Уркуя Салиеванын көргөзмөсү ачылды

26-октябрда Мамлекеттик тарых музейинде Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды. Анда тарыхый документтер, сүрөттөр коюлган.

Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына арналган көргөзмөдө кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрү Жакүл Кожахметов менен Алтымыш Усубалиев тарткан Уркуянын портреттери, гезиттик материалдар, сүрөттөр коюлган.

Чындыгында көргөзмө өтө жупуну, архивдик материалдар аз болуп калган экен. Анын себебин музейдин илимий иштер боюнча жетекчиси Зухра Жаманкулова мындайча чечмеледи:
– Бул жакта Уркуяга байланыштуу архивдик материалдар абдан аз экен. Биз ошол архивдеги аз материалды алып, көбүнчө Кыргызстанда 1924-жылы башталган аялдар кыймылы, колхоздоштуруу маалындагы материалдар, музейдеги көркөм сүрөт чыгармалары менен толтурдук.

Зухра Жаманкулова белгилегендей, Совет бийлиги жаңыдан түптөлүп жатканда азаттыкка чыккан жүздөгөн кыргыз аял жаңы коомдук түзүлүштү курууга активдүү катышкан.

Алардын арасында басмачыларга каршы күрөштүн активдүү катышуучусу, Москвадагы аялдар курултайында Надежда Крупская менен баарлашкан Турсун Осмонова сыяктуу мамлекеттүүлүктү түптөөгө зор салымын кошкон ондогон кыргыз аялдарынын сүрөттөрү, документтери коюлду.

Зухра Жаманкулова отуз жыл мурда Ноокатта Уркуя Салиеванын музейин уюштурганын белгилеп, ал жактагы экспонаттарды алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбогонун билдирди.

Учурда Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине карата сыналгыдан көрсөтүлүп, гезит беттерине жарыяланып жаткан сүрөтү 1934-жылы февраль айында душмандары тарабынан башы кесилгенден кийинки сүрөт экен.
– 21-февралда трагедиялуу окуя болгондон кийин бардык гезит беттеринде Уркуя Салиеванын сүрөтү басылыптыр. Ошондогу сүрөт  соттук-медициналык экспертиза тарабынан тартылган сүрөт экен. Салиеванын башы кесилгенден кийин сот иштерине далил катары колдонуу боюнча ошол кездеги сүрөтчүлөр тартса керек. Көзү тирүү кезиндегидей, мойну кесилбегендей кылып тартылган сүрөт азыр популярдуу болуп, бардык жерде ошол сүрөттү көрсөтүп жатышат. Чындыгында бул сүрөттү коюп жатканда тиешелүү органдар тарабынан “бул гезиттеги материалдар накта тарыхый булак болуп эсептелбейт. Ошондуктан өзүнүн накта сүрөтүн коюш керек”, – деп бизге айтышты.

Көргөзмөдө 24 жашында киши колдуу болгон Уркуя Салиеванын тирүү кезинде түшкөн сүрөтү басылган “Советтик Кыргызстан” гезитинде некрологдун көчүрмөсү коюлган. Анда Уркуя Салиева өрүлгөн калың кара чачы артына ташталып, чырайлуу көрүнөт.

1910-жылы Ноокат уездиндеги Маркит кыштагында жарык дүйнөгө келген Уркуя Жумабай кызы Совет бийлигин түптөөгө жигердүү катышып, 18 жашында Маркит-Муркут айылдык кеңешине төрага болуп шайланат. Анын жаңы бийликти колдогонун жактырбаган тап душмандары жолдошу Колдош экөөнү 1934-жылы февраль айында мууздап кетишкен.

Ошондой эле көргөзмөдө Уркуя Салиеванын баласы Кеңеш, келини Валентина, небереси Сергей жана Галина Колдошевдердин да сүрөттөрү менен таанышууга болот.

Музейдин илимий иштери боюнча жетекчиси Зухра Жаманкулова Кыргызстандын Совет мезгилинен кийинки тарыхын чагылдырган көлөмдүү экспозицияны коюуга каражат жетишсиздигин айтты:
– Биздин экспозициялык аянтта Ленин музейи ээлеп тургандагыдан бери Совет мезгилиндеги 70 жылдык тарых коюла элек. Көргөзмө катары эле аз сандагы материалдарды коюп жатабыз. Ал эми туруктуу экспозиция жасаш үчүн 30 миллион сом керек экен. Жыйырма жылдан бери кат жазып, өкмөткө кайрылып эле келатабыз. Бирок эч кандай жардам жок. Тарых музейинде да мамлекеттин тарыхын кенен чагылдырган бай экспозицияга толтуруу бийлик башындагылардын милдети деп ойлойм.

Музей кызматкерлеринин айтымында, мурда атайын каражат бөлүнүп, музейге керектүү материалдарды чогултуу боюнча тарыхый, археологиялык, этнологиялык экспедициялар уюштурулуп, күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдар сатып алынчу. Каражаттын жоктугунан улам азыр экспедицияга чыгууга, тарыхый буюмдарды сатып алууга эч бир мүмкүнчүлүктөрү жок экен.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 26.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.