алып элестеттим. Эртең барсам, коридордо толтура чачы кырылган кыздар кастингге келишсе, анан мен өтпөй калсам, чачым ошол боюнча калып калабы(?) -дедим да, эчтеке кылбай эле бардым. Геннадий Садырович абдан талапчыл адам экен. Мени көрүп эле, “эмне айтканды аткарган жоксуң?” деп ачуусу келип, ассистентине кошуп чач-тарачка жөнөттү. Барсак, чачтарач кыз “ооруп атасызбы же биттеп кеттиңизби” деп таң калды. Ошентип, “Кара кыз” тасмасында Кара кыздын ролун ойноп калдым.

Ага чейин кино жаатында тажрыйбам жок болгондуктан, абдан ыңгайсыз болуп жүрдүм. Айтурган Темирова, Марат Алышпаев, Назира Мамбетова аттуу дөө-шаа актерлор ойноп атышса, тартынчаак жаным алардын алдында “режиссердон сөз угуп калбасам экен” деп корктум. Бирок, бат эле ымалашып кеттик. Айтурган эже анекдотторду айтып күлдүрөт. Өзү тартылган кинолордун сьемка учурундагы баштан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берет.

А Назира эженин “сенин көзүң “живой” экен, ошондуктан баарын көзүң менен бергенге аракет кыл” деген кеңеши мага тирөөч болуп берген.

шентип, биз турмуштун оош-кыйышын, коомдун абалын бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу көрөрмандарга тартууладык. Эл тасманы жакшы кабылдады. Элүү мамлекет катышкан Дүйнөлүк бешинчи кинофорумдан гран-прини жеңди. Кинофорум Ялтада өткөн. Сыйлыкты чыгарманын автору (ред: тасма “Кара кыз” драмасынын негизинде тартылган) Жеңишкүл Өзүбекова эже барып, алып келди. Мен ал кезде айылда болчумун. Шаарга чакыртышып, пресс-конференция, теле-радио, гезиттерге интервью бермей башталды. Ошол күндөн баштап мени элдер “Кара кыз” деп таанып калышты.

Оорулуу, тил-ооздон калган кызды аткарганыма уялбастан, искусствону жаратуунун өзү бийик болгон үчүн көңүлүм топук эле болду. Бирок, кинонун бет-ачарын айылдан келип көргөн апам “зээнди кейитип, же бир жеринен сүйлөбөйт экенсиң” деп ыза болгону бар.

Телевидениеде бирге иштешкен кесиптеш байке дагы “Гулсина, эми “Кара кыздан” кийин эптеп бир киного тартылып кой, болбосо элдер сени чын эле “келесоо экен” деп ойлоп калышпасын” десе, ойлонуп атпайынбы.

“Метамарфоза”
Экинчи жолу дагы Геннадий Базаровдун “Метамарфоза” тасмасына тартылдым. Эртең мененки саат 8-00дө Опера-балет театрынын имаратына кирип кетебиз дагы, кечки саат 9-00дө чыгабыз. Эч ким көрбөйт. Геннадий Садыровичтин сьемкаларынын өзгөчөлүгү-актер ал күнү тартылса дагы, тартылбаса дагы, ошол ролдон чыгып кетпеш үчүн, ошол атмосфераны жоготпош үчүн жүрө берет. “Эмнеге бүгүн мени тарткан жоксуңар?” деген суроо болушу да мүмкүн эмес.

Анда мен бай аялдын образын жараткам. Тасманын философиялык мааниси терең. Мазмуну- кооз жашоо менен карапайым жашоонун ортосундагы алпурушуу. Автор мында да коомдун абалын чагылдырган.

“Тыянак”
Андан бир жыл өткөн соң, кайра эле Геннадий Садыровичтин “Тыянак” (ред: “Исход”) тасмасына тартылдым. Жанры- жогорудагы эки тасмадай эле психологиялык драма.

“Тыянакта” жөнөкөй жашоо. Ата-энеси каза болуп калган эки бир тууган кыз. Мен эжесинин ролун аткарам. Ал кыз “мен жогорку жайда окубай калсам да, сиңдимди окутам” деп жакшы жашоого умтулуп, алыскы Россияга иштегени кетет. Бир күнү кызга кабар беришет. Сиңдисин айылдын көпкөн кишиси зордуктап койгону, кыз ызасына чыдабай асынып өлүп калганы боюнча. Эжеси Россиядан келип, ал кишини мууздап өлтүрүп, өчүн алат. Бирок, көп өтпөй ал кишинин адамдары кызды өлтүрүп кетишет. Тасманы көргөндөн кийин, “жашоонун өзү домино принцибинде, чындык деп чыркыраган менен баары бир чындык алдуулар тарапта” деген ойду калтырат. Бирок, бул менин оюм. А негизи тасма автордук болгондуктан, анын жеке оюу берилген.

“Темир жол-менин өмүрүм”
“Темир жол-менин өмүрүм” деп аталган социалдык роликке дагы түштүм. Ошондогу сүрөтүмдүн бири азыр Темир жол бекетинин имаратынын сыртында илинип турат. Ролик- 1941-1945 жылга чейинки жылдары согушка кетишкен мырзаларга тамак-аш, буюм-тайымдарды паровозго жүктөп, Пишпек станциясынан Москванын станциясына чейин жеткирген Социалдык эмгектин баатыры наамын алган аялдын өмүр-таржымалы жөнүндө. Ал аял поездге жалгыз өзү көмүр салып жеткирген убактары болуптур. Роликти Лена Луценко аттуу журналист айым тарткан.

“Бактылуу болгум келет”
Андан кийин башка режиссерлордон сунуштар болду. Бирок, коммерциялык тасмаларга такыр эле жолобой коюну чечтим.

Өзүм болсо жакында эле досторумдун демилгеси менен “Бактылуу болгум келет” деген аталыштагы тасма тарттым. Сценарийдин өзөгүн Үсөн Сарыбаев агайдын “Сулуулар да бактылуу болгулары келет” деген аңгемеден алып, жолдошум Акылбек Табышев аны толугу менен кайрадан заманбапташтырып жазып чыкты. Агайдын аңгемеси Советтик доорго ылайыкташылып жазылгандыктан, биздин заманга ылайыктап жазууга туура келди. Тасма жогорку профессионалдуулук менен тартылды (!) дегенден алысмын. Ошондуктанбы, Аны Геннадий Садыровичке көрсөтмөк турсун, айткандан коркуп атам.

Ал тасма аркылуу мен замандаштарыбыздын жакшы жашоосун көрсөткүм келди.

Эльмира Мадиева, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.