Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев 80 жашта

Ырлары кыргыз жыттанган, чыныгы элдик акын Байдылда Сарногоев агайыбыз тирүү болгондо 14-январда туптуура 80 жашка чыкмак экен. Эмне үчүн тирүү болгондо? Жок, ал тирүү! Көбүбүздөн бир кыйла тирүүрөк! Анткени, акындын ырын жок дегенде бир адам билип, сүйүп окуп турса, ал акын дайым тирүү болот. Ал эми Байдыкебиздин ырлары жалпы кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланып, кыргыздын жан дүйнөсү менен эчак эле жуурулушуп кеткен. Кыйын болсоң, ажыратып көр!

Байдылда агайбызыдын тирүүлүгүн дагы бир жолу айгинелеп, анын ырлары менен тамшаналаы!

МЕН КИММИН?
Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам,
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.

Агайдын башка ырлары


Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.