“Айсок Кыргыз Интернет Коомунун” “Google Translate кыргызча” долбооруна үч котормочу талап кылынат

Талаптар: Кыргыз жана англис тилдерин кесипкөй деңгээлде жана компьютер менен интернетти жогорку деңгээлде колдонгонду билүүсү зарыл. Командада жана өз алдынча иштегенди да билүүсү керек.

Милдеттер: Маалымат чогултуп, санариптештирип, андан ары маалымат базасына киргизүү жана улук котормочуга текшерүүгө тапшыруу.

Иш шарттары: Алты адамдан турган котормо тобу болжолу менен 4 ай иштейт. Иштөө убактысы дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин болот. Эмгек акы айына бир жолу төлөнөт. Иш ыктыярдык патенттин негизинде жүргүзүөт. Эмгек акысы 14 000 сомдон жогору болот. Долбоордун иш мөөнөтү 4 ай.

2011-жылдын 16 ноябрына чейин резюмелерди isockyrgyzstan@gmail.com дарегине жиберүү керек.

Кошумча суроолор болсо +996 312 641848 жана 0700 898980 номуруна чалып сурасаңар болот.

Толук маалымат бул жерде: www.isoc.kg, www.enetil.kg, http://www.facebook.com/KyrgyzLangInGoogleTranslate, @enetilkg.

Долбоордун менежери Атай Жунушов.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.