Канат ЖАПАРОВ, оймочу: «Ар бир эр азамат кемер кур тагынууга тийиш»

Өзгөчө касиет-шыгы бар Канат ЖАПАРОВ адам мүнөзүн, тагдырын, багыт-жолун кагазга оюу менен түшүрүп аныктагандыгы аркылуу коомчулукка таанылган. Бүгүнкү күнү ал кыргызстандагы мыкты зергер уста жана дизайнер-модельер менен биргеликте кыргыз кийими, кыргыз зер буюмдары жана кемер курлар боюнча долбоордун үстүндө иштөөдө. Булардын ичинен биз бүгүн кемер кур тууралуу сөз кылдык.   максаты – кыргыздын кемер курун изилдеп туруп, азыркы заманга ылайыктап чыгаруу. Албетте, иш өз нугуна түшкөндө бул тууралуу гезит бетинде кеңири баян куруп беребиз. Азырынча Канат мырза менен окурмандарга маалымат иретинде кемер кур тууралуу кеп кылдык. Эмесе, анын сөзүнө көңүл бурсак…

– Кемер кур деген сѳздүн ѳзү эле  анын маанисин ачып турат. «Кеме» жана «эр», же «эм» жана «эр» деген сѳз уңгулары айтып тургандай, кемер кур күч-кубатка байланышкандыгын байкаса болот.  Кыргыз салтында бала эрезеге жетип, үйлѳнгѳндѳ атасы баласынын белине кемер кур тагып ырым кылган. «Ѳзүнчѳ түтүн болдуң, белиң бекем болсун, турмушуңа тың болгун» деп кур менен кошо батасын берген.

Элдик кызматка келип, чоң жоопкерчилик алып жатканда да кыргызда эр жигиттин  белин бекемдеп кур салышкан, ал бир жагынан ошол элдик кызматтагы адамдын даражасын да билдирип турган. Кемер кур туурасында улуу баян Манаста даана айтылган, Жайсаңдын «Айкѳл Манасында» Манас  атабыздын кемер курунда кырк чилтендин кырк касиети камтылып жасалган. Ал кур Манас атанын күчүнө күч берип турган тумарлардын бири. Кемер кур атадан балага  мурасталып, кээ бир үй-бүлѳдѳ чоң аталарынан калган кур сый-урмат менен сакталып, ошол үйдүн ыйык буюмуна айланган. Мисалы, жакында эле Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында музей ачылып, ал залкар кишинин  болгон оокат-жайын музейге алып келип коюшту. Небере-чөбөрөсү баардык  оокатын берип, бирок,  бир гана кемер курун бербей коюшкан экен. Эмне үчүн экенин сурашса, «бул касеттүү курду чарчап-чалыккан адам тагынса, же ооруп-сыркоолоп калган наристенин үстүнө коюуп коюшса, кадимкедей сакайып кетишет» деп  өздөрүнө калтырышкан экен.

Кемер кур адамдын жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ, коомдогу абалына, даражасына, социалдык абалына же болбосо өзгөчө касиети бар экенине карата ар кандай металлдардан жасалып келген.

Кемер курду изилдеп, кайрадан заманбапташтырып жатканыбыздын себеби, бул ѳтѳ маанилүү нерсе. Кемер курду  салттуу буюм катары эле эмес, анын руханий жана ден соолукка тийгизе турган пайдалуу жагын кошо кѳрсөтсө болот.  Ар бир кыргыздын эр азаматы кемер кур тагынууга тийиш. Анткени, кемер кур жигиттик сапатты, чапчаңдыкты, ирээттүүлүктү, тыкандыкты кѳргѳзүп турат. Кыргыз кемер курун кайра жандандырып, аны кенен колдонууга жеткирүү биздин долбоордун максаты.  Азыр ушул тапта заманбап кемер курларды  жасоодо ар бир адамга персоналдык тартипте, ошол адамга гана тийиштүү кылып жасап беребиз. Мунун сыры – оюларда жана эн тамгаларында. Дегеним, оюу ошол курдун ээсинин мүнөзүнө, бараткан багытына жараша өзгөчөлөнүп жасалат, чыгармачылык менен иштелет. Бизге түшкөн суроо-талап кѳп болгонуна байланыштуу, азыркы тагынып жүргѳн курдун эле ѳлчѳмүндѳ кемер курдун кичирейтилген вариантын иштеп чыктык. Мына ошого жогоруда айтылгандай кур жасатып жаткан адамдын өзүнүн сакралдуу белги символдорун бекитип салып беребиз. Ал кур жѳн эле практикалык маанисинде эмес, бир чети тумар сыяктуу күчкѳ да ээ болуп калат.

Жазып алган Айбек БАЙЫМБЕТОВ,
материал жана сүрөттөр үчүн “Көк Асаба” гезитине ыраазычылык билдиребиз

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.