“Күз” сынагы: Калича Жакыпова

Ушул күз…

Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Каркырадай тизмектешип өмүрдөн
Кайтпай артка закым болуп өтөөрбүз.

Ушул күзүм, орун алды көңүлдөн,
Удургушуп жалбырактар төгүлгөн.
Жаз, жай жашап из калтырып андан соң
Кош айтышып бараткансыйт өмүрдөн.

Ушул күзүм, быйыл башка сезилдиң,
А балким ал сыйкырыдыр мезгилдин.
Күнүмдүк көз ирмеми бул жашоонун,
Күбөсүдүр бактылуу бир кезимдин.

Ушул кезде, буулугуума эм издеп
Бул турмушка алымсынбай, кем издеп,
Күздү сүйүп, күдөр үзбөй баарынан,
Келем жашап, кырды ойго тегиздеп.

Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөөрбүз.

Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул кездин баркын сезбей кетээрбиз…

Калича Жакыпова,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

12 thoughts on ““Күз” сынагы: Калича Жакыпова

  • 03.12.2011 at 16:06
    Permalink

    бул суротунон караганда ото эле жаш кыз окшойт
    бирок ойлору токтоо, анан философиялык
    негизи бул ырды чын эле ушу кичинекей кыз жазган болсо жакшы анда
    баралына келгенде коп акынды уктатат окшойт 🙂
    бирок ишенген жокмун
    азыр мындай ойлонгон жаштар жок азыр

    Reply
  • 03.12.2011 at 16:07
    Permalink

    бирок жакшы жазылыптыр
    маанилуу

    Reply
  • 05.12.2011 at 11:23
    Permalink

    Азамат, коп акындар кузду суроттоп тим болушууда а бул ырда философиялык терен ой жатат! Ойдун тунугу жаштыкта деген ушу! Чыгармачылыгын курчуй берсин!

    Reply
  • 05.12.2011 at 16:10
    Permalink

    азыркы кундо ушундай ой жугуртуп жон гана кузду суроттогон ырды жазбай мааниси терен, жан дуйнону чагылдырган ырларды жазган жаш акындардын чыгып жатканы кубандырат. бул ыр абдан терен жазылыптыр. чынында эле баралына жеткенде бул кыздан кучтуу акын чыгат деп ойлойм.

    Reply
  • 06.12.2011 at 10:42
    Permalink

    Азаматсын Калича! табигаттын гана эмес жашоонун кузун да ачып берипсин… суроттоо да жакшы берилген. Келечегин кен болсун! кайсы кесиптин ээси болсон да калеминди таштаба. далайлардун жан дуйносун эс алдырган ырларды жарата беришине тилектешмин!!!

    Reply
  • 06.12.2011 at 19:47
    Permalink

    Birinchiden uiushturuuchular tobuna rahmat. Ar daiym ushsundai synaktardi otkorup turgula akyndardy koldop. Ekinchiden bul kizdin yryn okup alyp chyn ele suiundum. Oba mynday karaganda jash kyz eken/ Birok ushunchalyk filosofilyk jaktan adamdy oigo salgan, kuzdun ozun, jabyraktardy surottop kelip ele kaira baryn omurgo salyshtyrgany meni ozgocho oigo saldy. Demek, kyrgyz poeziasin ulantuuchu jashtybyz az emes eken go? Bul synakka katyshkan yrlardin barin okup oturup, kiz dagy bolso, ushuncha erkek akyndarga ten-tailasha chykkan ushul kizga dobushsumdu koidum. Ailanaiyn, aman bol. Kudayim koldosun seni.

    Reply
  • 07.12.2011 at 12:43
    Permalink

    ийгилик калемин курчуй берсин!

    Reply
  • 07.12.2011 at 12:48
    Permalink

    Бул жактагы башка акындардын аттарын мурдатан угуп журуптурмун. Бул кыздын ырларын биринчи окуп жатам. Негизи,ой толгоолору, уйкаштыктары жакшы. Такшалып калыптыр акырындан. Эми азыр заман ушул болбодубу ар ким оз киндигин кесип. Аял-акын болуш оор. Татаал жолду тандапсын. Бирок, ошого белсенип чыккан акын кыз болсон анда азаматсын! Келечегин кен болсун, синдим.

    Reply
  • 08.12.2011 at 12:38
    Permalink

    bul kiz agrardik universitette okuchu. birok, bizdin universitetten akin chykkanyn ukpaptyrmin 🙂
    birok azamat. seni bul taraptan koruu da men uchcun jagimduu boldu. chingiz aitmatov da bizdin univerde okugan eken kezinde. sen da ataktuu adam bol. bizdin kizdar negizi kiyin ai 🙂
    birok yryn bir az mundurak okshoit karindasim. a tak jakshy eken. molodets.

    Reply
  • 10.12.2011 at 14:13
    Permalink

    Азаматсың Калича! Жаш болсоң да жашоонун маңызына маани берип, тамырын тартып калыпсың.
    Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
    Ушул кездин баркын сезбей кетээрбиз…
    “Бири болбой ири бол, акындардын пири бол” карындашым!

    Reply
  • 12.12.2011 at 14:01
    Permalink

    Ушул куз. Коп ойлорго салды, мени. Орустун орошон акыны Сергей Есенин да кезегинде куз темасына коп ирет кайрылган. Негизи эле куз темасы акындардын жан-дуйносуно алдаганча жакын бейм. Андыктан Каличанын ушуреки ыры да сонун ыр экени талашсыз. Окуганда конулго дароо кыттай уюп, сезим кушун коколотту. Не демекчимин, бар бол, карындашым, поэзия айдынында Чолпон жылдыздай жана бер, чыгармачылык ийгилик каалайм!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.