Асыл Набиева, КРнын Эл артисти: “Көкүрөгү бош адам сахнада ойной албайт”

Күчтүү аял
– Бардык жакты бирдей алып жүрсөң гана үй -бүлө күтө аласың. Жолдошуң сага күйсө, балдарың түшүнүп турса үй -бүлөң кармалып турат. Маселен, жолдошум азыр мугалим, акылга терең адам экен деп койдум. Чатак кыялыма чыдаган жолдошума ыраазымын. Буга чейин Мамлекеттик телерадиодо режиссер болуп иштедим. Төрөгөндөн кийин, алыскы тоолуу райондордогу маданият очоктору жогорку билимдүү адисттер менен тейленсин деген ЦК КПССтин токтому болгон. Бул токтомго мен төп келип, унчукпастан чемоданымды көтөрүп кеткем. 14-15-жыл Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында иштеп келдим. Нарын театрында жүргөндө түн ичинде келип иш кылам, таң атканда театрга барып, политинформация деп койчу, бүт СССРдеги маалыматты айтып берип турчумун. Бир ирет үйдөн шашып чыгып кетип баратсам жолдошум артыман чуркап чыгып: “Асыл мен кайсы көйнөгүмдү кийем?” деп калды. Шкафта турат алып кий деп кетип калып жолдон эмнеге сурады экен деп ойлонсом 23-февраль экен. Өзүмдүн үй- бүлөмө көңүл бурбай, коомдук иштерди аткарып иштеп көнгөм. Ошол кезде кандай чуркап жүрсөм, азыр да ошентип чуркап жүрөм. Үй бүлөм мени түшүнүп, мен үй бүлөмдү түшүнүп жашаганыма өзүмдү күчтүү эне, күчтүү аял, инсан катары сезем. Буга чейин минтип айтып мактанчу эмесмин, көрсө убакыт келгени өзү айттырат экен.

Көшөгө артындагы турмуш
– Илгери биз өкмөт менен партиянын чыгарган указ, приказдарын элге спектакль аркылуу жеткирчүбүз. Өкмөттүн идеологиясын тирүү адам аркылуу таратканбыз. Спектакль коюлган жатат “төрөгөнгө болбойт, эмки жылга жылдыргыла” деп айтчу. Быйыл спектаклди ойнойсуңар, эмки жылы төрөй бергиле дечү. Ооруганга, төрөгөнгө убактың жок болчу. Ушундай турмушту да өткөнбүз. Бул көшөгө артында айтылбай калган турмуш. Буудай жыйнаган жерлерге автобус менен барып, алдына көшөгө тартып ойноп берчүбүз. Сөзүңдү туура эмес айтып алсаң, ошол күнкү чогулушка түшчүсүң. Искусствонун жыйырма жылдан берки азабы карытты. Ошон үчүн биз буралган пружинадай болуп калганбыз. Кийинки жыйырма жыл ал пружинаны ого бетер бурады. Айрымдар турмуштун запкысын жеп, канчалар бул дүйнө менен кош айтышты. Биз эч нерсеге даяр эмес эле талп этип отуруп калдык. Анда Кутманалиев деген агай бар эле, “ой сары кыз эмне болду” дейт. Эч нерсе деп эле отуруп калсам, “эч нерсе эмес балам, бул мамлекет да бутуна туруп кетээр, ошондо экөөбүздүн айлыгыбыз көбөйүп, биз да чардайбыз. Капа болбо буга” -деген эле. Ошол кезде 1993-жылы айлыгым 360 сом болчу. Кийин Эл артисти наамын алып жаткан учурда да агай “талаага кылсаң эмгекти Кудай өзү жеткизет” дегени эсимде.

Спектаклдеги ролдор
– Бир катар спектаклдерде ойнодум. Достоевскийдин “Преступление и наказаниесинде” Катерина Ивановнаны жараттым. Кинодо муну Мая Булгакова ойногон, БГТда СССРдин Эл артисти Алиса Френдлих ойногон. Ал эми Орто Азия боюнча мен ойногом. Бул ролду ойноп калганымдын тарыхы төмөндөгүчө. 1983-жылы театрдан Жыргалаң курортуна жолдомо беришти. Кетип баратканда Алмаз Сарлыков токтотуп , блокнотуңузду бериңизчи деп калды. Берсем ичине “Апче, Достоевскийдин “Преступление и наказание” деген чыгармасын окуп келиңиз” деп жазып коюптур. Эми ошол курортко да жөн барып эс албайсың да. Курорттон ал чыгарманы окуп келдим. 1984-жылы “Преступление и наказаниени” койдук. Андан кийин Москванын кичи залына барып ойнодук. Жамгыр нөшөрлөп төгүп аткан, киши келбейт го деп ойлогон элек. Спектакль бүттү поклонго чыксак эл жыкжыйма экен. Эл жакшы кабыл алышкан эле. Канча театроведдерге биз ойногон спектаклдерге анатация жазгыла, түбөлүк устун болуп турбайбыз бул дүйнөдө деп айтып келем. Жазуучуларга төлөбөсө алар да жазбайт экен, эмне деген өмүрлөр агып кетип жатат. Дагы бир ролду айтайын, анда биздин театр Токмокто маданият үйүндө турганда Учур театры менен биргеликте “Каган Баласагынды” койдук. Спектаклди Буранада сыртка эле койдук. Анда баласы 17 жыл жер кезип кеткен эненин образын ойнодум. Тарых көтөргөн адамдарды элге жеткирүү кыйын болот экен. Чыгармада 17 жыл жер кезип кеткен баласы келе жатат деген сүйүнчүнү угуп колуна чөйчөк көтөрүп боз үйдөн чыгып келе жаткан сүрөтүмдү азыр бардык ММКлар колдонуп жүрүшөт.

Кесип
– Кесип адамды өзгөртөт дегенге кошула албайм, көп роль ойноо турмуштагы ар кандай кырдаалдан чыкканга жардам берет, бышырат. Акча менен иштеген адамдар бузулса керек, чыгармачылыктагы адамдар андай болбойт. Ролдорду ойноп жүрүп, образдар калыптанып калганда кээ бир адамдарга теңелбейин деп басып кетесиң, анткени сенде чоң тажрыйба бар. Мисалы, жакындагы эле бир инцидент болду. Ал эки адамга мен теңелбей гана койдум, өздөрү сезсин деп. Калыптанган, сыр сандыкка салынган адамдайсың. Чыгармачыл адамдардын башы дайым иштеп, көкүрөгү дайым толуп турат. Көкүрөгү бош адам сахнада ойноп бере албайт. Актерлор бардык нерсеге туруштук бере алган, тажрыйбалуу чоң инсандар.

Агайымдын айтканы
– Мектепте окуп жүргөн кезде чачым узун эле. Класста балдар көп болгондуктан узун чачымды байлап салып, тытышып урушуп эле жүрчүбүз. 5-классымда география сабагынан берген Турусбек деген агай бар эле. Ал кезде панама кийчүмүн. Ал шапкемди жакшы көрөр эле, ошону башына кийип алып эле “балдар” деп картаны көрсөтүп, “силер мына ушул тынч океансыңар” десе, эмнеге дечүмүн. Тынч океандагы кайыктай болгон бир чекитти көрсөтүп, “турмуш силерди толкун менен өйдө чыгарат, анда силер ии төбөбүз көккө жетти деп көөп кетпей, толкун кайра ылдый сүйрөгөндө чөгүп кетпей, турмуштун өйдө ылдыйына чыдаган адамдар болгула” дечү. Ошол агайымдын айткандарын азыркыга чейин төп келген жерде мисал келтирем.

Азыркы кинолордогу образ
– Азыр кинолорго түшкөндө укмуш акча алышат дейт. Кээ бир кинолорго гонорар албай эле тартылып жүрөм. Бир топ кыска метраждуу тасмаларга тартылдым, “Айыл өкмөтүндө” бөкчөңдөгөн кемпирди, “Уурунун махабатында” шамандын образын жараттым. Бул тасмаларга Эрнест Абдыжапоровго 4-5 кишини сунушташкан экен. Бирок, мен сизди тандап турдум. Анткени, сиз калп айтпайсыз деди. Мейли деп ыраазы болуп ойноп бердим. “Уурунун махабатында” шам менен отурабыз, даярданып репитиция кылып коелу десек караманча өзүмө келе албай, кара күч тартып туруп алды. Бирок, кийин боз үйдүн ичине киргенде оңой эле ойноп койдум. Кийимди өздөрү алып келишти. Боз үйдүн ичинде ызгаар суукта отурам, алдыма кичине от жагып коюшкан. Тиш тишке тийбей калтырап отуруп ойногом.

Көз караш
– Азыр элдин акыл-сезими күчтүү болуп, акылга толуп турган кези. Бир жагынан турмуштун запкысын жөнөкөй адамдар жеп атат. Биз эл аралап оюн коюп барып калган айрым жерлерде суу түтүктөрү жок, ушул тапта да эшек араба менен суу ташыган жерлер бар. Эл кандай болсо ошондой ажону шайлап алат. Мен эч кимисине эч нерсе деп айткым келбейт… Ат салышам деген адамдардын арасында Кыргызстанды иш жагынан, дегеле бардык жагынан алганда Атамбаев төп келип турат. Булар бир тыйын чөнтөктө калбай калган кезде келишип, баштарын сайып иштешти. Биздин мамлекетте маданият тармагы артта калып калган. Атамбаев келгени маданият кызматкерлеринин, мугалимдердин, дарыгерлердин, пенсионерлердин маянасы жогорулады. Биз бул кишиге ыраазыбыз. Бул киши баардык жакты билет, араба түрткөн адамдан тарта министрлерге чейин түшүнөт. Андыктан акчага алданбай татыктуу адамды шайлап алалы.

Барчын Аскарова, “Асман пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.