“Күз” сынагы: Болот Таштаналиев

* * *
Бул көздөрдү качан, кайда көрдү элем,
Эсимде жок, жазда беле, күз беле?
Таңындабы, же жамгырлуу кечтеби,
Көчөдөбү, же бир узак жолдобу,
Кечедеби, майрамдабы, тойдобу?
Бул көздөрдү качан, кайда көрдү элем?

Бул көздөрдү качан, кайда көрдү элем?
Эсимде жок, өңүм беле, түш беле?
Бар билгеним жан дүйнөмдү дүрбөтүп,
Алыс жолго, түпсүз ойго чакырып,
Көз алдыман такыр кетпей койду эле.
Бул көздөрдү качан, кайда көрдү элем?

Качан, кайдан? Күнбү, түнбү азгырган…
Сыйкырдуу да, сырдуу көздөр болучу…
Жайдары да, сулуу дагы, сүйкүмдүү.
Биз адамдар кача албайбыз тагдырдан.
Анан сени эч кимге айтпай, сыр катып,
Өзүм менен өзүм гана сырдашкам.

Бассам-турсам, анан сени издедим.
Кусалыкта канча кечтер батпады
Ызалыкта канча таңдар атпады.
Өкүт кылып канча суулар акпады.
Аттиң сени көралбай да, табалбай,
Өттү өмүрдүн гүлгүндөгөн жаш чагы.

Сени издедим шаарлардан, айылдан,
Тоолордон да, талаалардан сурадым.
Деңизден да, чөлдөн, түнкү асмандан,
Булуттардан, бороондордон, шамалдан.
Эч ким мага сен тууралуу айтпады,
Сезим мокоп, аздым эстен, акылдан.

Терең эле, кирсиз эле бул көздөр…
Албуут күчү бар эле анда деңиздин.
Чексиз эле уч-кыйры жок асмандай.
Жаштыгындай бүтүндөй доор, мезгилдин.
Сыйкырдуу да, сырдуу көздөр болучу,
Бир тиктештен жашоо токтоп калгандай.

Бул көздөрдү качан, кайда көрдү элем?
Эсимде жок, жазда беле, күз беле,
Өңүм беле, билбейм балким түш беле?

Болот Таштаналиев,
“Күз” сынагына

Соц тармактар:

3 thoughts on ““Күз” сынагы: Болот Таштаналиев

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.