Кубатбек Жусубалиев: “Өмүргө келгенден кийин өлүм жок”

Рухий изденүүнүн улуу жолу. Улуу сапары. Жалгыз адам баратат. Түбөлүктүү адамдай. Турган турпаты, келбети туура түбөлүктүүлүктүн элесин көрсөтөт. Жолдор көп. Кыйма-чийме түшөт тимеле. Бирок ал жолдордо ошончолук түркүн адамдар да көп. Ал эми Кубат акенин өзүнүн жолу бар. Ал жол менен батынып эч ким баса албайт. Жакындай албайт. Ал жолдо Кубат аке жалгыз баратат.

– Кубат аке, жакында эле өзгөчө стиль, форма менен 70 жылдык мааракеңиз белгиленди. 70 жаштан соң өмүр, жашоо уландысы кандай болууда?
– 70 жашка чыгабызбы, 1ге чыгабызбы, кептин баары анда эмес. Ал жөн эле бир сан, цифра. Турмуштун бөлүктөрү. Кеп сенин өз жолуңду тапкандыгыңда. Өзүңдү тааныгандыгыңда. Өзүңдү жеңгендигиңде. Менин 70 жылдыгымда кембагалдар силер жүрдүңөр. Бул жөн эле бир болбогон нерсе. Кыйноо. Бир эле жакшы жери 70 жылдык мааракемди өткөрүп, турмуштан чоң сабак алдым. Ошого кубандым.

– Кандай сабак?
– Аны айтпайм. Кандай сабак экени сыр. Силерге айтсам ыйлайсыңар.

– “Жалбырактар күбүлдү.
Жабышты тоодогу алачыкты
Жалгыз аяк жол калды
Мага быйыл эрте келди
Кышкы камалуу”, – деп япон акыны жазгандай, сиз узакка созулган жалгыздыктан эмне табасыз?
– Жалгыздык. Бул тууралуу абдан көп сурашат. Көп айттым. Күркүрөгөн, шаркыраган көпчүлүкпү, эл арасыбы же тунжураган жалгыздыкпы, бул кеп эмес. Сөз эмес. Сенин бакытың өзүңө-өзүң жолугуу. Жол издөө. Мунун баары бет алдыңда карап турбайт. Акырындап, акырындап илкип-калкып жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп жээкке жакындайсың.

– Өлүм менен өмүрдүн ортосу бакытпы же кайгыбы?
– Ушуну билбейсиңерби ай. Өмүргө келүү, төрөлүү, албетте, бакыт. Көп кишилер ажырата албай калышат. Өмүргө келдиң, болду, өлүм деген жок. Бир гана өмүргө келген бир ишиң ушуну түшүнүү. Өлүм жок экендигин түшүнүп билүү.

– Кандай түштөрдү көрөсүз?
– Бир ойчулдан бул тууралуу сурашканда “Бул дүйнө деген түш” деген. Сен бул дүйнөгө жаралып, жашап жаткандыгыңдын өзү түш. Эс тарткандан бери эсиңде калып, көрүп жаткан ак-кара турмушуң, кайгың, ыйлаганың, күлгөнүң, жанагы менин 70 жылдык мааракемди көргөнүң, баары эле түш.

– Бул дүйнө каякка барат. Эмне менен бүтөт?
– Ушул суроону берсең мен бир нерсени эстеп кеттим. Тоодон бир жигит келип “Сизге бир суроом бар эле, жооп бере аласызбы?”, – дейт. “Айтчы” десем, алдагы сенин сурооңду берди. Дүйнө кайда бармак эле, тегирменге барат дедим. Улуу тегирмен айланып жатат. Дүйнө, биз, баарыбыз унга айланабыз. Ундай үбөлөндү болобуз.

– Ч. Айтматовду баалайсызбы, дүйнөлүк жазуучулардан өзгөчө баалаганыңыз ким?
– Девид Сэлинджер. Американын жазуучусу. Бу дүйнөдөн кеткенине бир жылдай эле болду. 90 жаштан өтүп кетти. Бу киши 50-60ка келгенде баарын таштады. Баарынан качып кетти. Ал китепти көп окуган. Бир күнү өзүн тапты. “Над пропастью во ржи” деген чыгармасы бүт дүйнөгө тараган. Бул киши миллиардер болуп чалкып жашаса, 100 катын алса жарашмак. Бирок анткен жок. Кыйынсынган жок. Анын баарынан качып кетти. Бу дүйнөгө артын салып койду. Улуу сөздө уят жок. Башкача айтканда бу дүйнөгө көчүгүн салып койду. Чыңгыз Айтматов кыйын жазуучу. Чыгармаларын баалайм. Бирок Сэлинджердей өмүр сүргөн жок да. Л.Н.Толстойдун чыгармалары жакшы. Ал киши жүрүп-жүрүп, жашап-жашап олтуруп 80ден ашканда баарына түшүнгөн. Ошондо үйүнөн качып кеткен. Турмушунун аягы, бүтүшү өзүн жеңүү менен аяктаган.

– Жүз жыл мурдагы жашоодогу адамдар менен жүз жыл кийинки жашоодогу адамдарда кандай айырмачылыктар болот?
– Жүз жылдардын аралыгында көп деле чоң айырмачылыктар жок. Ошол эле адамдар. Акыл-эс, ойлонуу жөндөмдүүлүктөрү. Миң-миң жылдардан соң адамдар өзгөрөт.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.