“Кар” сынагы: Калича Жакыпова

Кар жана балалык

Асмандан жаткан өңдүү ун эленип,
Акырын жерге түшүп, үбөлөнүп.
Ааламды аруулукка бөлөгөндөй,
Аппак кар, жаап жатты, себеленип.

Кар жааган ар бир айлуу, кышкы кечте,
Капылет өткөн кезим түшөт эске.
Санаада бир бүркүм ой жашап келет,
Сабалап алга карай мезгил өтсө.

Кыш кирсе, баары тегиз бубактанып,
Калчу эле кайран көңүл кубаттанып.
А бирок, кармалбастай кайып болгон,
Кар менин балалыгым сыяктанып.

Убакыт улам бөлүп арабызды,
Уурдайсын кыялыбыз, санаабызды.
Сампарлап жааган карга жүзүн тоскон,
Сагындым эрке кыял, «кара кызды».

Ойлочумун, кар жылдыздын элеси деп,
Ызгаардан тоңуп калган денеси деп…
Бактылуу күндөрдү эстейм, карды көрсөм,
Бае кез, балачактын күбөсү деп.

Суука үшүп, келсем, жашым тегеренип,
Санааркап калчу апам чебеленип.
Кайдадыр алыс калып ошол чактар,
Же калгандыр, кар алдында тебеленип…?

…………………………………………………

Асмандан жааган карды карап турдум,
Амалсыз жүрөгүмдөн канап турдум.
Балалык эске салган аппак карды,
Баса албай эмнегедир аяп турдум,
Бактылуу ошол кезди самап турдум…
Нарын. 17.01.2012

Калича Жакыпова,
“Кар” сынагына

Соц тармактар:

16 thoughts on ““Кар” сынагы: Калича Жакыпова

  • 30.01.2012 at 12:46
    Permalink

    Мына эми чеберчиликтин кучуно салбай, ички туюмунду тогуп жазыптырсын. Ырдан жон эле текст эмес, Сен Озун корунуп турасын. Ыр деген ушундай болуш керек.

    Reply
  • 30.01.2012 at 15:17
    Permalink

    Кантсе да ыр Нарында жазылганы сезилип турат, азаматсын Калича!

    Reply
  • 30.01.2012 at 18:06
    Permalink

    абдан жакшы, сезимге бай жазылыптыр, автордун таланты бар экендиги корунуп турат. калемин курчуп, талантын ташкындай берсин.

    Reply
  • 02.02.2012 at 14:06
    Permalink

    Бул ырдын автору мурдатан ыр жазып жургондордун катарынан орун алаары байкалып турат. Уйкаштык техниканы, ырдын маанисин ачып берууну жакшы оздоштуруп калган. Калеми тузолуп, такшалып калган акын кыз экен. Азамат.

    Reply
  • 02.02.2012 at 15:21
    Permalink

    Салыштыруу жакшы чыккан. Бир кезде мадыра баш балдар, секелек кыздар сууктун ызгаарына карабай, оюнга кумарлары тарабай турган балалыктын айылына алып барып келгендей болдун))) Асмандын ун элеп жатканы озгочо жакты, ун элеп жаткан апамдын мандайына “бежиреп” отуруп алган кезим эске тушуп))). Бешиктеги баланын бек болорун ким билет – демекчи, ошондогу кара кыз канчаларды суктандырган талант ээси болуп, шурудай тизмектелген ыр саптары менен кубантып отурат. мындан да жакшы ырларды жарата беришине тилектешмин!!!

    Reply
  • 02.02.2012 at 20:27
    Permalink

    Жарайсыз Калича эже жан дуйно кубат алчу ырлардан экен! Ар дайым акындардын алды болуп журо беришинизге тилектешмин!!!

    Reply
  • 03.02.2012 at 18:11
    Permalink

    Ар-ким ар демке дейт конул бурбан?ырыныз абдан коооз!!калеминиз курчуй берсин??

    Reply
  • 08.02.2012 at 22:37
    Permalink

    Асман буркоо, булуттар да сурулуп, Санаалар да табигаттай турулуп, Сампарлаган аппак карды кутуудо, Ал да нени бутурчуудой кутунуп,.
    Мен келемин махабатты тутунуп. Тынбай суйуп ,тууруна тутулуп!

    Ыр мыкты журок толтосунан чыгыптыр ,табигий талант оорчу берсин Раш Авазкан уулу!

    Reply
  • 21.02.2012 at 16:41
    Permalink

    илхом келип тургунда бир шилтем менен жызалса да өтө мыкты жазылган ыр болуптур.Бул жерде жасалма кооздоо-бөздөө деген нерсе жок.Окусаң жан дүйнөң эс алат экен чиркин.Негизи эле Калича өсүп келатат.Азаматсың карындашым…

    Reply
  • 21.02.2012 at 17:50
    Permalink

    Калича-озун кээ бир жерде Жакыпова деп берсе, кээ бир жерде Тилебалды кызы деген ат менен айрым ырларын жарыялап тураарын байкап журом. Ырларына сереп салып, адабиятчы катары коз кырымды салып келем. Негизи эле ырлары жондуу чыгып бир топ такшалып калыптыр. Ылайым ырларынды жашап жазып, кыргыздын уучуна атын чыккан кыз бол, кагылайын! Поэзияда башка акындардын нугунда эмес, оз чыйырынды тап.
    Келечек ушул жаштардыкы да. Ушулар биздин салтыбызды, нарк-насилибизди улантуучулар да. Кудай таланты менен кошо амандыгын кошуп берсин. Элиндин сыймыгы бол, айланайын!
    Акмат Жангорозов

    Reply
  • 24.02.2012 at 15:08
    Permalink

    Абдан жакшы ыр экен. Окуп жатканда кадимкидей балалык кездеги кышында кар атышып же чана тээп, бутум шагалдак болуп келип апамдан коркуп эшикте турган кундорумду эске салды. Акын кыз азаматсын калеминдин учу курчуй берсин! Ийгилик каалайм сага!

    Reply
  • 25.02.2012 at 12:53
    Permalink

    Ушул ыр озгочо ыкма, бийик чеберчилик менен жазылыптыр! Баракелди кыргыздын Каличадай акын кызына! Калеминдин сыясы тугонбой, кыргыздын сыймыгы болуп, баа жеткис шедеврлерди жаратып журо бер!!!

    Reply
  • 01.03.2012 at 17:21
    Permalink

    Азаматсын Калича! Чынармачылыгына ийгиликтерди каалайм. Бул ырды кынаптап жакшы жазыптырсын. Калемин курчуй берсин! Азамат!

    Reply
  • 17.09.2012 at 16:49
    Permalink

    Чыгармачылыгына ийгилик. Сонун жазылыптыр. Ырлар жыйнагын кайдан тапса болот.

    Reply
    • 17.09.2012 at 16:55
      Permalink

      Ырлар жыйнагы азырынча чыга элек.

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.