Азамат-эрге алтымыш өнөр аздык кылат

1. Окумуштуунун  бир өндүрү

Академик Оморбай Нарбеков кыргыздын жандатып, табышмактатып, кыйыта маани жылдырып, киши кадырын сындырбоо үчүн жымсалдаган сөздөрүнөн баштап, эпос, жомок, аңыз кеп, “кебез менен мууздоо”, “бөдөнө  тооруш”, “керегеде кулак бар, кеп айткың келсе ыраак бар” сыяктуу сөз өнөр дүкөнүнүн ондогон түрлөрүн бала кезден өздөштүргөн, ыңгайы келе калганда айтып, колдонуп жүргөн катардагы кыргыз тукуму. Ушу тараптагы өнөр туткасынан даам сыздыра өтүүбүз жөн болуп турат.

Асыл-асыл, эс-асыл,
Бүгүлүп бүкчүңдөбө:
Какай!
Жазыл!
Ыгы келген жерде – Атыл!

 

* * *
Заманыңдын:
Пулу да,
Кулу да болбо:
Тубу (туусу) бол!

* * *
Талант: мактоого эмес, сактоого; чыган устат таптоого муктаж.

* * *
Даанышмандык – келечектен ырыскы, кут талашкандык!

* * *
Күнүмдүккө ишенбе, түбөлүктү кишенде!

* * *
Колго алба, жолго сал!

* * *
Акыл-эске азык бер, азык берсең-татык бер!

* * *
Аракеттен-адат, адаттан-мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат.

2. Сыр чубоо

– Мен, – дейт Оморбай, – медик (догдур) катары бир нерсени айтып коёюн. “Ачууга алдырба! Сабырдуу (калбаат) бол!” – дейт кыргыз. Ошого укум-тукумун бала кезден тарбиялаган, маштаган, таптаган, көндүрүп, адаттантып өстүргөн.

Уу болсо, анысы аз келгенсип: ач (ачка) болсо. Ал туш болгондун баарын жеп, жок кылууга даяр. Көрдүңүзбү “ачуу” деген сөздүн түпкү мааниси эмнеге барып такалып туру. Ачууга алдырба, жендирбе дегени-болор-болбос  нерседен убактылуу, майда кылык-жоруктан, пендечиликтен, байкоостон кетирилген каталыктан улам сабырыңды жоготпо, балаңдын, небереңдин, курбуңдун, кыйбас адамыңдын, урматтаар ата-энеңдин көөнүн оорутуп алба, түбөлүктү сакта, оор басырыктуу бол! Адам –ууга айланба! – деген осуят жатат чалкып! Мына кыргыздык тарбиянын байыртан келаткан кыргыздык, чыгыштык, улуттук менталитеттин баалуулугу.

Кыргыз адебинде: “көкүрөк күчүгүн”, кенже уулун колуна алып калуу, аны карманып жашоо олуттуулугу сакталган. Бул эмнеден улам сакталган?

“Эр-тайын тартат!” Эр-баатыр, өлүмдөн да кайра тартпас адам көк жалы.

Сейрек жаралган тандалма тукум. Эр-эл намысына жараар, эл жүгүн көтөрөр инсан. Ал-хандан, бектен кайра тартпаган, сөз атасын өлтүртпөс кайрат, кубат!.. Миздүү курчтук! Албарс (алмаз) табигый жаратымы! Акыл-эси-туюму анысына шайкеш! Жүйөөсү – бардык адамзатка жагым тартуулап, таазим этерлик деңгээлде! Мындай адам – сырттан кандайча жаралат? Медицина муну кандайча чечмелейт? Кыргыздын байыркылыгын (байыркы илимин) жактайбы же жектейби?

“Катын алба, кайын ал!” “Катын алба жатын ал!” – деген эки жанаша, жарыша айтылган макал менен  дээрлик кыйла, а балким бүтүндөй маселелерди чечип келген! Кыргыз бул эки макалга баарын жүктөп баса берген, жашап келген, жашап келатат, баардыгынан кур алакан эмес, табылгалардан! Демек, кыргыз менталитетине илим үңүлсө, иликтеп терең кирсе, үйрөнсө, бул тараптан ачылыш жаратмак бүткүл адамзат бактысын ачкандай!

Мен бул сөздү жөн келди айта салган жокмун. Кыргызда Элүүбай, Алтымыш, Жетимиш, Сексенбай, Токсонбай, Жүзбай аттуу адамдар жыш. Сейректеп баратса да азыр да ушул аттар  айылдык жергеде кездеше калат. Бул кокустукпу, же мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

Кыргыз – асман менен тоолор ашташкан бийиктикте жашап көнгөн калк негизинен. Жаратылыш менен киндиктеш бүлө. А жаратылыш эч нерседен кем эмес! Анда мээр (кудайдын мөөрү басылган!) чөп да, марал тамыр да, уутананын ар кыл  түрү да ченемин билсе, уудан ар кыл дары жасалат негизинен)…өмүр узартаар же тескеринче өлүмдү кыскартар мөмөлөр, тамырлар, гүлдөр, бүрлөр, сөңгөктөр жана башкалар да бар.  Киндиктеш, шериктеш,  коюндаш, моюндаш, жат эмес өз болгон соң табият сырын кыргыздардан жашырган эмес ошонун эсебинен, жаратылыштын өз баласындай сырын билгиликтин көрөңгөлүүлүгүнөн… кыргыз  улутунда айрыкча элүүдөн жашы  өткөн ар бир эркек (эр адам) күүдөн жанбоо үчүн табият ресурстарынан (дары чөп тамырларынан, жашартуучу-жаштыгын калыптандыруучу, күүдөн тайытпоочу) азыктардан пайдалана “сырды” беш колундай билип, өмүрүнүн акырына дейре “эртана” калыбына жазган эмес!

Ичи тарлык кылбай, сооп үчүн, бүткүл адамзат эртана бактысын ачып, кыргыздар (байыркы, ичкилик дегенден түшүнүктөрү  жок, болгон күндө да ага бериле элек) кыргыздар сымал, химиялык жол менен эмес, суу мончоктой чоңдугу бар болгону, чоңурагы буудай данындай болгон дары-томолоктордун ийленген эчендеген түрүн чыгараар фабрика куруп, иштете баштадык дейли.

Дарылангандар бел күчкө, жүлүн күчкө толуп, болушунча болуп, көздөрү жанып, жашыл нурга маарып, сүйүү күүсүн чалып, ургаачы денеси балкып, кумары артып, добулбасын уруп,  чоорун тартып, гүл жыпары аңкып чыгат. (“Буканы куруткан экенек!…”) Дүйнө коюну толук көркүнө келди. Ар кимге жасалган мамиле мээрдүү, мөөрдүү. Сөздөр эмдүү. Адам зээндүү,  дээрдүү!.. Өзүнөн өзү “сиркелери суу көтөрбөй” көрүшкөн эч ким жок. Көөндөрү шат, көңүлдөрү ток.  Жүздөр албырат. Айлана магдырайт!..

Деңиз жээгиндеги нымдуу климатта жашоочу өлкөлөрдүн, суук, кышы дээрлик жарым жылга созулган өлкөлөрдүн жана ичкиликсиз тамактанбаган элдердин эркектери элүү жашка жетип-жетпей эрдик (эркектик) кубаттан ажыраганы, бара-бара эр деген аты (жыныстык белгиси ) эле калганы болбосо, заты (бел кубаты) калбай, өмүрү арман болуусу баарыга маалым. Ушул “улуу тумоо” кайгысын кыргыз табылгалары гана айыктыра алат. Жазында козу биттегенде (бычканда) чакалап чогулткан “жумурткаларды” абла пияздын “сүтүнө” бөлөп  коюп, убагы жетилгенде кой сүтүнө кайнатылып, бышырылып төрөбөс аялдарга жана “күүдөн  тайыгандарга” берилиши, көбүрчөк тамагы ж.б. у.с.т.ж. “интим азыктар”– кыргыздын табигый өмүр дүрмөттөрү болгон, болуп келет!..  Ушул сырды, табылгаларды ачып, бүткүл адамзат сообуна калуу, ал үчүн кыргыз жергесинде ушул багытта гана иштөөчүү фабрика иштетүү максатын көздөп келем. Айрымдарын чыгарып, сыноодон өткөрүүдөмүн… Таңкаларылыктай натыйжа берүүдө! Булардын өзгөчөлүгү – убактылуу эмес түбөлүктүүлүгүндө!..

* * *
– Эми, Омоке, кеп удургуп мынчалыкка жетти. Азыр деле, тээ байыркы кыргыздарда деле: “Эл – эгедерлери, калк –  жакшылары” деген кеп жашайт. Жашап келет. Заман,  доорлор оодарылган сайын ага жараша бүлөсү – адам  мүнөзү, сапаты да өзгөрүлөт бейм. Демек, “Элдик уул”, “Калк жакшылары” деген аныктама да өз­гөрүлмө түшүнүкпү, же заманга, доорго да баш ийбес, бир калыпта турар, сакталар, көксөтөр асылзаадалыктар түркүк-мунарасыбы? Өз мамилең жекече пикириң, туруктуу жыйынтыгың кандай?

– Кайберендер, жапайы жандыктар улам жайыт алмаштырып оттошот, сонуркап. Бир өрөөндүн тоолорунун бир коктусунда, өзөнүндө эле  жүрүп, каза “кара журт” болгуча жүрүп алышпайт. Туурабы?

– Туура.

– Жайыт “ каймагын калпып жеген эрке балдар” – кайберен тукумдары.

А адамдардын “жайыты” заманы доору. Алмаштырышат, бири “тажатып ”  жибергенде башкасын… Эл –эгедерин да, жакшыларын да… качан эл талабына дал келбей калган учурунда…

Күч колдонот. Жазалайт. Жүрөк үшүн алат…

Бирок, эл деген сел. Чындап  каарданса ага тең келер күч жок. Керек болсо, сөздүн чын-чынына келгенде “Эл – эгедери” атанткан да эл. Эгедер да,  ал элге каршы күч да, бийлик да элдин макулдугу. Ээси эл. Мээси да эл!..

Ишеним көргөзүп коюп, бийлик эгедери атандырып алышкандары, асмандан түшкөн азиз ыйыктардан эмес, өз балдары, эскирип, көөп, адисинен ашып, кесирленип алышкандар-жазаланууга тийиш! Жазаланат…

Эми, эл жакшылары дегендер кимдер?Ал түшүнүк заман-доорго жараша өзгөрүлмөбү же туруктуу, солк этпес, дайыма бир калыпта заңгыраган аскадай урагыс, алтындай чиригис, алмаздай курчтугун, асылзаадылыгын жоготкус, каухардай караңгыда да нур чачкан асылдын асылы, ардактын ардагыбы? Эмнеси, кандай сапаты менен ошончолук баалуу, нарктуу, ардактуу?

Биринчиден, менин жеке түшүнүгүмдө, ажат ачар иш керегине жарагандыгы менен жакшы атанат. Мисалы, айталы, ушул биздин Көк-Сайды эле алалы. Эгемендикти алгандан бери кыйла жылдар өттү. Мурда Кеңеш доорунда: “Бай, кедей, кембагал” деген түшүнүксүз жашаппыс. Эртеңкибиз менен ишибиз жок эле. Аздыр-көптүр карын кайгысын тартпай калганыбыз ырас. Курсак ток, кайгы жок. Камкордук баарына бирдей эле, мамлекет тараптан.

Эгемендикте эпчилдер эрте телинди. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, аймагыбыздан, аз жылдар аралыгында эле, байлар, колунда дүнүйө – мүлкү арбындар арбыды. “Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма” – дегенди эске алгандар, озунуп “тал кармагандар” ошолор болушту.

А негизги катмар, беленге көнгөн эл, иштөөгө бар: “Берсең-ичем, урсаң – өлөмгө” көнгөн момундар көп нерседен куру кол (куржалак) калышты. Ооруса-жатар, мурдагыдай акысыз дарылар оорукана жок, төрөй турган болсо жергиликтүү ооруканадан, төрөт үйүнөн айрылышкан, тегирмен жок, техника ортодо эмес, жеке менчикте, суу түтүк иштебейт, жумуштан мурда качышса, азыр жалдыраса да жумуш жок, балдар бакчасы жоюлган, мектеп суук, жагарга жарытылуу отун жок, минерге көлүк жок, жарытылуу акча жок. Кыскасы,  жок арбын. Жокту бар кылар азамат жакшылар  да жок.

Эл жакшылары этеке чаптыртпайт, айтыртпайт, дедиртпейт. Акыл, туюм, демилге алардан чыгат ажат ачар. Эл намысы – эр намысы. Элин муңкүрөтпөйт. Бей-бечарасына карамдуу, ар мүшкүлүнө жа-рамдуу болот. Ата-энесин, агайын, туугандарын эле эмес, өз жергесинин элинин зарыл керегине жарар жаран болот. Көзөмөл, карамдуу болот. Алардан да ашкан бардарлыгы, ар-намысы жалпы улутуна арналат. Мындайлар эл-кишилери. Эл-эгедерлери мына ушундай катмар. Катмарларынан өсүп, чыгаандык даражасына көтөрүлөт!

Мен колумдан келишинче эл жүгүн көтөрүшүп келатам. Аны мен эмес, эл айтканы жөндүр…

3. Идеология керектелбеген учур келет

…Азыркы учурда адамды улуктарга түшүндүрүү үчүн Сөз негизи (резюме) эмнелерден куралат?

1. Өмүрүнүн азыркы тепкичине чейин иштеген жерлеринен жана Өкмөттөн алган сыйлыктары, көтөрүлгөн даражалары.

2. Илим-билими жана жараткан ийгиликтери.

Адамды адам кылып кармап турган асылзаада сапат мүнөздөмө ушул аталмаларга чектелип калганбы? Кимдин ким экендиги ушул сыпаттамалар менен эле аныкталабы? Бул-жеңил баалык эмеспи, ыя, замандаш-доорлоштор, мамлекеттештер?

Академик Оморбай Нарбеков менен ушул темада маектешип келем. Ал безге сайгандай чоочуп, кыжаалаттанып, көбүрүп-жабырып, кирген буурадай бууракандайт:

– Адам – кудай табылгасы аалам жүзүндө өзү жараткандыр ичинен!..

Мамлекетибизде биринчи жолу жаңы шайланган Президентибиз  Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин оозунан ыймандуу иш жасоо, ыймандуу кызмат өтөө ыкласына бет буруу аталды.

“Туура бийде –тууган жок, тууганчыл бийде-ыйман жок”-деген макал байыртадан айтылып келет кыргыз элинде – деди Алмазбек Атамбаев. – Бийлик эл эңсегендей, элдин купулуна толгудай болуусу абзел.

Дүркүрөгөн кол чабуулар, жаркын жүздөр менен коштолгон бул сөз эмне үчүн кубатталды?”

Академик Оморбай  Нарбекович Нарбеков аны мындайча чечмелейт:

– Абийир, ыйман, кара кылды как жарган Калыстык, Адилеттик, Акыйкаттык таңкыстыкка айланбай, адаттагы көнүмүш милдет жана зарыл нарк катары бүтүндөй бир өлкөнүн кызыкчылыгына айланганда, ардакталганда ал мамлекетте жашоо “кой үстүндө торгой жумурткалар” бейпилдикке бөлөнөт, болуп көрбөгөндөй ийгиликтер жаралгандан жарала берет.  Буюрса, мурдагылардай “курсак” менен ойлонбой (карын кайгысы дейт андайларды  кыргыз…) баш менен ойлоп  (кадыр намысы делинет ал тарап кыргызда) өлкөбүздүн ар-намыс туусун желпинтээр, ыңгай шарт туулар жолго түштүк окшоп калдык ичибизге, көөдөнүбүзгө ыйман уялап!..

– Абийир, ыйман, кара кылды как жарган Калыстык, Адилеттик, Акыйкаттык – коом, мамлекет, өлкө тургай ар бир инсандын убайын көрөрлүк ыйык булагына, жээр нанына, дем алар абасына, көрөр күнүнө, ичээр суусуна, алаар наамына, сыйлыгына, зарыл ырыскы насибине айланганда (!!!) мындан ашкан идеологиянын адамзат тукумуна тыйындай да кереги жок калат.

Жакып МЕДЕТОВ, жазуучу, «Кыргыз Туусу», 20.12.2011-ж. 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.