Байыркы кыргыз жазмасын сактоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев байыркы кыргыз жазмасын сактоо жана өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. “Байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө” мыйзам долбоору манасчы Т.Бакчиев жана “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияздын катышуусу менен иштелип чыккан.

Мында демилгечилер байыркы кыргыз жазмасы катары жаңы доордун алдында пайда болуп, VI кылымда эле Түштүк Сибирь жана Борбордук Азияда кеңири тараган жана Кыргыз каганатынын жана кыргыздардын байыркы жана орто кылымдагы башка мамлекеттик түзүлүштөрүнүн байыркы жазмаларын белгилейт. Ушуга байланыштуу буга чейин колдонулуп келген “орхон-энесай рун жазмасы” аталышынын ордуна “байыркы кыргыз жазмасы” деген аталышты киргизүү каралган. Мындан тышкары байыркы кыргыз жазмасы кыргыз элинин тарыхый, маданий жана руханий мурасы деп таанылышы жана кыргыз элинин биринчи жазмасынын макамына ээ болушу керектиги белгиленет.

“Байыркы кыргыз жазмасы жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жалпы билим берүүчү мекемелерде байыркы кыргыз жазмасынын тарыхын, ал эми жогорку окуу жайларынын тарых-филология факультеттеринде жазманын алфавитин окутуп үйрөтүү жана илимий жактан изилдөөгө колдоо көрсөтүү каралган. Ошондой эле байыркы кыргыз жазмасын жайылтуу, коргоо, окутуп үйрөтүү жаатында кеңири эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу сунушталууда.

Мээрим Ибраева, «Кабар» МА, 24.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.