Назирет Дубашов: “Сүймөнкул, Таттыбүбү сыяктуу дөө-шаалар менен тартылдым”

“Биринчи мугалимде” Субандын, “Бакайдын жайытында” Калыктын, “Уркуяда” Мырзамурабдын ролун аткарган кичкинтай бала Назирет Дубашов азыр – чоң-ата, таята. Бирок, ал көбүбүздүн эсибизге “Жамилядагы” Сейиттин образы аркылуу сиңип калган. Назирет аксакал учурда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында күн кечирип, чыгармачыл чөйрөдөн сырт. 

– Назирет байке, кино талаасына сизди ким ээрчитип келди эле?
– Мен киного 4-класстан баштап түшө баштадым. Айтматовдун “Биринчи мугалими” фильмин тартам деп Москвадан Андрон Кончаловский келип, Сейиттин ролуна бала издешет. Анда мен №1 мектеп-интернатында окучумун. Ошол күн бүгүнкүдөй эсимде. Мектеп алдында отургучта күнгө жылынып отургам. Ошондо аларды күткөндөй образды жаратып отурган окшойм да, ошол жерден эле мага жакын келип сүйлөшүштү. Режиссердун жардамчысы Клара Юсупжанова менен жанында “Мосфильмден” 3 киши барыптыр. Мага кошуп дагы 10 чакты баланы кинопробага алып кетишти. Ырдатышты, бийлетишти, сүйлөтүштү. Мен да тарсылдап айткандарын аткара бердим же шаарда окуп калгангабы, тартынчаактык жок эле. Жыйынтыгында, мени калтырышты. Өңүм да кыргыздын накта өңүндөй болуп жарап калсам керек.

– Анан классташтарга “жылдыз” болуп чыга келдиңиз?
– Ал кезде “жылдыз” деген түшүнүк жок болчу. Азыр ошентип атышпайбы. Тескерисинче, мени мугалимдер “окубай киного тартылып жүрөт” деп жаман көрүшчү. Мен эмес, дөө-шаа артисттер деле өздөрүн жөпжөнөкөй алып жүрүшчү. Ал кезде бала болсом да, алардын кулк-мүнөзү кандай, адамкерчилиги кандай (?) аңдап калгам. Сүймөнкул Чокморов маңдайы жарык, эч кабагым-кашым дебеген жаркылдаган адам болчу. Таттыбүбү Турсунбаева менен “Уркуяда” бирге тартылдым. Ал дагы ачык көңүл, жайдары эле. Бир да жолу
кабагын чытканын байкаганым жок.

– Наталья Аринбасаровачы?
– Наталья “Биринчи мугалимде” ойногондо 18 жаштагы жаш кыз болчу. “Жамиляны” 21 жашында ойноду. Өткөндө телевизордон маек берип жатып, мени дагы “Такой был мальчик…” деп жакшы маанай менен эскерип жатканын байбичем айтып калды. Ойлосом, ал кезде ал деле жаш экен да. Бирок “Биринчи мугалим” тартылып бүткөндөн кийин эле режиссер экөө баш кошуп алышты. Өгүнү экөөнүн уулу Игорь Кончаловский Кыргызстанга келген турбайбы. Мен эрте уксам, барып жолукмак экенмин. Себеби ата-энесин жакшы таанып калбадымбы. Ал өзү деле айтыптыр: “Менин атам менен апамдын сүйүүсүнө себепкер болгон адам – Чыңгыз Айтматов”  деп Чыкемдин борбордогу эстелигинин жанына туруп алып.

– Өзүңүз сүрөт тарта алчу белеңиз?
– Мен “Жамиляда” Сейиттин ролуна чейин эки киного тартылып, тажрыйбалуу болуп калганда келдим дебейинби. Сейиттин тарткан жеңеси менен Даниярдын сүрөттөрүнө да сынак менен алышкан. Ал жерде бир эле кишинин сүрөттөрү эмес, 10 чакты адамдын эмгеги бар.

Менин да сүрөткө анча-мынча шыгым бар болгондуктан, арасында өзүм тарткан да сүрөттөр бар болчу.

– Эмне үчүн кино жаатындагы карьераны уланткан жоксуз?
– Киного армияга кеткенче тартылып жүрдүм. Ал жактан келгенде менин киного тартылчу бала курагым өтүп кетти. Өзүмдүн деле киноактер болом деген максатым жок болчу. А көрөк режиссер болууну жактырат элем. Ленинградга режиссерлук факультетке тапшырып өтүп, бирок улантып кетүүгө шарт болбоду. Ошентсе да Докеме (ред.: Дооронбек Садырбаевге) кошулуп иштеп жүрдүм. Режиссердун жардамчысы болуп. “Арман” фильмин бирге тартып, өзүм дагы эпизодуна түшкөм. Баса, ортодон Аалы Токомбаевдин “Күүнүн сыры” чыгармасына кино тартылып, мен анда башкы ролдогу бала Зарлыкты ойнодум. Бирок, тилекке каршы тасма жарыкка чыкпай калды.

– Демек, актер болбой калганыңызга өкүнбөйт экенсиз да?
– Жок, өкүнбөйм. Бирок убагында киного тартылып калганыма да ыраазымын. Кино тарыхыбыздын бир бөлүгүндө ысымым аталып жүргөнү мени ушул убакка чейин толкундатат. Не деген таланттар менен насиптеш болдум. “Кыргызфильмде” Докем менен иштеп жүргөн күндөрүм дагы өзүнчө керемет. Аны ээрчип, телефильмдерди көп тарттык. Бир күнү “шахтерлорду даярдайбыз” деп тоонун ичине, “топозчуларды тартабыз” деп тоонун үстүнө чыгып кетчү элек. Балерина, ырчыларга арналган бир топ эле фильм-концерттерди тарттык. Ошол тарткан эмгектерибиз эмгиче эле эскирбей, эфирден кетип турганына сүйүнөм. Балким Союз ыдырабаганда ушул жол менен кете бермек белем, ким билет? Союз таркаганы адамдар да чилдей чачырадык. Ар ким өз алдынча акча табыштын амалын ойлондук. Мен “Темиржолго” ишке кирдим. Ошентип, турмуш улана берди…

– Учурда эмне иш менен алексиз?
– Акаевдин учурунда жеке менчик дыйкан-чарба ачып, кант кызылчасын айдадым. 10 үй-бүлө эмгектенчү эле. Бирок Өкмөт дыйкандарга көп көңүл бурбай коюп, таркап кеттик. Эгерде убагында көңүл бурулса, учурда жок дегенде 50 үйбүлө бакканга кудурет жетип калмак беле дейм. Эми азыр Өкмөт “кызылча айда” деп элди кайра көндүрө албай атышат.

Учурда мал-жандыктан тышкары талаага кулпунай менен малина айдап, түшүмүн сатып оокат кылабыз. Атайын түйүндөр ачылган. Бышкан маалында ошол жакка өткөрөбүз. Алар Алматыга алып кетишет.

– Жубайыңыз менен кайдан таанышып баш кошконсуз?
– Гүлсана экөөбүз классташпыз. Армиядан келген жылы эле баш коштук. Анда мөлтүрөгөн жапжаш кыз. Айтмакчы, жубайым да “звезда”. “Кызыл алма” тасмасында сүрөтчү (ред.: Сүймөнкул Чокморов) аянттын астында ары-бери өтүп жаткан көп элдин арасынан бир кызды көрүп, бейтааныш сулуу сүйгөнүн (ред.: Таттыбүбү Турсунбаеваны) элестетет го, ошол кыз – Гүлсана. Жубайым дагы эки жылдык театралдык окуу жайды бүтүргөн. Теледе диктор болуп, анча-мынча иштеп калды. Роза Рыскелдинова деген белгилүү диктор окуучусу кылып үйрөтүп жүргөн кезинде каза таап кетпедиби. “Роза эженин өлүмү мага катуу тийген…” деп айтып калат өзү. Ошондон кийин эле телеге барбай коюптур. Андан чыгып, ичимдик чыгарган заводго кирип, бир топ жыл иштеди.

– Балдарыңар да силердин жолду улантпадыбы?
– Баарысы тең чыгармачылыкка жакын болуп чоңоюшту. Бир кызыбыз музыкалык мектепте билим алса, уулубуз балетте окуду. Бирок, түбөлүктүү жолун алар дагы чыгармачылыктан табышкан жок окшойт. Балким неберелерибиз бизди тартаар. Ии баса, дагы бир айта кетчү нерсе, улуу неберебиздин аты Жамиля. Байбичем экөөбүз жаңы неберелүү болуп толкунданып, “Акмарал, Акжибек” деп ар кайсы атты атап, ылайыктуусун таппай атсак, уул-келинибиз: “Туура көрсөңөр, кыздын атын өзүбүз коёлу. Биз мурунтан эле кыз болсо – Жамиля, уул болсо – Сейит коёлу деп жүргөнбүз” дешет. “Силер бизден ашып түшүп акылдуу турбайсыңарбы.
Акыл жаштан деген ушул” деп батабызды бергенбиз.

Эльмира Мадиева, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.