Кошумча

Кошумча-жамандык-жакшылыкта элибиздин бири-бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу) жай айтат. Берешен элибиз ортодон чыгарып, белгилүү өлчөм чыгарат, же биригип мал союп, ал шарттуу түрдө болот. Бул “ыража” деп да айтылат. Айыл арасында, же тууган ичинде жону жукалардын башына жаманчылык түшсө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ага өмөчөктөп жардам берүү, жеңилин жерден, оорун колдон алуу биздин элде бар. Кошумча чогултуу – элибиздин урматы.

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.