Бакен Кыдыкеева унутулдубу?

Кыргыз театрынын тарыхында өз таланты менен өлбөс-өчпөс из калтырып кеткен залкарлар арбын. Алардын ар биринин өзүнчө басып өткөн чыгармачылык тагдыры бар. Бирок СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Бакен КЫДЫКЕЕВАнын көзү өткөнүнө 20 жылга жакын убакыт болсо да, ал жөнүндө өз деңгээлинде эскерилбей келет.

Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Аламүдүн районунда туулуп, чыгармачылыгын 1936-жылы он үч жашында эле баштаган экен. Замандаштарынын эскерүүсүндө ал атасынын тыюу салганына карабай иштеп, режиссёр да ага башкы ролду берип коёт. Театрдагы биринчи башкы ролду ойноорун ойноп, а бирок атасынан коркуп жүрүп үйүнө келсе, спектакль жөнүндө ошол кездеги “Кызыл Кыргызстан” гезитине чыгып, атасы окуп олтурган экен. Ошондон кийин кызыл гүлдөрдү көтөрүп алып атасы театрга үзбөй келип турчу дешет. Учурунда сахнада, кинотасмаларда мыкты ролдорду жараткан Кыдыкеева театрга келгенде чымындын учканы да угулуп турчу деп эскеришет замандаштары. Театрдагы ызы-чуу, башаламандыкты жактырчу эмес. Театр – бул маданияттын храмы деп мамиле жасачу. Таланты ташкындап сыртынан телегейи тегиз көрүнгөнү менен, Кыдыкееванын сахна артындагы жашоосу оор эле болгон. Аны театрдан эки жолу чыгарышкан. Театрдын артисттери аны таланты менен жолубузду тосот дештиби, айтор 1960-жылдары театрдан чыгарып, Б.Кыдыкеева кинодо жүрүп, кайра ошол кездеги министрдин буйругу менен театрга кабыл алынган. Кийин да күүлүү-күчтүү кезинде эле аны пенсияга узатып коюшкан.

Бакендин көзү өткөндөн кийин да анын атын чыгарбоого аракет кылгандар болгон. Анын ысымын театрга ыйгарттыргысы келбегендердин айынан көп убакыт берилбей жүрдү. Бакен Кыдыкееванын көз жумганына он жыл болгондон кийин гана жаштар театрына анын ысымы ыйгарылган.

Таланты өзгөчө, тагдыры татаал Бакендин өлүмү да трагедиялуу болду. 19 жыл мурда 30-декабрда Бакенди көчөдөн машине коюп кетип, документи жок таанылбай өлүкканада 15 күн жатып калган. Ошончо күнү аны эч ким издеген эмес, акыры белгисиз адам катары көмүлө турганда гана аны медсестра таанып, бул окуя коомчулукка белгилүү болгон.

Бакен Кыдыкееваны эскерүү үчүн анын уулу Нурлан мырзага телефон чалдык. Бирок эмнегедир уулу энесин эскерүүдөн, дегеле ал тууралуу сүйлөп берүүдөн дароо эле баш тартты. Ал эми анын чыгармачыл кесиптеши төмөнкүлөрдү айтып берди:

Асанкул ОСМОНОВ, КР эл артисти: 
“Аны жакындары, уулдары да эскериш керек эле…”
– Бакен Кыдыкеева менен 1958-жылдан баштап көзү өткөнчө бирге иштешип жүрдүм. Чындыгында андан сахнада көп таалим алчумун. Бир нече спектаклде чогуу ойнодук, анын талантынан сүрдөчүмүн, коркчумун, толкунданчумун. Мен сыяктуу театрга билими жок келген артисттерге насаатын көп айтчу. Ал өзгөчө Ж.Сейдакматова, Т.Турсунбаева, М.Далбаевалардын талантынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салымын кошкон. Чындыгында Б.Кыдыкееванын таланты көп эскерилбей келет. Анын биз сыяктуу замандаштары, жетекчилик, министрлик, өкмөт тарабынан эскерүү кечелери уюштурулушу керек эле. Бир чети аны эскерүү үчүн балдары, жакындары да аракет кылышы керек болчу. Бирок эмнегедир уулдары да аны унуткандай. Мындан үч-төрт жыл мурун Т.Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык театрында аны эскерүү кечесин уюштуралы дегенбиз. Бирок театрдын имараты ремонттолуп калганына байланыштуу өтпөй калган.

Бакен Кыдыкееванын ысымын алып жүргөн республикалык жаштар театрынын директору Нурлан Асанбеков: 
“Каражат жоктугунан эскерилбейт”

– Биздин театр улуу актриса Бакен Кыдыкееванын ысымын алып жүргөндүк­төн анын тагдырына, өмүр таржымалына арналган драматург Ж.Кулмамбетовдун калеминен жаралган “Талант жана тагдыр” спектакли репертуарыбызда бар. Ал эми Б.Кыдыкееванын туулган жана өлгөн күнүн эскерели десек ал каражатка келип такалат. Б.Кыдыкееванын уулун актрисага арналган спектаклге чакырсак да эмнегедир келбеди. Анын чыгармачылык жолу биздин ушул театрдан башталгандыктан биз деле эскерүүбүз керек болчу. Бирок ага колдоо көрсөткөндөр жок болгону өкүнүчтүү.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.