Садык Шер-Нияз: “Экономикалык каатчылыкка карабай, өз кесибин сүйгөн режиссерлор көп”

17-ноябрда – кыргыз киносуна 70 жыл толду. 70 жыл мурун жаралган кыргыз керемети бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элине кыргыздын каада-салтын, көйгөйлүү проблемаларын жана жөн гана жай турмушун чагылдырган тасмаларды тартуулап, көрүүчүлөрдүн колдоосун таап келет.

70 жылдык маараке алдында Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз менен кино тармагынын абалы туурасында маек курдук.

– Айтсаңыз, акыркы 10 жылда Кыргызстанда көптөгөн тасмалар тартылып келүүдө. Ошолордун арасынан жеке сиздин купулуңузга толгон тасма деп кайсынысын айта аласыз?
Мен акыркы жылдары мыкты тасмаларды жаратып жаткан таланттуу режиссерлор Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут”, Актан Арым Кубат тарткан “Свет аке” тасмалары Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан тасмалар деп айта алам.

Акыркы учурда коммерциялык максаттагы тартылган тасмалардын сапаты да начар деген пикирлер айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз?
Чынында эле бул туурасында көп сындар айтылып келет. Коммерциялык максатта тартылган тасмаларга тыюу салуу керек деп да жүрүшөт. Бирок, мен айтаар элем, токтотуунун кереги жок, тарткысы келгендер тартсын. Алар өздөрүнүн каражатын жумшап жатышпайбы. Ар кимден ар түрдүү сын угуп жатып, аягында убакыттын өтүшү менен өз ордуна коюлат деп ойлойм.

Ушул тасмалардын сапатынын начардыгы балким анда катышкан профессионалдуу эмес актер, актрисалардан улам болуп жаткандыр?
Эми алар кино тартууну каалап жатса тартышат да. Анда ойногон профессионал эмес актер, актрисалар ошол тармактагы билим алууну кааласа, бизде мүмкүнчүлүктөр чоң. Бул кесиптин ээлерин окутуу борборубуз Манас университетинде, искусство институтунда ишке ашырылат. Ошол жактан билимин бекемдесе болот. Андан тышкары, чоң режиссерлордун студиялары бар. Алардан мастер класс алуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Кыргыз киносунун күнүнө карата бул кесиптин ээлерине сиздин каалооңуз?
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кино тармагында 2000ден ашык киши иштейт. Мен аларды чыныгы профессионалдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап кетем. Азыркы учурда жаралып жаткан экономикалык каатчылыктан чыга албай турган учурда дагы алар өздөрүнүн кыргыз киносуна берилгендиги менен эмгектенип келишет. Биз бул тармакта иштей беришибиз керек. Биздин ушундай кырдаалга карабастан иштеп, маданиятка кошкон салымыбызды тарых кайсы бир убакта эскерет деген ойдомун.

«КыргызИнформБюро», “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.12.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.