Наргиза Маматкулова, кинорежиссер: “Режиссердун милдети чайнап берүү эмес”

Кино чөйрөсүндө жаш кинорежиссерлор күн санап көбөйүүдө. Алардын көч башында келе жаткан, өзгөчө кыска метраждуу тасмаларды катыра тартып, дүбүртү алыстан угулган Наргиза Маматкулова өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Анткени анын Кыргызстандагы эле эмес чет өлкөлөрдөгү жетишкен ийгиликтери жогоруда айтылгандарга жооп.

“Балким Артык агай сабак бербегенде режиссер болбой калмакмын”
Кинорежиссер болуп калуу-ңузга эмне себеп болду?
Кинорежиссер болом деп бала чагымда эч ойлогон эмесмин. Башаты айылдан башталса керек. Айылдагы үйүбүздө ак-кара “Весна-318” деген сыналгы бар болчу. Ошол сыналгыдан көзүмдү алчу эмесмин. Ал учурда тактап айтканда, 90-жылдардын аягында азыркыдай сериалдарды, Голливуддун тасмаларын берчү эмес. Көбүнчө кыргыздын классикалык, СССРдин мыкты делген фильмдерин түшүнсөм-түшүнбөсөм да көрө берчүмүн. Ошол тасмалар менин режиссер болуп калышыма таасир этти го деп ойлойм.

Кийин мектепти аяктап шаарга келгенде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнө тапшырдым. Ушул бөлүмдүн аталышындагы “радио, телевидение жана кино” деген үч сөз абдан сыйкырдуу, жүрөгүмө жакын сезилди.

Менин кино дүйнөсүнө аралашуумдун эң башкы себеби, Артык Сүйүндүковдун бизге сабак берип калышы болду. Балким Артык агай сабак бербегенде режиссер болбой калмакмын. Ошондой эле 2007-жылы “Манас” университети жана Кинематографияны өнүк-түрүү фонду биргелешип 9 айлык режиссерлук курс ачышты. Ушул курс менин жашоомдо эбегейсиз зор роль ойноду. Артык агайдын жана ошол курстун жардамы менен кино дүйнөсүнө кадам таштап, чоң ийгиликтерге жетишүүмө жол ачылды.

Окуучулук күндөрү-ңүздө кайсы сабакты сүйүп окучу элеңиз?
Мектепте окуп жүргөндө кыргыз адабияты сабагын берилип окудум. Бурул деген эже берчү. Азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Өзүнүн кесибин чын дилинен сүйүп, окуучуларга терең билим берген мугалим болчу. Ал сабак өтүп жатканда класста чымындын учканы угулуп турчу. Ошол сабактын да таасири зор болду.

Эң алгачкы эмгегиңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
Эң алгачкы эмгегим студенттик күндөрдө жаралды. 3-курста окуп жатканда курстук иш катары “Жашагым келет” деген кыска метраждуу тасманы группалашым Нурзада Сыдыкбекова экөөбүз биргелешип тартканбыз.

“Мага сырткы эмес ички дүйнө маанилүү”
Эмне себептен телевидениени же радиону эмес кинону тандап алдыңыз?
Университетте окуп жүргөндө 3-курска чейин өзүмдү кинорежиссер катары элестете алчу эмесмин. Анткени техникалык жакка басым жасап, монтаж жасоого дилгир элем. Режиссерлук мен үчүн катаал, бир канча адамдык сапаттарды талап кылган кесип катары сезилчү. Бара-бара идеялар артынан идеялар жаралып, өзүмдүн жандүйнөмдө жаралган ойлорду экранга чагылдырып кино тарта баштадым. Тасмаларымдын сценарийин өзүм жазам.

Кино жаратууда өзгөчө эмнеге басым жасайсыз?
Мен көбүнчө сырткы кубулуштарга эмес, ошол каармандын ички дүйнөсүнө көбүрөөк акцент берем. Каарман кандай адам, эмне менен жашайт, ушуларды чагылдырганга аракеттенем.

Актерлерду кандай критерийлер менен тандайсыз?
Актерлор дароо эле тартыла калышпайт. Биринчи фото сыноодон, экинчи видео сыноодон өткөрүлөт. Кино тартуучу топ өз пикирлери менен бөлүшөт. Добушка салабыз, бардыгы макул болгондон кийин гана чечим кабыл алабыз.

Учурда кайсы долбоордун үстүндө иштеп жатасыз?
Он мүнөттүк кыска метраждуу тасманын үстүндө иштеп жатам. Тасма “Зефир” деп аталат. Долбоор “Манас” университети менен “Оймо” студиясынын орток иши болуп саналат. Бул “Кыргызстан, мен сени сүйөм” деген чоң долбоордун алкагында даярдалып жатат. Фильмдин өзөгүн адамдын жеке жалгыздыгы жана бакыт деген түшүнүктөр түзөт.

“Манасты” тартууга каршымын”
Тарткан кинолоруңузду катардагы жөнөкөй көрүүчүлөр түшүнбөй калат деп чочулабайсызбы?
Мындай учурлар көп эле болот. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү эле түшүнбөй калышат. Менин устаттарым айткандай, көрүүчүлөр Голливуддун жеңил-желпи тасмаларын көрүп жатып жалкоо болуп калышкан. Фильм тууралуу өз алдынча ой жүгүртүшпөйт. Бир аз эле түшүнбөй калышса түшүнүксүз кино экен деп четке чыгышат. Режиссердун милдети тасма аркылуу бардыгын майда-баратына чейин түшүндүрүп, чайнап берүү эмес. Ал ой-толгоосун сүрөтчү катары экранга түшүрөт.

Жараткан эмгегиңиз алгач кимдин сынына коюлат?
Эң биринчи устатым Артык Сүйүндүковго кайрылам. Ал эми сценарий жазууда Талип Ибраимовго кайрылып, алардын кеңештерин дайыма эске алып турам. Мындан тышкары, менин тасмамды көргөн ар бир көрүүчүнү сынчым деп эсептейм.

“Манас” эпосун тасмага тартуу идеясына кандай карайсыз?
Мен “Манас” эпосун тасмага түшүрүүгө каршымын. Анткени жакын арада экрандаштырууга дараметибиз жетпейт. Биринчиден, деги эле “Манасты” киного айлантуу керек экендигин терең ойлонуп чечиш керек. Улуу эпосту ар бир адам жекече кабыл алат. Мисалы, мен билген “Манас” өзүмө гана таандык. Чоң экранга чыгаруу чоң жоопкерчилик. Азыр материалдык жактан күчүбүз жетпейт. Тартканга эң жогорку чеберчиликтеги кинорежиссерлор, актерлор талап кылынат. Голливудду алып келип тарттырган күндө да залкар эпостун аброюна шек келтирип алабызбы деп корком.

Маектешкен Уланбек ЭГИЗБАЕВ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти,
“Агым”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.