«Кар» сынагы: Асыран Айдаралиев

 

БУРГАНАК

Аздап, аздап аппак кар себелеген,
Аалам, жерди аймалап «тебелеген».
Бүртүктөрү ак кардын себелеген.
Бүт дүйнөнү лапылдап «тебелеген»,
Бүлүк салып сезимди буулуктурат,
Буулуктурат не мурун кенебеген.

Сансыз ойду сагыныч аралаган,
Сампар карга тигилем сабалаган.
Жанчып жатты жай гана кар бүртүктөр,
Жан дүйнөмдү сыздатып, жаралаган.
Жүүнүм качып, жүлүнгө доо кеткендей,
Жүрөгүмдөн кан тамат, канабаган.

Бутту тушап бастырбай жемелеген,
Буюккан кар ышкырат «керегеден».
Бүт жер жүзүн кусалык каптагандай,
Бугум чыкпай ордумда тегеренем.
Булуттарга кошулуп сызгым келет,
Бурганактай буулуккан жебе менен.

Аппак кардай адеми дүйнөбүздү,
Аяганды билбей биз кирдетебиз.
Аруу, делбир дилибиз таза болсо,
Ала шалбырт көктөмгө бир жетебиз.
Алыс сапар, түбөлүк чексиздикке,
Аппак кардай бир эрип, бир кетебиз.
Бурганака айланган бул жашоого,
Бурганактап бир келип, бир кетебиз!..
Финляндия

Асыран Айдаралиев,
«Кар» сынагына

Соц тармактар:

8 thoughts on “«Кар» сынагы: Асыран Айдаралиев

  • 02.02.2012 at 14:15
    Permalink

    Философияны ичине камтыган мыкты ыр. Жакшы жазылган экен.
    Алыс сапар, түбөлүк чексиздикке,
    Аппак кардай бир эрип, бир кетебиз.
    Бурганака айланган бул жашоого,
    Бурганактап бир келип, бир кетебиз!..
    жакшы саптар экен…

    Reply
  • 07.02.2012 at 03:03
    Permalink

    Салмактуу, жашоону терең камтууга аракет кылып жазылган ыр экен. Сагыныч, кусалыктын деми “буркурайт”. Бир сөз менен айтканда жакшы жазылган, мага жакты.

    Reply
  • 09.02.2012 at 18:54
    Permalink

    Авторго чыгармачылык ийгилик каалайм жана жогорудагы Сынчы мырзанын пикирине толугу менен кошулам.

    Reply
  • 17.02.2012 at 19:17
    Permalink

    Бул байкени журналист катары жакшы макалаларын окуп калчуумун бир-эки жыл мурун. Мыкты акындык жайы да бар тура бу кишинин. Мен да ыр жандуу немемин озу, соoнун жазыптыр. Чынында азыркы жашоонун озу бороон-чапкын, бурганак эмеспи. Турмуш менен табигаттагы окшоштук. Философиялык салыштырмасы мыкты.

    Reply
  • 20.02.2012 at 00:50
    Permalink

    чындыгында бул ырга сын таканга менин чыгармачылык кудуретим жетпейт,эн сонун мага абдан жакты!

    Reply
  • 21.02.2012 at 13:29
    Permalink

    Бул ырды окуп атып автор айылын, жерин сагынып атып жазгандай болду мага. Аппак кардын артынан алыс жактарга барып келди окшойт.

    Reply
  • Pingback: Сынактын аяктаарына аз эле калды — Кыргыз маданият борбору

  • Pingback: «Кар» темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.