Кубанычбек Маликов менен кеткен кыргыздын бүтүндөй доору

Акын, драматург, котормочу, эл акыны Кубанычбек Маликов кыргыз адабиятынын бир өңүтүн алып жүргөн адам болгон. Калемдештери, кыргыз адабиятынын өкүлдөрү К.Маликовдун ат көтөргүс эмгегинин бири – “Манас” эпосун убагында коргоп, кыргызга тиешелүү улуу руханий дүйнө экендигин талашкандыгын айтып келишет. Азыркы муундар мындай өңүттөгү маалыматтарды, улуулардын эмгектери туурасында аз билишет, бир даарынын кабары жок. Андыктан бул кенемтени толтуруу, маал-маалы менен эл эмгектен эскерип турган инсандар туурасында жазып туруу вазийпасын алып келебиз. Бүгүнкү кеп Кыргыз эл акыны Кубанычбек Маликов туурасында жүрмөкчү.

“Кызыл тили сайраган укмуш чечен киши болчу, артынан калбай ээрчип алчубуз”

Кубанычбек Маликовдун шакирти, Кыргыз эл акыны Омор Султанов эскерип, аны барктап, баалай албадык деп күйүп-бышты.
– Ошо кезде “Манасты” биздикилер үч китеп кылып чыгарса, “шовинисттер”, “улутчул чыгарма” деп жалаа жабышып, тыюу салына баштаган. Казактар ошондон пайдаланып “биздики” деп талашат, Маргулан деген филологу баш болуп жазып, “Манас казактыкы” атыктыра баштайт. Турдакун Усубалиев Кубанычбек Маликовду өзүнө чакырып, аларга татыктуу жообун бергенге Казакстанга жиберет. Ал барып, казак окумуштуу, филологдорунун баарын чогултуп, “Кана, силердин араңарда Манас айтчуңар барбы? Чыксынчы бери, угайын. Чакыргыла?” – дейт. Бирөө да жок. Ошондо “Манас – кыргыздыкы. Бизде ар бир кыргыз Манастан жок дегенде жүз сапты жатка айтат. Бизден улуу, касиеттүү манасчылар чыккан, алар күн-түндөп, жумалап, айлап төгүп айтат. Манасчылардын тукумубуз биз”, – дейт. Өзү да “Манасты” эки саат жөн эле айткан киши, ошол жерден төгүп айтып берет. Ошентип, “Манасты” экинчи эч ким талашкыс кылып, “накта кыргыздыкы” дедиртип келген. Кызыл тили сайраган, укмуш чечен киши болчу. Биз, жаштар, ал кезде андай кишини ээрчип жүрчүбүз, артынан калбай. “Балбайды” жазганда, ал китебин эл түтүнмө-түтүн суратып, айылма-айыл ат чаптырып алып келдирип окушчу, тээ кокту-колотуна чейин. Кийин ага да бирөөлөрдүн ичи жарылып, көрө албай, “улутчул чыгарма” деп жазып ийип, бүт алдырып салган. Ал көп адамдардын аттарын репрессиядан актаганга жардам берди. “Манас” үчилтигин чыгарганга салымы чоң болду. Бу киши менен бүтүндөй бир доор кетти! Эмгиче айкели жок. Бир жакшыраак көчөгө аты да берилбептир. Мобу бир кылымдык юбилейин да чоңдор өкмөттүк деңгээлде мыктылап өткөрсө жакшы болмок. Мындай кишилер биздин улуттук сыймыгыбыз, руханий дөөлөтүбүз.

“Байдылда Сарногоев келгенде үстөлдүн астына кире каччумун”

Иордан университетинен ислам укуктарын, Мадрид университетинен теология илимин окуп келген небереси Кадыр Маликовду кепке тарттык.
– Чоң атаңыз канча жашта эсиңизде калды?
– Мээримдүү, боорукер чоң атамдын таттуу небереси элем, мен алтыга чыкканда каза болду. Анын эң кичүү уулу Курманбектин баласы болгондуктан, абдан жакшы көрчү. Ошол кезде мен үчүн жөн эле чоң ата гана болчу. Таланттуу акын, драматург, классик жазуучу экени менен ишим да, түшүнүгүм да жок бала болчумун. Эсимде калганы, качан көрсөм ал иштеп отурчу. Тентек элем. Зеригем да, мени менен качан ойнойт деп, ал иштеп атканда алаксытып кабинетине кирсем көңүл бурбай койсо, столдун астына отуруп алып, анын кагаздарын акырын алып, беттерине сүрөт тартып, чиймелеп ийчүмүн. Урушчу эмес. Бир жолу, иштеп атканда ойноп, костюмунун артын толтура кир кыпчыгычтар менен ар кай жеринен кыпчып, “кирпи” жасап койдум. Чоң атам аны байкабай көчөгө кете бериптир. Бульварга барып достору менен сүйлөшүп отурганда гана алар “Бул эмне?” – деп сурашып, кыпчыгычтарды бирден терип, тамашалашып күлүшүптүр.

– Достору көп беле?
– Көп болчу. Үйгө дайым толтура кишилер келчү. Киши үзүлчү эмес. Чоң-чоң жазуучулар, котормочулар, жаңы жазып жүргөн жаш калемгерлер кеп-кеңеш сурап келчү, шакирттери да арбын болор эле. Ошолордун бири – Байдылда Сарногоев көп келчү. Чоң атам ага акыл-насаатын айтып “Ичпе, жакшы акынсың, ичкен сага жакпайт, жарашпайт” дечү. Ал келгенде мен качып, столдун астына кирип кетип, жашынып калчумун. Чыңгыз Айтматовго да жардамдашкан, жаңы жазып жүргөндө. Аалы Токомбаев менен жакшы эле.

– Кайсы чыгармалары аябай жагат?
– “Арзы бийкеч” жөнүндөгүсү, Кыргызстан жөнүндө ырлары, анан “Балбай” деген ошо кезде тыюу салынган чыгармасы абдан жагат. Бирок мен мунун баарын орусча котормо түрүндө окудум. Балдар бакчасынан бери орусча сүйлөп, орусча окуп атып, кыргызча жакшы билбейм.

“Манасты” казып билген жагынан кээ бир окумуштууларды таң калтырчу. Азыр ойлосом, чоң атамдын турмушу абдан оор болуптур. Бала чагынан кыйналып жашаган. Чыгармалары чыкпай жүргөн кези болгон. Репрессия болордо Москвага жашыруун качып кетиптир. Ал жакта көпкө жүрүп, тынчыганда анан келген экен.

“Үч жыл жашасам, чыгармаларымды бүтөт элем”

Кыргыз улуттук китепканасында кырк эки жыл иштеген ардагер кызматчы, жазуучунун кичүү келини Зурман Маликова кайнатасынын жашоосунун акыркы жылдарынан айтып берди.
– Мен аны көргөн күндөн эле дароо өз кызындай кабыл алды. Жетим кыз элем, андыктан атамдын ордун толтурду. Жоолук салынып, күндө жүгүнүп жүдөп жүрсөм, “Эми жоолугуңду чечип эле кой, жүгүнгөнүңө да ыраазымын”,- деди. Диета менен жүрчү. Тез жардам да бат-бат келип турчу. Тамагын даярдап, кийимдерин жууп берип, дайым алкышын укчумун. Карылыктан бир кулагы кичине катуурак болгондуктан “Тартынбай жакын келип айтып тур”,- дечү. Сөз бар болсо, өз кызындай кулагына жакын келип айтчумун. Эртең менен аябай эрте турчу, саат беште эле. Дароо жазганга отурчу.

– Сиз кайнатаңызга кыйын кезинде кызмат кылыптырсыз да?
– Ал бийликке абдан таарынып, көңүлү суз жүргөн. Бир күнү Турдакун Усубалиев чакыртып атканын айтты. Барып, сүйүнүп кудуңдап келди. “Казакстанга барып казак окумуштуулары менен сүйлөшүп кел”, – дептир. Барып кыргыздын “Манасын” кайтарып келди…

– Жашоосунун акыркы жылдары экен да?
– Санжыра, дагы бир нече жаңы чыгармаларын айтып, “Дагы бир үч жыл жашасам бүтөт элем”, – дечү. Абдан билимдүү, пейил-ниети да таза, чынчыл, жакшы адам эле. Мен тагдырга абдан ыраазымын, атамдын ордуна ата болуп берген ушундай адамга жолуктурганына. Эмгиче эстеп алып ыйлайм.

Менин жолдошум, кайнатамдын кичүү уулу Курманбек – Кадырдын атасы, авариядан эрте, отуз үч жашында каза болуп калды. Кадыр Курманбектин жалгыз небереси. Улуусу Бакайдан – Бермет Маликова, ал да жазып жүрөт. Кошой – ортончу уулу киностудияда өмүр бою оператор болуп иштеген, көзү өтүп кетти. Кичүү кызы Канайым мэрияда иштейт.

«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.