Бексултан ЖАКИЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин төрагасы: “Мамлекеттик сыйлык шумпайлардын колуна тийип тамтыгы чыкпаса дейм”

“Комитеттин курамы уюшулгандан бери түк жаңылана элек” деген дооматка да жооп айта өткөнүм жөндүүдүр. Бул дооматтын жалган жалаа экендигин өкмөттүн токтомдору менен далилдейин. 1997-жылы 3-апрелде кыргыз өкмөтүнүн токтому менен комитеттин курамы экинчи ирет жаңыланган (ротация болгон). Үчүнчү ирет 2000-жылы 30-августта жаңыланган. Анан 2002-жылы 23-январдагы, 2006-жылы 22-марттагы, 2008-жылы 5-августтагы, 2009-жылы 10-февралдагы токтомдоруна ылайык ротация жүргөн. Айтор, он төрт жылга чамалаш аралыкта комитеттин курамы жети жолу жаңыланып, алтымыштай мүчөсү алмашкан. Жаңылануу такай болгон, шартка жараша болуп турчу процесс. Алиги “комитеттин курамы эч жаңыланбайт, аны толугу менен алмаштыруу керек” дегендердин максаты – өздөрүнө ылайыктуу комитет түздүрүп, сыйлыкты каалагандай таламайга салуу экени айдан ачык.

– Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы качан негизделген?
– 1964-жылы кыргыз элинен чыккан улуу демократ, гуманист акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата адабият, искусство чеберлерин колдоо, шыктандыруу жана чыгармачылыкты өнүктүрүү максатында олуттуу милдеттер, иш-чаралар белгиленип, ошолордун ичинде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты негиздөө чечими өкмөт жана партиянын Борбордук Комитети тарабынан кабыл алынган. Алгачкы сыйлык чечим чыккандан кийин үч жыл өтүп, 1967-жылы ыйгарылыптыр. Анын себеби, уюштуруу иштери, ошондой эле лауреаттардын күбөлүк, дипломдордун, айрыкча Москвадагы монета сарайынан медалдарын жасатуу түйшүктөрү кармаган болуу керек. Бул илээндилик, ыкшоолуктан эмес, ошончо мөөнөт керек экенин кийин өз башыма келгенде билдим.

– Бул сыйлык кайсы тармактарга, кандай критерийлердин негизинде берилет?
– Токтогул сыйлыгы поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, театр жана көркөм сүрөт өнөрү, скульптура, радио жана телечыгармалар тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууда жана жакындаштырууда чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, коомчулукка кеңири жаккан мыкты чыгармаларга ыйгарылат. Сыйлык ыйгаруу боюнча өкмөт бекиткен жободо ушинтип жазылган. Жобо комитет үчүн мыйзам. Аны бузушка эч кимдин акысы жок.

– Бул сыйлыкты ыйгаруу боюнча атайын комиссия бар экени маалым. Ал кандайча жана кайсы жылы түзүлгөн?
– Расмий аталышы комиссия эмес, Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитети деп аталат. Алгач ал Токтогулдун 100 жылдык мааракесине карата түзүлгөнүн жогоруда айттык. 1989-жылы акыркы ирет ыйгарылып, кийин биртоп жылга токтоп калыптыр. Токтогул комитетинин эгемен кездеги курамы кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-сентябрдагы токтому менен түзүлүп, төрагалыгына мен бекигем. Комитеттин курамы көркөм өнөр жана адабияттын кадыр-барктуу профессионал 25 адисинен турган төрт секцияга бөлүнөт: адабият секциясы, музыка секциясы, театр жана кино секциясы, көркөм сүрөт жана архитектура секциясы. Ар бир секцияда бештен кем эмес, жетиден ашык эмес мүчө болушу зарыл. Токтогул комитети кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-сентябрында түзгөн курамы менен ишке кирише алган эмес, анткени комитеттин мүчөлөрүнүн саны 25ке жетпей, секцияларда адистердин тең салмактуулугу сакталбай калган. Ушундай жагдайларды эске алып, кыргыз өкмөтү 1995-жылдын 13-ноябрындагы токтому менен комитеттин такталган курамын түзгөн. Ошондон баштап комитет ишке киришкен десек болот. Демек, мен жетектеген комитеттин түзүлгөнүнө жыйырма-отуз жыл эмес, он алты жылдан бир-эки ай ашты. “Комитеттин курамы уюшулгандан бери түк жаңылана элек” деген дооматка да жооп айта өткөнүм жөндүүдүр. Бул дооматтын жалган жалаа экендигин өкмөттүн токтомдору менен далилдейин. 1997-жылы 3-апрелде кыргыз өкмөтүнүн токтому менен комитеттин курамы экинчи ирет жаңыланган (ротация болгон). Үчүнчү ирет 2000-жылы 30-августта жаңыланган. Анан 2002-жылы 23-январдагы, 2006-жылы 22-марттагы, 2008-жылы 5-августтагы, 2009-жылы 10-февралдагы токтомдоруна ылайык ротация жүргөн. Айтор, он төрт жылга чамалаш аралыкта комитеттин курамы жети жолу жаңыланып, алтымыштай мүчөсү алмашкан. Жаңылануу такай болгон, шартка жараша болуп турчу процесс. Алиги “комитеттин курамы эч жаңыланбайт, аны толугу менен алмаштыруу керек” дегендердин максаты – өздөрүнө ылайыктуу комитет түздүрүп, сыйлыкты каалагандай таламайга салуу экени айдан ачык. Же комитетке мүчө болууну эңсегендердин, же сыйлыкка илинбей калгандардын догурунганы боюнча эле комитетти кууп чыгып, бүт бойдон алмаштырып туруш керекпи? Андайлар мыйзамдуу жолду кубаттабайт, эптеп эле өз көмөчтөрүнө күл тартып алса болгону. Ушундай максатты көздөп, кезинде “Нобель комитетинин курамы жыл сайын алмашып турат” деген беш өрдөктү учуруп, өкмөттүн көзүнө чөп салуу далалатын кылган эргулдар болгон. Нобель комитети бүт бойдон түк алмашпайт. Анын мүчөлөрү швед королу тарабынан өмүр бою дайындалат, көзү өткөндөрдүн гана орду толукталат. Токтогул комитетинин курамын жыл сайын толугу менен алмаштыра берсе, пайдасынан зыяны оор болот. Анткенде сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармаларды профессионал талдап, калыс баа берчү кадыр-барктуу адистерибиз эки курамга жетпей түгөнөт. Ошондуктан комитеттин курамын бүт бойдон бир учурда алмаштыруу жолу менен эмес, ротация жолу менен арасын жаңылап турган пайдалуу. Дагы бир доомат: сыйлык ыйгаруунун жобосу эч өзгөргөн эмес дешет. Жобого өкмөттүн токтому менен 8 жолу өзгөртүү, толуктоолор киргизилген. Киргизилген сайын гезиттерге жарыяланат. Жобого чындап көңүлү тойбогондор болсо, жөн эле кыйкыра бербей, жакпаган беренелерин даана көрсөтсүн же өзүнүн жакшы жобосун сунуш кылсын, ошондо көрө жаталы.

– Сыйлыкка көрсөтүүнүн, чыгармаларды тандоонун механизми кандай? Автор өзүн-өзү көрсөтөбү же чыгармачыл жааматпы?
– Жобо боюнча чыгармаларды сыйлыкка көрсөтүшкө Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык мекемелери коомдук уюмдары жана чыгармачылык кошундары, журналдардын жана гезиттердин редакция жамааттары, китеп басмалары, илим изилдөө жана долбоорлоо институттары, окуу жайлары укуктуу. “Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар акыркы үч жылдын аралыгында, бирок сыйлыктын кезектеги ыйгаруусунан кеминде бир жыл мурда жарыяланса (калк алдында аткарылса, көрсөтүлсө, курулса) гана комитет кароого кабыл алат” деп жазылган жободо. Сыйлыкка көрсөтүлчү эмгек кайсы бир расмий жамааттын чогулушунда талкууланып, талкуунун протоколу менен бирге талапкердин чыгармачылык өмүр жолу, сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгек жана ал жөнүндө маалыматтар (китеп 7 нуска, спектакль, концерттик программа жана фильмдин афиша, программасы, архитектуралык курулуштардын, айкелдердин фотосүрөттөрү ж.б.) массалык маалымат каражаттарында жарыяланган мөөнөттөн кечиктирилбестен комитетке тапшырылуусу зарыл. Чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган соң, алар жанрлары боюнча секцияларда каралып, талкуудан өтөт. Секциялардын чечимдери комитеттин жогорку органы болуп эсептелген жалпы жыйналышында талдоого алынат. Тигил же бул секциянын чечими калпыс сыяктанса, андай чечим жактырылбай, чыгарма комитеттин бардык мүчөлөрүнүн катышуусундагы талкууга түшөт. Андан соң комитеттин жыйналышы кийинки турга өткөргөн эмгектер гезиттерге жарыяланып, коомчулуктун сыноосуна түшөт. Бул сөзсүз сыйлык берилет дегенге жатпайт. Андан кийин да иргелет. Тилекке каршы, сыйлык албай калган айрым талапкерлер оозу-мурду кыйшайбай туруп “анда эмне гезитке жарыяладыңар, жарыялаган соң, сыйлык берүүгө тийишсиңер!” деген дооматты айтып коркутушат. Андайлар “чыгармабызда маанилүү тема камтылган” дегенге жамынып алып, сыйлык доолап, туш-тушка күйүккөнчө арыз жазып, тызылдашат. “Маанилүү тема” дегенинин көркөм деңгээли кандай экенин өздөрү ойлонуп көрсө ашык болбос эле. Мамлекеттик сыйлык мыкты эмгектерге ыйгарылары жободо дапдаана жазылган. Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн баары эле мыкты боло бербеси бештен белгилүү да. Комитетке, анын жетекчиси мага “коррупция”, “трайбализм” деген жалааларды жабыштыргандан да тажабайт. Кудайды караса, жок дегенде бирөөгө айып тагаарда ойлонуп алып, окшоштуруп таңууласа боло, оозуна келгенди оттой бербей!

Бул албетте, маданиятсыздыктын белгиси. Аны “беттырмаарлык” дейт. Көрө албастыктын да, каралоонун да “маданияты” болот. Сыйлык ыйгаруу жөнүндөгү комитеттин чечими, бюллетендерди эсептөө комиссиясынын чечими жана башка зарыл документтер менен бирге кыргыз өкмөтүнө жөнөтүлөт. Өкмөттүн тиешелүү бөлүмдөрү карап чыккан соң, комитеттин чечими жактырылса, ал ошондой эле өкмөттүн токтомунун долбоору дагы он чакты министрдин макулдугу менен мыйзамдаштырылат да, андан соң ыйгарылган сыйлыктар Кыргыз Республикасынын президентинин указы аркылуу бекийт. Кыскасы, мамлекеттик сыйлыкты каалаган эле кишиге “ме” деп бере коюу мүмкүн эмес.

Эми дагы бир жагдайды унчукпай койсом болбос. “Жакиев курамы менен жоголсун” дегендер болуп жатпайбы. Комитеттин төрагалыгы мага ата-бабамдан калган мурас эмес. Комитет мүчөлөрү деле өздөрү жөнүндө ушундай ойдо. Бирок мамлекетибиздин көзгө басаар кадыр-барктуу сыйлыгын ыйгаруу комитети шумпайлардын колуна тийип тамтыгы чыкпаса экен деген чочулоодон улам, андайлардын кет дегенине моюн сунбай келатам. Гезитке жарыяланган талапкерлердин эмгектери коомчулуктун көңүлүндө кеминде 4-5 айга созулат. Комитет мүчөлөрү китептерди окуп чыгып, спектаклдерди, архитектуралык курулуштарды көрөт, концерттик программаны угат да акырында комитеттин жалпы жыйналышында биргелешип, ар бир эмгекти ирет-ирети менен талкуулап чыгат, анан ачык добуш аркылуу жабык добуштун бюллетенине киргизиле турган талапкерлерди иргейт. Ошентип сыйлык ыйгаруу маселеси чечилет. Андан кийинки процедура жогоруда айтылды.

– Токтогул сыйлыгын алгандарга мамлекет кандай сый-ургалдарды берет? 
– Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын күбөлүгү, диплому, төш белгиси, ошондой эле быйылтан баштап жүз миң сом менен сыйланат. Буга чейин 50 миң, 10 миң, 3 миң болчу.

– Токтогул сыйлыгынын берилиши боюнча сизге ар кандай дооматтар менен асылып эле жатышат. Акыркы учурда бирине да жооп бербей койдуңуз, же алардыкын сиз туура деп эсептейсизби?
– Мен сенин бул сурооңо казактын уулу акыны Абайдын сөзү менен жооп берейин: “Эгер мени ит капса, итке өчөшүп мен да итти капсам, итти капкан оозумдан не касиет калат?!”

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.