Зайырбек Ажыматов. “Сайра эне” (поэма)

Биздин таенебизди айылдагы кийинки муун Сайра эне деп коюшчу. Атабыз мен төрт жашка келгенде, эң кичинекей иним сегиз айлыгында каза болуп, кийинчерек апабыз турмушка чыгып, ошол кемпир бизди сары ооз балапан кезден багып өстүрүп, эң улуусу мен 32 жашка келип бала-чакалуу болуп калганымда инимдин колунда 85 жаш курагында дүйнө салды. Таенемдин каза болушу менен мен өзүмдү чындап жетим калгандай сездим. Себеби мен аны ата оордуна ата, апа оордуна апа тутунуп калган элем.

Автор, 2008-жыл 14-март.

1. АЛГАЧКЫ ЫР 

Шаарга кеткен кабар жок менден,
Шаардан барган сурайсың элден.
Шаабайың сенин суутат далай,
Шашылыш барып көрбөдүк дешкен…

Санаалар анан эңшерип ичиң,
Аларга кейип көрбөгөн үчүн.
Чаалыгып үйгө келесиң араң,
Чаң жолго таштап кепичтин изин.

Көңүлгө кайра үмүт от жагып,
Жүргөндүр дейсиң жылдыздай жанып.
Сезимде мени жатасың калчап,
Серейип жалгыз отуруп алып.

Мен жүрөм таене арманым ичте,
Мезгилдер учат, кармалам ишке.
Ар мүнөт сайын эңсесең мени
Ай сайын а мен барбадым сизге…

Ырбаган чыгаар көңүлдө жараң,
Качкандыр уйкуң тынчыбай санааң.
Мен жүрөм таене, жол тосо чуркап,
Мектептен эгер кечиксе балам…

Өзүмдү, сизди алдадым, аттиң,
Барам деп далай барбадым, аттиң!
Кантейин сизден артыктай болду,
Катыным менен балдарым аттиң…

Мен барбай же сиз шаарга көнбөй,
Сагыныч, санаам чеги жок көлдөй.
Көмө албай сизди калбайлы кокус,
Байыйын таене туруңуз өлбөй…
2005-жыл

2. УЯДАН ТҮШКӨН БАЛАПАНДАР

Ак-жол айылым баары, баары эсимде,
Атам өлгөн, апам болсо Кечүүдө.
Таенебиз Сайра кемпир биз үчүн,
Ата да эле, апа да эле кезинде.

Үч жетимбиз, тагдыр таштап асманын,
Уябызды көрдүм өлүм чачканын.
Эрбеңдеген карындашым, иним бар,
Эң улуусу менмин – төрт-беш жаштамын.

Турмуш деген билбейт окшойт капаңды,
Жоготуулар толуктаган катарды.
Жулкулдатып алып кетти тагдыры,
Жыйырма үчүндө жесир калган апамды.

…Күнөөлөбөйм турмушу бар анын да,
Бүлө күттү барып коңшу айылга.
Бирок бирок, бизди кыйбай кайра эле,
Байкуш апам күйдү эки жалынга.

…Не демекпиз… заманабыз тарылган,
Жеке менин жүрөгүм жүз жарылган.
Атадан го үмүт эрте үзүлгөн,
Апа деген сөздүн өзүн сагынгам…

Эч ким жоктой мени апамдай аярга,
Энеси жок көнбөй жүрдүм далайга,
Ап-а, апа-а деп алам катуу кыйкырып,
Эч ким укпас ээн жерге барам да.

Атам кирип түштөрүмө күндө эле,
Аны ээрчип кетким келчү мүрзөгө.
Адашкандай жалгызсырайм, жабыгам,
Аңгыраган ушул жарык дүйнөдө.

…Таенем анан үзүлгөндү улаган,
Сынып калган көңүлдөрдү кынаган.
Ал бар үчүн бапестелген кайрадан,
Үч балапан түшүп калган уядан.

 

3. ЭСКИ ҮЙДӨГҮ ЖОМОКТОР

Таенемди да турмуш далай калчаптыр,
Согуш көрүп тагдырынан аксаптыр.
Башка чукак. Эки эгиз кызы бар,
Жалгыз уулу жаштайында чарчаптыр.

Зор арманы уул жактан кем экен,
Кокусунан, мөгдөп калган эне экен.
– Бектурсунду көрсөм эстейм баламды-
дечү, уулу ал кишиге тең экен.

Бир жыл болбой таштап жарын конушка,
Жан биргеси аттаныптыр согушка.
Аз өтпөстөн кара кагаз келиптир,
…Уулу дагы чарчайт анан оорукта.

Күйчү таенем күтпөдүм деп белегин,
Сагынычтан ооруду деп данегим.
Өтүп кетет чыр-чыр этип наристе,
Таенем калат жашка чылап карегин.

Билмек беле согуш тилек, максатты,
Мындай тагдыр далайларды какшатты.
– Атасына тийдим дечү кыздардын,
Он жыл жакын күтүп жүрүп Акматты.

– Тартып дайым жоготуунун тузагы.
Мында дагы таалайымды тушады.
Таятаңар согуш көргөн киши эле,
Эки кызы жаштайында узады.

Чоң согуштан аман келип Мамырбай,
Бирок анын запкысынан арылбай.
Сексейген бу эгиз кыздуу болгондо,
Өтүп кетти дартка даба табылбай.

– дейт да таенем келет замат кайратка,
Турмуш менен чыкканмын деп кармашка.
Эмгек менен жеңгиле дейт балдарым,
Эгер сага мээнет канча жармашса.

 

* * *
Таекебиз бар жоош, момун ыр жазган,
Таенемдин бир тууганы сыйлашкан.
Жумшак адам, чөпкө да жок сыяны,
Дарак менен, гүлдөр менен сырдашкан.

Амандыгын тилеп таенем Кудайдан,
Ал балалуу болгон сайын кубанган.
Жалгыз укөм, Көлөйүм деп эш тутат,
Бир уул деп Батырбектен уланган.

Көлбай таекем турат ошол айылда,
Таенем кокус сыркоолосо жанында.
Түндүк бөлөк, бөлөк демек түйшүгү,
Үйү толо балдары бар анын да.

Калбагандыр таенемин арманы,
Батырбектин урпактары жайнады.
Байкуш кемпир көрүп калды чет-четин,
Тың чыгышты Көлөйүнүн балдары.

Бир сиңдиси Укапабыз алыста,
Аппак кемпир, токтоо анан калыс да.
Ал да өттү. Айда жылда бир келчү,
Сөзү бүтпөйт бир туугандар табышса.

Издейбиз деп инибизди келбеген,
Кат жаздырат каякадыр дембе дем.
Соорбек тайке кеткен бойдон согушка,
Дайынсыз дейт, …кара кагаз бербеген…

Кыздын бири менин апам Зууракан,
Жетим калып, жесир калып куураган.
Экинчиси-Батмакан ал Кербенде,
Бүлө күтүп өз турмушун улаган.

 

* * *
Биз барбыз да, апам тез-тез кайрылып,
Келип турат үйүбүздү шаң кылып.
Айлап кээде жүрүп калат ал жерде,
Алабыз биз сагынычты кандырып.

Жашырып не, келет түйшүк басканда
Үй-бүлөлүк чыр-чатактан качканда.
Аке дейбиз атабызды кийинки,
Ал ичкенде айланчу экен арстанга.

Турмуш да бул… аптап, салкын, бороондуу,
Канча адамды кылган кокус коромжу.
Бир энеден алтоо барбыз, а алар,
Бир атанын балдарындай чоңойду.

Инилерим мени ээрчип ыр жазып,
Же болбосо обон созо ырдашып.
Балдар болбу баалаган өнөрдү,
Агаларын турган дайым сыйлашып.

Бирок чындык… апам мүмкүн кечирет,
Мен түшүндүм аны чыны кечирээк.
Таенем менин ата-энеме айланган,
Апам болсо эжекемдей сезилет.

 

* * *
Билим жактан калып таенем катардан,
Ликбез окуп аз-маз гана кат алган.
Баатыр сындуу Батырбектин кызы экен,
Көк бөрүчү, чоң чеңгел деп аталган.

Таза, тыкан, анан өтө сак эле,
Бетке чабар. Ар бир ишке так эле.
Шартылдада чалгы чаап эркектей,
Карсылдата отун жарган жан эле.

Дайым камдуу, куштай жеңил канатчан,
Сарамжалдуу, берекелүү, жаратман.
Жайга чейин сактачу эле алмасын.
Бизге кышта берип коюп аз-аздан.

Унга көмгөн сүр эт такыр үзүлбөй,
Бозосу да кайнап турат күжүлдөй.
Жумурткалар туруучу эле жыйылып,
Кой, эчкиси эгиз тууп күтүлбөй.

Анда заман жокчулукту сезе элек,
Өзү айткандай хан тамагын жечү элек.
Ачык болчу колу дагы, тойлорго,
Жөнөп калат торпок, козу жетелеп.

Бак таалайы калган дедик ченелип,
Эки эгиз кыз маңдайында кедейип.
Жапжалгыз да, турмушка узап кыздары,
Бүт мээримин бизге төктү энелик.

Кыш келгенде жаккан отко каланып,
Жомок угуп, алсыздарды аядык.
Таенем өзү салгам дечү эски үйүн,
Анда өттү биздин бае балалык.

Ал эски үй пайдубалсыз каржалган,
Жаман эле коңшу турган тамдардан.
Бирок бирок, жепирейген ошол үй,
Биздин кымбат уябызга айланган.

Таенем айтат, ачарчылык басканын,
Басмачылар мал-мүлктөрүн чачканын.
Ыйлайт дайым айткан кезде согушта,
Соолтуптур ал ааламат жаш чагын.

-Дайыны жок кетти Соур иним дейт,
Жарын айтса үнү кетет дерилдеп.
…“Чалыңызды сүйчүсүзбү” деп коем,
Жашын аарчып байкуш таенем күлүңдөйт.

Күлүңдөйт да карап мени ормоюм,
Кайра отурат олут менен оңдонуп.
– Ошентип да сурайбы-деп, кейийт ал,
Сен айткан сөз болду азыр деп кол жоолук.

Мен актанам, токтотпостон күлгөндү,
-Сүйөмүн деп ырдап деле жүрбөйбү.
– Сүмүрөң кал дейт да таенем жылмаят,
Айтпайт өзү такыр ушул сүйлөмдү.

Бабалардын тарбиясы уланган,
Муун эле бул сөздү укса кызарган.
Мен өмүрдө көрдүм жалгыз таенемди,
Сүйүү деген сөздү айткандан уялган.

Жакшы маанай түзүлгөнгө кубанып,
Кетет анан сөздөрүбүз уланып.
-Каалап эле ал адамга тийгем-дейт,
Жүргөнбүз дейт бул үчүн да суралып.

Суралганы, анда өкүмөт жаңы да,
Большевиктер кирип турган табына.
Таенем келин болгон кезде сурашат,
– Атаң сени саттыбы деп калыңга?

– Каалап эле тийдим дегем аларга-
дечү эле да калат тынып саамга.
…Айтып берет андан соңку кызыкты,
Эмнегедир болуп токтоо, аяр да.

Чындап эле бар сыяктуу күнөөсү,
Бир жаңылдым-деп эскерчү муну өзү.
– Кепичиме батек кылган гезитте,
Бар экен дейт Сталиндин сүрөтү.

Кат тааныбай, тамгаларды жаттабай,
Билимсиздик азабын көп тартам ай.
Гезит салгам, бирок сүрөт жок эле,
Кантип эле калдым экен байкабай.

Адамга адам душман тура жалганда,
Мен аны өзүм окшобогом салганга.
Же кепичим алмашылып кеткенби,
Кокусунан той-топурга барганда.

Мүмкүн бирөө жасагандыр ким билет,
Келишти дейт бир кишилер күңгүрөп.
Үйдү тинтип, мени күндө чакырып,
Сурак берип суй жыгылгам үлдүрөп.

Бул окуя буй кылыптыр сезимин,
Тергөөчүнүн жырткам дечү эшигин.
Ыраазы эле сактады деп кудайым,
Кутулган го, сурап жүрүп кечирим.

Окуянын чып-чыргасын коротпой,
Образга кирип айтат жомоктой.
Сүйлөп берсе баштан өткөн кездерин,
Өзү дагы, сөзү дагы болоттой.

Дүйнө таанып жаткан анда кезегим,
Эски адамдын сөзүн сүттүй эмемин.
Ал иниститут. Студенти болдум мен,
Үч доорду көрүп келген эненин.

 

4. ТАЕНЕМДИН ЭМГЕК САБАГЫ

Иш кылууда таенем дайым шайыр да,
Ишенбиде тартат бизди жанына.
Беш-алты сөз билүүчү эле орусча,
Айтып аны тарс күлдүрөт дайыма.

-Суббота ээ, субботникке келгин-дейт,
Ден победа, мектебиңди жеңдиң-дейт.
– Жаблоко кушайте-деп, апкелип,
– Потпис коем дневнигиң бергин дейт.

Күндөлүктүн ар бир күнүн карайт да,
Көңүл бурат тапшырмага, талапка.
Потписи ал – басып коет бармагын,
Эми ойлосом, окубаптыр ал анда…

– Эртең мына баарыңарга дем алыш,
Тапкан туткан, тамак-ашты жеп алыш.
Эмгек менен сергиткиле мээни,
Таңда туруп бир жакшы иш кылабыз.

Андыктан биз курсакты ойлоп оболу,
Тооктордун эң семизин соелу
– дейт да тайенем камын көрөт оокаттын,
Келүүчүдөй эртең барктуу коногу.

Чөп жыйнайбыз же жүгөрү чабабыз,
Эшек менен же отунга барабыз.
Көң казабыз, жер казабыз болбосо,
Ишти дагы оюн кылып алабыз.

Ал жумуштар кийин канча эңсетти,
Түйшүк толо чекебизди тердетчү.
Таенем бизге айткан сайын күчөйбүз,
-Атаңар да сүйчү эле деп эмгекти.

Коебуз деп болбогонду болтуруп,
Жүн тытабыз таенем менен кошулуп.
Кийиз кылса биз да кошо жанында,
Оюмдарын жасайм өзүп олтуруп.

Кой десе да кээ бир иште көнбөйбүз,
Таенем кылган бардык ишти жөндөйбүз.
Айырмасыз бизге бардык жумуштар,
Эркектики, кыздыкы деп бөлбөйбүз.

Тарбия да, дем, күч берген көңүлгө,
Айтып берет таенем атам жөнүндө.
– Жетет эле атаңарды тартсаңар,
Андай адам бир жаралат өмүргө.

Элесимде-дечү тайнем азыр да,
Бир жан эле акылдуу да, асыл да.
Иши менен бааланды, сыйланды,
Депутат болду жыйырма төрт жашында.

Жөпжөнөкөй жетсе дагы урматка,
Элпектиги, адамдыгы бир башка.
Эл, журт сүйгөн дили таза бала эле,
Эшик төрү толгон доско, курдашка.

Чоңдор чыны атаңарды көтөрдү,
Өзү дагы иш дегенде көшөрдү.
Өз уулумдан артык көрүп калганмын,
Ал өлгөндө жүрөгүм жүз көзөлдү.

Жакшы адамдын өмүрү эмне кыскабы,
Ал өткөндө айылы бүтүн сыздады.
Киши колдуу болгон дешти, кайрандын,
Өз жанынан чыккан экен душманы.

Иш десе эле билбей таңды, кечти да,
Сөзгө алынып, кадыр барка жетти да.
Жыйырма сегиз жашка чыгып болгону,
Кайран бала бала бойдон кетти да-а…

Адатынча жашыйт таенем муну айтып,
Бизди дагы тумчуктуруп, муңайтып.
Атакемдей адам болом деген ой,
Ар учурда келет мени чыңалтып.

Эзелкиден балдар үчүн арналган,
Бул тарбия, эң зор усул тандалган.
Мүмкүн атам катардагы пендедир,
Бирок бизге идеялга айланган.

 

5. НАРКТУУ КЕМПИРЛЕР 

Кээде үйгө кемпирлер бүт келишет,
Ушакташып сөз сазайын беришет.
-Ой келин, деп тергеп Зыйнат энени,
Жийде энени атайт таенем Мейиз деп.

Бирок сыпаа өзү, сөзү алардын,
Ушагы да бийик, нарктуу анан чын.
Чектен чыккан жаман сөздөр айтылбайт,
Сындашса да терс жоругун далайдын.

Таенем куудул, эгерде бир баштаса,
Кийинки улайт, сөз учугун таштаса.
Теңтуштар да, тамашалайт бир-бирин,
Бирок такыр азыркыдан башкача.

Сый тамаша капалыкты жазгырат,
Кемчилигин сезип бири каткырат.
Урушушпайт, таарынышкан сөзү да,
Урмат менен, мээрим менен айтылат.

Айтор баардык мамилени теңдешет,
Таарынышса кайра эле бат элдешет.
Эң кызыгы бирин-бири аларың,
Атын айтпай ызатташып, тергешет.

Бири шашма, турган дайым оолугуп,
Бир дале жаш келиндей чоюлуп.
Жоолуктарын оңдой салып кайрандар,
Жөнөп калат той-топурга чогулуп.

Апарары дайын болуп ким эмне,
Даяр болот кошумчалар берерге.
Таенем бизге “бечир кеттим” деп коет.
Жакшылыкка бара жатса эгерде,

Акан эне, Зыйнат эне, Турду эне,
Бир бирине аузын, теңтуш, курбу эле.
Баары кетти, бала кезде мага алар,
Умай сындуу эне болуп турду эле.

 

6. АРГАСЫЗ КОШТОШУУ 

Моюнга артып үмүттөрдү, санааны,
Окуймун деп кеттим көздөп калааны.
Менден эстүү болуп иним Санжарым,
Таенемди көзү өткөнчө карады.

Мен кетерде Санжар он үч жашта эле,
Мен жок кезде ошол үйгө аска эле.
Эми ойлосом зырп деп кетет жүрөгүм,
Ал кезекте боорум эмне таш беле?..

Узаарымда иним ойлуу отурду,
Минтип айтып, сөзгө кокус кошулду:
– Курмандыка чалсаң бизди окуу деп,
Мен таенем деп курман чалам окууну.

Максат үчүн кайыл болуп баарына.
Актым, чөктүм бул турмуштун шарына.
Иним турду карап, күтүп кемпирди,
Өзүнө окшоп эстүү чыгып жары да.

Чоң окууга окуймун деп айтпады,
Кааласа да шаар көздөп качпады.
Очор-бачар болуп ошол айылда,
Таенебизди бөпөлөдү, сактады.

– Билбейм неге чандың экен айылды,
Окуймун деп кыйнадың ээ, жаныңды-
деп кейиген таенем жолго чыгарда,
Мында дагы көрүп менин камымды.

Ыр окуп бир чыгып калсам телеге.
Таенем кызык… кейидим дейт эң эле.
Жакшы болбо, антип атаң не болду,
Жаман эле адам болчу деди эле…

Тың кезинде курут, майын салчу эле,
Аларды алып каректен жаш тамчу эле.
Каникулга барганымда айылга,
Кайран таенем канат кагып калчу эле.

…Батпай кетем муну ойлосом эч жерге,
Көр тирилик ай, машсың көкөй кескенге.
Урматымды көрбөй калды таенем,
Үй-жай салып, оокат-ашка жеткенде.

Көк жетимге көксөгөнүн берет ким,
Эмгек менен, мээнет менен мен өстүм.
Ырыскыдан кем кылган жок Кудайым,
Бай эмесмин, жарды дагы эмесмин.

Таенем кетти көрөр кезде сонунду,
Күтүп жүрүп күндө менин жолумду.
Өзү айтчу эле уулум жок деп көмөргө,
Урмат менен өз жайына коюлду.

 

З.Ажыматовдун башка ырлары

 

Соц тармактар:

One thought on “Зайырбек Ажыматов. “Сайра эне” (поэма)

  • 07.02.2012 at 17:49
    Permalink

    Бул жигиттин ЗАК деген аталаштагы кочо бандити болгону чын экен значит.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.