Google Translate кыргызча сүйлөй баштайт

2012-жылдан баштап Кыргызстандагы интернет колдонуучулар маалыматтарды онлайн аркылуу кыргыз тилинен башка тилдерге жана башка тилдерден кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Чет тилдердеги маалыматтар менен эркин таанышууга жана колдонууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул саамалык Google Translate акысыз онлайн котормо кызматына кыргыз тилин киргизүү менен жүзөгө ашырылат.

Google Translate акысыз онлайн котормо кызматына кыргыз тилин киргизүү боюнча учурда атайын долбоор иштеп келет. Ал өткөн жылдын сентябрь айынан баштап ишин алып барууда. Долбоордун менеджери Атай Жунушевдин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө каралган жалпы иш – аракеттердин 70%ы аткарылып бүттү. “Азыркы учурда кыргызча сөздөрдүн орусча, англисче котормолорун топтоо үчүн түзүлгөн сайтка 700 миң сөз киргизилген. Анын 450 миңи толук текшерүүдөн өтүп, 250 миңи каралып жатат”, – дейт Атай Жунушев. Жалпысынан 1 млн сөздү киргизүү пландаштырылган. Алгач котормочулар сөздөрдү которушат. Которулган сөздөр улук котормочулардын текшерүүсүнөн өткөрүлүп , андан соң системага киргизилет.

Кыргыз–Түрк Манас Университетинин профессору, тилчи окумуштуу Кадыралы Коңкобаевдин пикири боюнча, кыргыз тилин Google Translate кызматына киргизүү олуттуу жана жоопкерчиликтүү иш болуп эсептелет. “Котормолор сапаттуу, адабий тилдин нормаларына ылайык келиш керек. Бул максатта натыйжалуу алып баруу үчүн кыргыз тил илиминдеги изилдөөлөрдүн негизинде пайда болгон сөздүктөрдү туура колдонуу зарыл”, – дейт К.Коңкобаев. Анын айтуусуна карганда, адабий тил менен катар элдик ооз эки кепке да көңүл буруу керек. Тагыраак айтканда, адабий тилге кирген сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү менен кошо элдик ооз эки кептеги сөздөрдү камтыган диалектологиялык сөздүктөрдү пайдалануу талапка ылайыктуу болмок.

Которулуп жаткан сөздөрдүн сапатуулугу, адабий тилдин нормаларына ылайык келүүсү боюнча Атай Жунушев төмөндөгүдөй пикирин билдирди: “Биринчи кадамдан дароо эле котормолордун сапаты жакшы болуп кетет деп айта албайбыз. Айрым учурларда жакшы которулбай калышы мүмкүн. Эгер сөздөр жакшы которулбай калса, ага көп кооптонуунун кереги жок. Эң негизгиси – баардык сөздөрдү киргизип алуу керек. Google Translate кызматында “Мыкты вариантты сунуштоо” деген функция бар. Сөздөрдү киргизип алгандан кийин ушул функция менен иштеп баштайбыз, начар которулган сөздөрдү кийин оңдоого болот”, – дейт долбоордун менеджери.

Google Translate кыргызча долбоору финансылык жактан ыктыярдуу уюмдардын жана жарандардын колдоосу менен каржыланып жатат. А.Жунушевдин берген маалыматына таянсак, материалдык жактан жардам берген адамдар активдүү эмес. Бирок акысыз иштеп берүүнү каалаган ыктыярчылардын (волонтёрлордун) жардамы менен долбоор өз ишин улантып келет. Мисалы, долбоордун Фейсбукта атайын ачылган баракчасында бул ишти колдогондордун саны учурда 900га чукулдап калды.

Бир гана акча каражатынын аздыгы долбоорду узакка создуктуруп жиберүү коркунучун жаратышы мүмкүн. Бирок иш-аракеттер токтоп калбайт. Долбоор 21-март Нооруз майрамына карата толук даяр болуп, Google корпорациясына сунушталмакчы.

Нурайым Ысмайыл кызы,
“Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн
“Журналистика боюнча кышкы метептин” окуучусу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.