Ажаат ачуу

Бул – зарылып турган адамдын керегине жароо, анын башына түшкөн кыйынчылыктан куткара туруу. Ажаат ачууга ошол адамдын карызын төлөө, ажаатчыл береселерин көздөө. Же аласасын ал адам кечип жиберүү, карыз бирдеме берүү, кириптер адамдын башын бошотууга жардамдашуу сымалдар мисал боло алат. Андайлар тууралуу “Ажаатчыл адам”, “Ал жок дебейт”, “Ал ажаатка жок” өңдүү жөрөлгөлүү сөздөр айтылат. Ажаат ачкандар – элдик адамдар. Айыл ичи мындайлар менен сыймыктанат.

“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.