Көк бөрү: мыкты аттарыбыз өзүбүзгө каршы ойноп атат

Көк бөрү кыргыздын эзелки ат оюну. Бул оюнду заманга ылайыкташтыруу 1996-жылдын аягында башталган. 1997-жылы январь айында Таласта 16 команда катышкан Эл аралык турнир өткөн. Көк бөрүнүн спорттук оюнга айланышына кыргызга таанымал Болот Шамшиев, Аскар Салымбеков, Темир Дүйшекеев, Болот Шерниязовдор салым кошушкан. Көк бөрүнүн кеңири таралышына салым кошуп, чуркап жүргөн адамдардын бири, Көк бөрү федерациясынын маалымат катчысы Табылды Асыгалиев бул оюндун кызыктарын айтып берди.

Көк бөрү кантип тартипке келген?
– Гениалдуу режиссер Болот Шамшиев бир жолу үйүнө кетип баратып, шаар четинде улак тартып аткан балдарды көрүптүр. Анан ал муну кантип тартипке келтирип, эрежелүү оюн кылса болот деп ойлонуп калат. Кийин Болот ага жардамчысы Темирбек Дүйшекеев, Аскар Салымбеков, Болот Шерниязовдор менен кеңешип, эрежесин ойлоп табышат. Оюн талаасы футболдукундай узуну 200, туурасы 80 метр, убакыты хоккейдикиндей 20 мүнөттөн үч беттешүү болсун дегенге токтолушат. Анан алгач төрттөн сегиз улакчыны ойнотуп көрүшөт. Анан көк бөрү үчүн атайын оюн талаасын куруш керек болуп, ошол кездеги Бишкек мэри Борис Силаевге кайрылышат. Ал “бербей койсом орус бербей койду дейсиңер” деп шаарды айланып өткөн жолдун жээгинен жер бөлүп берип, кийинки турнирлерге да каражаттык колдоо көрсөткөн экен. Ал оюн талаасын куруу каражатын Аскар Салымбеков көтөрүп, ал аянт курулган. 1998-жылы Көк бөрү федерациясы түзүлүп, 11-августта Юстиция министрлигинде каттоодон өтүп, Болот Шерниязов президент болуп шайланган. Ошондон тарта ар кандай турнирлер өткөрүлүп, 1999-жылы Кыргызстандын 7 аймагы катышкан көк бөрү чемпионаты өткөрүлгөн.

Казактарда көк бөрүгө жылына 270 миң доллар берилет
– Көк бөрүнүн ойнолуп келатканына 15 жыл болуп баратат. Ошондон бери бир муун кетип, жаңы көк бөрүчүлөр, аттар келип атат. Мурда 40-45 жаштагы балбандар деле аралаша берсе, азыр улакчыларыбыз 20-25 жаштагылар. Көк бөрү боюнча биринчи чемпионубуз Сокулук районунун “Рассвет” командасы болгон. Биринчи президенттик кубокту Таластын “Манас-Талас” деген командасы уткан. “Манас-Талас” кийин чачырап кетти. “Рассвет” болсо азыр жашарып, экинчи, үчүнчү орунга чыгып калды. Учурда бизде “Кабылан” деген Кара-Балтанын командасы жакшы чыгып атат. Ал былтыр чемпион болгон. Быйыл президенттик кубокту утту. “Бөрүлү” деген командабыз президенттик кубоктун беш жолку ээси. Бул команданы федерациянын президенти Молдомуса Конгантиев көтөрүп, ушул деңгээлге жеткизди. Таласта, “Ой Кайың”, “Ынтымак”, Чүй-Токмоктун “Тынай” деген командалары бар. Менимче, өкмөттөн жардам болсо командалар деле көбөймөк. Казакстанда бир команданын бир жылдык бюджети 270 миң доллар экен. Ипподромдорунда илгеркидей өтүктөр, ат жабдыктар тигилип, аттарды өкмөт каржылайт. А бизде жеке кишилер каржылап, бир аз кыйын болуп атат. Азыр Улуттук оюндар борбору түзүлөт деп атышат. Бул түзүлүп калса көк бөрү, ордо, кыз куумай, тогуз коргоол, ат чабыш, күрөш сыяктуу улуттук оюндарыбыз өнүгөт эле.

Өзүбүздүн мыкты аттар өзүбүзгө каршы ойноп атат
– Күчтүү улакчылардан “Бөрүлү” командасында Улан Насекеев деген бар. Мирлан Сыраждинов, Самат Кушчугулов, Алтынбек Исмаилов, “Кабылан” командасында Сыргак Ногоев, Тилек Урманбетов, Элдияр Тургунбеков, Урмат Мусаев деген мыкты жигиттерибиз бар. Мындан сырткары он жылдан бери Кыргызстандын атагын чыгарган Эрмек Шекитов, Мухамбет (Муха), Нурмамбет Койчукеевдер деген тың чыккан. Кайра жанданган “Рассветтеги”(Кожомкул) Аман Бөкөнбаев, Тилек Эсеналиев, Руслан Тыналиев деген көк бөрү жылдыздары менен сыймыктансак болот. Кечээ булар Казакстанда фурор көрсөтүшүп, биздин командага, жигиттерге казактар абдан суктанышты. Казактар акыркы жылдары биздин мыкты аттарды сатып алышып, өкмөтү каржылап атып биринчиликти алдырып койгонбуз. Быйыл барып экинчи орунду алып келдик. Убагында казактар биздин мыкты жигиттерден үлгү алып, кээ бир жоон билек улакчыларыбызды өз командаларына ойнотуп кетишкен. Азыр Улан Кыбыраев деген жигитибиз “Астана” командасында ойноп атат. Табылды Шекитов, Нурлан Барпиев казак командаларында ойноп келишти. Казактар уялбай эле бизден үйрөнүшкөн, эми минтип бизден ашып баратышат. Ал тургай Казакстанда көк бөрү боюнча мектептер ачылган. Бизде андай шарттын жогуна карабай намысты талашып келатабыз.

Бир ат 15 миң доллар турат
Аттарга келсек “Бөрүлүнүн” аттары Казакстан, Өзбекстанга атагы чыккан Камбар-Ата тукумдары. Анын көбүн Молдомуса Конгантиев сатып берген. Атактуу “Дордой” көк бөрү клубунда мыкты “Марадона” деген ат болгон. “Рассветте” “Лазер” деген ат ушул убакка чейин ойноп атат. “Генерал” сыяктуу тың аттарыбызды казактар сатып алышты эле, бүгүн минтип алар бизге каршы ойноп атат. “Танк”, “Краш”, “Орок баш” деген аттарыбыз казактарда жүрөт. “Меркурий” деген атыбыз азыр 23кө чыкты. Быйыл аны пенсияга чыгарабыз деп атышат. “Либедер”, “Ак жал”, “БТР” деген аттарыбыз азыр мыктыларга кирет. Ушундай сонун жылкыларыбызды ээлери турмуштун айынан казактарга кымбат сатып жиберип, жашоосун оңдоп, келинчек алып, үй салып атышат. Он беш жыл мурун аттарыбыз 30 миң сом болсо, азыр 15 миң долларга чейин чыгып атат. Өзбек, тажик, казактар сатып алып атышат. Атчабышта да мыкты, атактуу күлүк, жорголорубуз бар. Президенттик администрация башкармалыгына караштуу №54 асыл тукум жылкы заводунун “Патрон” деген жоргосу жалпы 2 миллион сом, 39 машина уткан. Былтыр аны ардактуу эс алууга чыгарышты. Азыр ал он асыйдан ашып калды окшойт. Былтыр, быйыл анын ардактуу турнирин өткөргөнбүз. Быйыл анын атындагы байге тапшырылып атат. Азыр Кочкордо “Тачанка” деген жорго чыгып атат. Мунун өзү кыргыздар ат таптоо жагынан башкаларды алдыга чыгарбасын айтып турат. Азыр акча табыш үчүн Керим Өмүралиев, Улан Батырканов, Сталбек Исмаилов өңдүү саяпкерлер казактардын аттарын таптап берип, ондогон машине, миллиондогон теңге уттуруп беришкен. Эми кайра өз мекенинде иштеп атышат.

Мелис СОВЕТ уулу, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.