Эдгар Алан По – табышмактуу жазуучу

1841-жылдын жай айында жарык көргөн гезиттеги макалалардын ичинен башкы жаңылык катары Нью-Йорк шаарында соода кылган аялдын өлүмү эсептелген. Ал кездеги гезитти окуп чыккан ар бир окурман жакасын кармап, жараткандан бөөдө ажалды башына салбасын тилеген. Арадан бир жыл өткөн соң Эдгар Алан По аттуу жаш жазуучу, бир жыл мурун болгон кылмыш ишине окшоштугу бар чыгарманы жарыкка чыгарат. Ал чыгарма менен таанышкандар, чыгармадагы башкы каармандын чыныгы прототиби Эдгар По өзү болгон деген ойго такалышкан.

Гудзон дарыясынын жээгинен табылган дене
Окуя болгон жылдын жай мезгилинин ысык күндөрүнүн биринде Нью-Джерсидеги Гудзон дарыясынын жанынан жыйырма бир жаштагы Мэри Сесилия Роджерс аттуу жаш кыздын денеси табылат. Аны Либерти-Стритте жайгашкан эс алуучу жайга келген журналисттер, актерлер жана жазуучулардын баары таанычу. Ошондон улам журналисттердин баары кыздын өлүмүнүн себептерин иликтөөгө киришип, окуяны байма-бай чагылдырууга өткөн. Иликтөө иштери да тынымсыз жарыяланып, коомчулуктун назарында тургандыктан тергөөчүлөр ыкчам иштешип, кылмышка шектүү катары Мэрини жумушка алган Андерсон аттуу адамды суракка алган. Тергөө учурунда Андерсонго тиешелүү эч кандай илинчек табылбагандыктан сурактан бошотулат. Изилдөө иштери кайрадан улантылып, кылмышка шектүү адам катары Мэринин күйөөсү Девид Пейн суралат. Мэри Роджерстин энесинин үйүндө жашаган Пейн акыркы ирет жубайын үч күн мурдараак, тагыраагы Мэри жоголгон күндүн таңында көргөнүн кабарлайт. Кылмышты иликтөө иштери дагы улантылып, натыйжа иретинде дарыянын жанынан кол чатыр жана “М.Р.” баш тамгалары жазылган жүз аарчы алгачкы далил зат катары алынат. Ошондой эле айланадагы чөптөр тебеленип, кудум ал жерде кармаш болгондой таасир калтырган болот. Окуядан бир аз убакыт өткөндөн кийин Девид Пейн, Мэри каза болгон жерге келип, уу жуткан. Аны тинтүүгө алганда өлүм алдында жазган каты табылат. Анда: “Окуя ушул жерде болгон, жараткан өзү кечирсин” деген сөздөр жазылган болот. Бирок, полиция кызматкерлери Пейндин каты менен өлүмү кылмыш ишинин бетин ачпагандыгын кабарлайт. Алар Пейнде Мэри өлгөн күнү жетишерлик далилдери табылганын, анын адам өлтүрүүгө эч кандай тиешеси болбогондугун айтышып, кылмыш ишин иликтөөнү дагы тереңдеткен.

Кылмышка айкалышкан чыгарма
Кылмыш тууралуу газета хроникаларын тынымсыз окуп турган окурмандардын арасында 32 жаштагы Эдгар Алан По аттуу жазуучу да болгон. Алты кыскача аңгемелер топтому менен ыр жыйнактары Эдгарга аз болсо да популярдуулук алып келгени менен байлык тартуулай алган эмес. Филадельфиядагы журналдарда иштеп, жылына сегиз жүз доллар тапкан жаш жазуучу үчүн бир жылдык кирешеси жашоосуна жетчү эмес. Ага туберкулез илдети менен ооруган жубайын дарылоо үчүн эле бир топ акча керектелчү. Ири суммадагы киреше табуу үчүн ал “Морг көчөсүндөгү өлтүрүү” аттуу детектив чыгармасынын мазмунун ойлонуп, аны жазуу үчүн материал топтой баштайт. Ушул жерден жазуучуга Мэринин өлүмү олжо болот. Анын чыгармасындагы инспектор Дюпен Мэри Роджерстин өлүмүн изилдөөгө киришет. Детективде Мэри, Мари Рожеге, Нью-Йорк Парижге, Гудзон Сенага айланат. Жазуучу өз эмгеги туураалуу досуна жазган катында: “Детективдеги Дюпендин кылмышты иликтегенин чагылдыруу үчүн мен Нью-Йорктогу чыныгы трагедияны кылдаттык менен изилдөөдөмүн, бир дагы майда нерсени көңүл сыртында калтырган жокмун, журналисттердин да пикирлерин талдап жатам. Мен бул кылмыштын бетин ачууга бир да адам менчелик жакын келбегендигин ачып берем. Гезит кызматкерлери окуяны ачууда туура эмес жол менен баратат. Менин оюмча мен кыздын өлүмүнүн версиясында катачылыктарды гана таппастан, чыныгы кылмышкерди таап койдум” – деген сөзү жазылган. Понун “Мари Роженин сыры” аталыштагы чыгармасы 1842-жылдын ноябрь айынан 1843-жылдын февраль мезгилине чейин аялдар журналынын үч номеринде жарык көрөт. Чыгармада инспектор Дюпен (Эдгар По) Мари Рожени өлтүргөн адам деңиз офицери экендигин аныктайт. Ал аны буга чейин да Мари Роже (Мэри Роже) менен бир топ жума бою жоголуп кетип, кайра аны алып келип жүргөнүн айтат. Бирок, анын ысымын айткан эмес. По дагы ушундай бүтүм менен чыгармасын жыйынтыктаган.

Каарманына окшош автор
“Мэри Роженин сыры” чыгармасы жарыялангандан кийин По кылмышты чагылдырып бергенден да, анын кандай болгонун мыкты билген деген пикирлер жаралат. Анын кыздын өлүмүнө тиешеси жокпу? – деген суроо туулган. По ар дайым Нью-Йоркко жумуштап келгендиктен Андерсондун ишканасына барып ал жактан Мэри менен таанышып, ойнош болушу толук мүмкүн эле. Бирок, анын адам өлтүрүүгө барары күмөн болчу. Ал бул мезгилде аракечтикти балким баңгичиликти да жеңүү үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаган. Анын бул илдетке кабылгандагы абалы, кыйналган мүнөттөрү буга чейин жарык көргөн чыгармаларында да өзүнүн баш каармандарында сүрөттөлгөн болот.

Кылмшыкерлердин адам өлтүрүү фактыларын иликтеп чыгышкан психологдордун баары, мыкаачы адамдардын ар бири дайыма кылмыштан соң илинчектерди калтырарын, анткенинин себеби, колго түшүп, жаза тартуу жоопкерчилигин сезүүнү биринчи орунга коёрун далилдешкен. Балким По да так ушундай жолго баргандыр. Анын бет түзүлүшү да китепте сүрөттөлгөн кылмышкердин жүзүнө окшош болгон.

Понун кылмышка тиешелүү экендигин изилдешкен тергөөчүлөр да жазуучу чыгармасын чыныгы кылмышка айкалыштырып гана жазган деген бүтүмүн чыгарышкан. Детективдеги адам өлтүргүч, көмүскө аборт жасаган дарыгер экендиги аныкталган. Дал ушул кишиге 1838-жылы деңиз офицери Мэрини алпарып, аборт жасаткан. 1841-жылдын жай мезгилинде Мэри Роже экинчи ирет аборт жасатуудан улам каза тапкандыгы аныкталган. Арадан эки жыл өткөндөн кийин По чыгарманы китеп кылып басып чыгаруу алдында аңгемеге он бешке жакын өзгөртүүлөрдү киргизип, анын өлүмүн абортко байланыштырууга аракет жасаган. Кийинчерээк По досуна жазган катында: “Мэри Рожеде бир да нерсени калтырган жокмун, деңиз офицери жасаган иштерин моюнга алды. Эми бул окуя баарына түшүнүктүү болду окшойт. Бирок, жакын адамдар үчүн мен бул темага байланбашым керек болчу” деп айтылган.

Алмаз Калназаров, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.