Аспаптардан азык алган

37 музыкалык инструмент. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КР эл артисти Курмангазы АЗЫКБАЕВ 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи виртуоздун репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктан ашырып Гиннес рекорддор китебине катталсам деген изги тилек менен жашап келет.

“Инструменттерди аялымдай эле өөп-жыттап турам”

– Баш-аягы канча аспапта кол ойното аласыз?
– Негизи эркин ойной алам деген аспаптарды тизмелесем 54кө жетти. Бирок 37 инструментти дайыма чертип жүрөм. Алардын ичинде кыргыздын байыркы аспаптарынан баштап азыркы учурда популярдуу болгон дүйнө элдеринин улуттук аспаптарына чейин бар.

– Мынча аспаптын бардыгын кантип үйрөнүп алгансыз?
– Армиядан келген убагымда аспаптарга кызыга баштадым. Эң биринчи өздөштүргөн аспабым флейта болчу. Ошондон бери эле улам бир аспапка кызыгып отуруп ушунчага жетти. Эң негизгиси, адамда бир нерсеге кызыгуу пайда болуп, каалоо болсо бат эле үйрөнүп алууга болот. Багып алган атам комуз чапчу. Ал кишинин таасири да болсо керек.

– Өзүңүз комуз чапканды билесизби? Деги эле аспаптарыңызды ким жасап берет?
– Мен комуз чаппайм. Асылбек, Алтынбек деген усталар аспаптарымды жасап беришет. Бирок кантип, кандай жасалышын, тарыхын жана келип чыгышын жакшы билем. Инструменттердин да эркек, ургаачысы болот. Мисалы, кыл кыяктын кылы айгырдын куйругунан жасалгандыктан, эркек аспаптардын катарына кирет. Бээнин куйругу жарабайт. Анткени заара менен булгап салышат. Кыл кыяктын башын жакшылап карасаңар айгырдын башынын элесин берет.

– Инструменттерди кантип сактайсыз?
– Аспаптар дары сыяктуу эле аяр сакталат. Күн тийбеген, бирдей температурада сакталышы керек. Негизи, челектеги балга салып койсо өмүр бою сакталат. Бал инструментке сиңгенден кийин такыр эскирбейт. Өзүңүздөр көргөндөй бир бөлмөмдү атайын аспаптарга бөлүп койгом. Бардыгы бийик жерде, музейдегидей илинип турат. Бирок чет өлкөлөргө чыкканда ысык-суук болуп жатып бузулат экен. Инструменттерди аялымдай эле өөп-жыттап турам.

– Шакирттериңиз барбы? Деги эле билген аспаптарыңызды келечек муунга үйрөтүп жатасызбы?
– Кызым Нурайым он чакты, уулум Нурсултан беш аспапта кол ойнотот. Колдон келсе эле жаш муунга үйрөтөйүн деп жатам. Каалоочулар, волонтерлер келсе бекер эле үйрөтөм. Негизи, мамлекет мени көзүм тирүүмдө пайдаланып калса болмок мектеп ачып дегендей. Азыркы жаштар Батыштын таасири менен жеңил-желпи, күйөм-сүйөм деген ырларды ырдап, угармандардын табитин бузуп салышты. Болбосо мамлекет улуттук аспаптарды пропаганда кылып, жаштарды тарбиялаш керек болчу. Музыка деген чоң идеология. Ал эми биздин “жылдыздар” микрофон кармап алып “сагыз чайнагандан” башканы билишпейт. Инструментте ойномок тургай музыкалык билими барлар чанда кездешет.

– Кыргыздын улуттук аспаптарына кененирээк токтоло кетсеңиз.
– Кыргыздар байыртадан теңирчиликке сыйынгандыктан, аспаптардын келип чыгышы да теңирчилик менен тыгыз байланыштуу. Мисалы, чопо чоордун курамы от, суу, аба жана топурактан турат. Ар бир аспапка ат коюш керек. Ошондо гана аспапка жан кирип, атына заты жарашат. Мисалы, кыргыздын саксофонуна “кумуфон” деп ат коюп койдум. “Куму” менин эркелеткен атым. Ошол эле саксофон Адольф Сакс деген кишинин атынан коюлган. Ошону менен бирге ар бир аспаптын эн тамгасы болуш керек. Кыргыздын улуттук аспаптарында оймо-чиймелер болот. Мунун бардыгы теңирчиликтеги эн белгилер менен тыгыз байланышта. Кыргыздар көз тийбесин, сынбасын деп ырымдап коюшкан. Кыргыздын комузу чоң, орто жана кичи болуп үчкө бөлүнөт. Мурун бүгүлмө комуздар да болгон. Азыр болсо андай комуздан дайын жок.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.