“Кар” сынагы: Мырза Саматов

Кар жана Кыш
(акроыр)

Коңур күздүн өтүп убак мезгили,
кыш да келди бутка кийип “керзини”.
Курт-кумурска уюгуна жашынды,
кыш ызгаарын ошолор да сездиби?
Көз ачканча жай, күз өтөт зымырап,
капырай ай, өмүр көчтүн тездиги.

Ааламдагы жан-жаныбар, курту да,
айлана бүт жер да кошо уйкуда.
Аюу болсо эчак кирген чээнге,
ал да жатат үңкүр анын бурчу да.
Аппак жууркан жамыныптыр теребел,
ал антпесе сапсарыңкы турчу да.

Райхан, жусай чөптүн баары куурады,
рабат үйдө музга айланды суу дагы.
Рахмат айтып кол кыскансыйт бооруна,
робот өңдүү кар кишинин турганы.
Роман жазып аяз айнек чиймелейт,
Россиянын ызгаарындай бул дагы.

Жашообузда жаратылыш жана биз,
аныгында эриш аркак келебиз.
Нукка салып табияттын көркөмүн,
акын сымал биз ыр кыла беребиз.

Куюн келип өчүрсө да шам чырагым,
кайра болбой үмүтүмдү жандырамын.
Кожоюну таштап кеткен тайган өңдүү,
кетпегин деп жолуң тостум жалдырадым.
Карагайдай жылаңач жалгыз калып,
күбүлдү ушул кышта жалбырагым.

Ырысын берип кетти күз айлары,
ызгаары келип кыштын жүз аймады.
Ылдамдап аппак кардын учкунундай,
ысымың жүрөгүмдөн түз айдады.
Ызалыктан муз тоңуп көөдөнүмө,
ырымдан байкалууда күч алганы.

Шактарым бубак басты ийилбедим,
шыпырып алсаң дагы кийимдерим.
Шаштымды бурганактап кетирсең да,
шамалдын кийимин мен кийинбедим.
Шашпагын көңүлүмө жаз келгенде,
шартыма көнөөрсүң кийин дедим!

Мырза Саматов,
“Кар” сынагына

Соц тармактар:

36 thoughts on ““Кар” сынагы: Мырза Саматов

  • 01.02.2012 at 19:02
    Permalink

    Баракелде,теорияны кенен чагылдырыпсыз!
    Жашообузда жаратылыш жана биз,
    аныгында эриш аркак келебиз.
    Нукка салып табияттын көркөмүн,
    акын сымал биз ыр кыла беребиз.

    Албетте,жерден жарака кетсе акындын журогу аркылуу отот!Ийгилик,калем сабыныздын мизи эч качан мокобусун!

    Reply
  • 01.02.2012 at 19:03
    Permalink

    азамат, Мырза. коомдук тармакта ыр суйуучулор учун атайын топ ачып, ал жерге ырларынды жазып журосун, озун ата-мекенинен алыста журсон да кыргызстандагы ыр суйуучулорун кун сайын жаны, маанилуу ырларын менен кубантып турасын. бул сынакка коюлган ырындыын мааниси терен экен. бар бол.

    Reply
  • 02.02.2012 at 01:48
    Permalink

    Азаматсың Мырзабек. Талнтың ташкындай берсин иним. Айтылуу акын Алыкулдун жолун улаган кыргыздын кыйын уулу бол. Ийгилик сага.

    Reply
  • 02.02.2012 at 13:07
    Permalink

    Азаматсыз журоктон чыккан ыр журокко жетет.Салыштыруунуз жандуу берилген.

    Reply
  • 02.02.2012 at 13:34
    Permalink

    Азамат!!! колундан калемсабын тушпосун, жакшы ыр экен, дагы ушундай ырларды коп жарата бер…

    Reply
  • 02.02.2012 at 13:39
    Permalink

    Азамат!!! колундан калемсабын тушпосун, дагы ушундай ырларды коп жарата бер, жакшы ыр экен…. ийгилик болсун!!

    Reply
  • 02.02.2012 at 13:58
    Permalink

    Кыргыз Маданият борборунун сайтындагы бул сынак коптогон ыр жандуу таланттардын талантын такшалтуу учун жана кыргыз поэзиясынын баркын жогорулатуу учун уюштурулуп жатканы мени абдан кубандырып турат.
    Эми бул ырга токтоло кетсем, жаш жаны чыгып келаткан акын экени корунуп турат. Бул жердеги коментарийлерди окуп отуруп курулай мактоо эмес чыныгы сын айтылып отушун каалар элем. Бул ырдын коп жерин ондош керек окшойт. Кара кучко жазап жазылган ыр. Акын учун эн негизгиси бир ырды жаратуу эмес, ошол ырдын омуру керек, элдин журогунон орун табуусу керек. Коп жакшы чыгып келаткан акындарыбызды сен мыкты жазасын деп мактай берип бузуп алабыз озубуз.
    Шактарым бубак басты ийилбедим,
    шыпырып алсаң дагы кийимдерим.
    Шаштымды бурганактап кетирсең да,
    шамалдын кийимин мен кийинбедим.
    Шашпагын көңүлүмө жаз келгенде,
    шартыма көнөөрсүң кийин дедим!
    Тушунуксуз саптардын тизмеги. Акро ыр кылуу учун ырдын коломун кобойтом деп баарын бузуп салган.
    Башталгыч эки куплети бир аз жакшыраак чыккан экен.

    Бирок азамат. “Коч бара-бара тузолот” -дешет кыргыздар. Жаза-жаза акын болоорсун сен дагы иним.
    Ачык сыным учун кечирим сурайм.

    Reply
  • 02.02.2012 at 14:53
    Permalink

    Талантына таазим!Калемин курчуй берсин.Дагы мыкты ырларды жаратышына ишенем.Ийгилик сага жылмайбай эле каткырып турсун.Азаматсын!!!

    Reply
  • 02.02.2012 at 15:07
    Permalink

    Сага ишенем албетте ийгилик сен тарапта болот.Мыкты ырларды дале болсо кутом сенден.Алга!!!

    Reply
  • 02.02.2012 at 15:36
    Permalink

    Азаматсын иним!Ырдын мааниси ото терен жакшы жазылган!Талантына таазим!Иним дайыма ишинде ийгиликтер болуп,мындан ары да коптогон ырларынды кутобуз!Калемин курчуй берсин!

    Reply
  • 02.02.2012 at 15:49
    Permalink

    Баракелде,ыр негизинен маанилуу жазылыптыр.Кыш мезгилиндеги жаратылыш кубулушу,жан-жаныбар адам табияты эриш -аркак чагылдырылган.Азаматсын,чыгармачылык ийгилик каалайм!Албетте,сенден биз сыймыктанган кыргыз адабиятынын бир бурчун ээлеген инсан болушунду кутуп калабыз!!!

    Reply
  • 02.02.2012 at 18:22
    Permalink

    Бул ыр акро ыкмасы менен жазылгандыктан “КАР”деген алгачкы уч куплетинде жартылыштын кооздугу чагылдырылган.Ал эми “КЫШ”деген акыркы уч куплетте акын озун жаратылышка салыштырып,”ЖАНА” деген созду ошол эки салыштыруунун ортосундагы байланыштыруучу куплет катары колдонгон.Бул ойдун негизин сынчы мырза эске албагандай корунот!Бул тууралуу эмне айтмакчымын;Мырза иним ар кандай сынчылардын сынагынан сынбай алга карай осо бер,ар сонун ырларынды тынбай окуп келемин,анча мынча акын да мындай мааниси менен жаза бербейт.Соз аягында эмне демекмин-Талантын такшалып,онорун осо берсин,адамдын журогунун теренинен орун алган мындай ырларын келечекте сага ийгилик келтирип,дуйно элине таанылган курч калемдуу атагы чыккан жазуучу, акын бол!Таалантына ТААЗИМ ИНИМ!

    Reply
  • 02.02.2012 at 19:37
    Permalink

    Жаш акындын талантуу экендиги ушул ырда терен чагылдырылган. Ички туйумун ыр дуйносуно арнаган чеберчилигинде канча ырлар жазып озундун жан дуйногду элге корсото алдын! Ырларын жакшы жазылган. Сага ийгилик! Эн мыкты жетишкендиктерге ээ болгун!!!

    Reply
  • 02.02.2012 at 20:40
    Permalink

    Азаматсын! Ырын абдан жакшы жазылыптыр.Адам менен жаратылыш ар дайым эриш-аркак жашап келет эмеспи! Ошол нерсени чыгарманда эн жакшы чагылдыра алгансын.Эмне демекчимин талантына таазим. Калемин курчуй берсин. Мындан да жакшы чыгармаларды жаз.Чыгармачлыгына ийгилик иним.

    Reply
  • 02.02.2012 at 22:04
    Permalink

    Жашообузда жаратылыш жана биз,
    аныгында эриш аркак келебиз.
    Нукка салып табияттын көркөмүн,
    акын сымал биз ыр кыла беребиз.
    акын сымал биз ыр кыла беребиз.Деген саптарына оз кощумчамды кошуп ,бул онорлуу жигитке Козу-Баглан сууусундай шар аккан дайрадай, ыр турмогун жазуусуна ,тузууусуно тилектешмин!Ыр мааниси кышка арналып жакшы жазылган!Суроттоо эпитеттерди и уйкаш мааанисин курчутуп орчутсо, мыкты ыр болчудай ийгилик ,изденуу ,коп поезия алптары Алыкул, Жоомарт,Жолон ,Турар акындардын элдик токмолордун ырларын коп окуп оздоштурушун,ОРус поезиясыны-классиктерин окуп уйрооонуусун каалап кетем!Дунуйолук адабиятта доо-шаалардан окуп уйронсо да ашыкча болбос!Жаш акындын бул ыры окуганга ттатыктуу!

    Асманы кен Кыргыз жерим элим деп, Туболуктуу сырым болуп келетат, Жазган ырлар дараметти далилдеп, Сырым, ырым келтирсинчи ариет! Ошондо мен алаар элем каниет (Раш Авазкан)

    Reply
  • 02.02.2012 at 23:42
    Permalink

    Кыштай аппак АКЫНДЫКТЫН дуйносу!
    Гул бакчада ыр саптадын чойросу!
    Ал дуйного уйун курган тамгалап!
    Мырза жигит жан дуйнонун озгосу!
    ырларындын ырыскысы кобойсун!
    Дал озундой кен пейилдер торолсун!
    калемине Кудай берип куч кубат!
    ырыскылуу элим сени жолосун!!! Азаматтсыз Мырза жигит ырыныздан КЫШТЫН муздак желинен кубат алдым!!! дагы дагы ушундай ырларды жарата бериниз! Ийгилик коштосун!!!

    Reply
  • 03.02.2012 at 18:08
    Permalink

    Абдан жакшы жазыпсыз?Кыш мезгилдин кадырын ыр менен абдан сонун айтып бергенсиз,Талантынызга таазим!!!!

    Reply
  • 03.02.2012 at 19:21
    Permalink

    Талантына соз жок Мырза жигит! Ыр абдан жакты маанилуу экен. Ийгилик мындан ары да

    Reply
  • 03.02.2012 at 20:18
    Permalink

    Азаматсыз! Талантынызга таазим кылабыз! Онорунуз оркундой берсин!

    Reply
  • 03.02.2012 at 20:30
    Permalink

    Ыр жазсам дейм ушу акындай!
    Ыргактасам дейм тынбай талыкпай,
    Кар актыгын кыш сууктугун данктаган!
    Кочурсом дейм ар бир жазган ырынан!

    Азаматсыз Мырза байке ар дайым ырларынызды суйуп окуп келем?дагы-да жаны Ыр саптарын жарата бериниз??!!!

    Reply
  • 03.02.2012 at 20:41
    Permalink

    Саламатсыздарбы! Бул жазылган ыр саптары мага абдан жакты! эн жакшы жана создордун гулун терип жазган экен. Азаматсыз Мырза Саматов! сиздин калеминиз курчуй берсин! мыкты акындардын катарын толуктаныз! Эн сооонун жазган экенсиз! мындан ары да мыкты мыкты ыр саптарыныз жаралып, эл оозуна алыныныз!

    Reply
  • 04.02.2012 at 15:12
    Permalink

    Жалпысынан алганда акын ырда жаратылышты чагылдырып келип озун жаратылышка салыштырганы озоктуу ойдон кабар бергенсийт.”Ачылбаган сандыкта-бычылбаган кундуз бар”-демекчи коодонундо коптогон катылган ойлору бар туболукко тике караган акын ондонот. Кийиинки чыгармаларын да окуйлу деген умуттобуз ийгилик!!!

    Reply
  • 04.02.2012 at 19:20
    Permalink

    Ырыңыз кыйын ыкма менен жазылган экен…Ооба ырда мааниси бар,кышты чагылдырып бере алгансыз…

    Reply
  • 04.02.2012 at 21:06
    Permalink

    Мырза талантынды талашкан адам болбосун!!!ийгилик сенин утуп чыгышынды ото ото каалаймын.

    Reply
  • 04.02.2012 at 21:17
    Permalink

    Мырза байке абдан соонун жазыпсыз ырды ийгилик каалаймын сизге.келечекте “КЫРГЫЗ” элин ааламга таныта турган жаштардан болун!!!

    Reply
  • 04.02.2012 at 21:30
    Permalink

    Мырза талантына таазим этемин!!!ырынды окуган адам таасирленет албетте жакшы жазыпсын.келечекте оордунду табышына ишенем,ийгилик сага.

    Reply
  • 16.02.2012 at 18:36
    Permalink

    БАРАКЕЛДЕ ДОСУМ ЫРЛАРЫН АЯБАЙ СОНУН ЖАРАТЫЛГАНГАН!! ТАЛАНТЫНА ТААЗИМ! АР ДАЙЫМ ИЙГИЛИК КОШТОП ЖУРСУН!

    Reply
  • 16.02.2012 at 18:52
    Permalink

    азаматсын досум! ырларын аябай маанилуу! сенин утуп чыгышына ишенм АЛГА!!

    Reply
  • 20.02.2012 at 00:58
    Permalink

    Баракелде Мырза байке! Талантынызга таазим. Ырларыныз абдан маанилуу, адамдын журогунун тупкуруно жетет. Калеминиз курчуп, дуйного таанымал акындардан болунуз. Ийгилик анан албетте аракет!

    Reply
  • 20.02.2012 at 21:47
    Permalink

    Азаматсыз Мырза байке.!Бул ырыныз чындыгында мактаганга татыкуу. Чон акындардын ырларындай жазылган мааниси да жакшы,кыш айларын сонун суроттоп жазгансыз. Сизге ийгилик дагы коптогон ырларды жарата берин.Биз дайыма сиз тараппта.

    Reply
  • 01.03.2012 at 10:29
    Permalink

    Бали Мырзаке! Ар мунот сайын талантындын ташкындап туруусун каалайм!
    Ырга келсек: жараткан ырын эн эле сонун, эн эле тушунуктуу болгон. Ыр ар тараптуу жазылган-мааниси, уйкаштыгы, куплеттердин баш тамгалары да озунчо мааниге ээ болушу, дегеле талапка жооп берээрлик десем жанылышпастырмын.
    Жазылган комментарийлерди окуп чыктым, анан комментарий жазган жарандарга кайрылып буларды айтып отоор элем: – “Ыр тушунуктуу эле жазылган, эгер тушунбосонуздор айыпты ырдан эмес озунуздордон издениздер. Китепти аз окуган адам гана жакшы тушунбой калышы мумкун! Айтаарым, озунуздун тушунбогонунуздон жаш акындардын жанга жагымдуу ырларын каттуу сынга алуу бул-ЖАРАБАЙТ!”
    Ийгиоик сага жаш акын!!!
    Рахмат!

    Reply
  • 02.03.2012 at 00:52
    Permalink

    Иним ырларын сонун ,чыгармачылыгына ийгилик ты суппер………….

    Reply
  • Pingback: Сынактын аяктаарына аз эле калды — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.