Улан Исмаилов: “Аян болбой, баян болбойт”

Манас айтуу өзүнчө бир дүйнө. Аны жаттагандар да, жаттабай айткандар да бар. Алардын баа жеткис өнөрүн баалаган ар кандай фонддор жардамга келе баштады. Бул туурасында жаш манасчы Улан Исмаилов менен маектештик. Ал кубанычын жана таарынычын ортого салып айтып берди.

– Манасчы болууга эмне түрткү берди, кантип манасчы болуп калдыңыз?
– Манасчы болом деп эч качан ойлогон эмесмин, үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Аян көрүп, ошондон тарта манас айтып калдым. Ал аян мага түш аркылуу берилген эмес, көзүмө көрүнгөн. Анда кабылан Манас атабыз чоролору менен турганын көрдүм. Бирок тез эле аяндан кийин манас айтып кирдим деп айтуудан алысмын. Ага чейин жогорку окуу жайга тапшырам, юрист болом деп тилек кылып жүргөм. Манасчылыкка ооп калганда “колунда каражаты жок, акылы тайкы адамдар айтат” деген түшүнүк менен уялып эки жылдай айткан жокмун. Эки жыл аралыгында түшүмө Саякбай ата “Манас айт” деп кирет, а мен айтпайм. Кийинчерээк басып бара жатып эле бутум тырышып калып жүрдү. Оозу-мурдум кыйшайып, башым ооруп, абалым аябай оор болду. Манас дүйнөсү башка дүйнө экен, акырында моюн сундум. Манас айтып келе жатканыма мына он жылдын жүзү болду. Талас өрөөнүндөгү Манастын күмбөзүнөн тынбай жети күн айткам. Манас айтууда эң негизи адам 15 саат бою же андан да көпкө олтуруп алып айта берсе да чарчабайт, курсагы ачпайт. Бир гана ажатканага баргың келип калганда баянды токтотууга туура келет экен. Кайра келип манасты улантып айтууга болот.


– Он беш саат бою Манас айтуу оңой болбосо керек, анын кандай кыйынчылыктары бар?
– Негизинен “аян болбой, баян болбойт” деп коёт эмеспи. Дегеле салттуу манасчылыкта изилденип карап көрүүгө шарт бар. Бизден мурунку манасчылар улуу баянды кандайча баяндап элге жеткиришкендиги менен алгач таанышуу зарыл. Салттуу манасчылыкта жаттап айтуу мүмкүн эмес. Азыр ойлоп көрсөм ХХ кылымдан кийин айрыкча ХХI кылымда манасчылыктын түрү абдан көбөйдү. Жазуучу Ашым Жакыпбеков улуу манасчылар Сагымбай, Саякбайдын айткан баяндарын бириктирип, кара сөз түрүндө жазып чыккан. Андан кийин эле ушундай түшүнүктөр пайда болуп, жазма, салттуу жана нукура манасчы деп аталып келет. Андан тышкары кызыктай көрүнүштөр болуп жатат, өздөрү Манас айтпайт, бирок, анын аты менен кандайдыр бир келечекти айткандар чыкты. Буга чейин Саякбай сыяктуу залкар манасчылар аян алгандан кийин гана Манас айтып келишкен. Бирок аян көрсө эле түздөн-түз манаска кирүү деп эсептелбейт. Аян бул – Манаска карай кире турган ачкыч. Андан кийин адамдын ушундай оор энергияны көтөрүүсүнө, туруштук берүүсүнө, даярдыгына жана эмгегине жараша болот. Мисалы, өткөн кылымдарда манасчылар, аян алгандан кийин Дыйканбай деген улуу манасчыга барып таалим алган, андан кийин Чоюке манасчыга барышкан. Азыр бизде андай эмес. Манастан эки үч эпизодду жаттап алат да, эл алдына чыгып, он беш мүнөт укмуштай чеберчилик менен айтып, өзүн кадимки улуу манасчыдай эле сезип калышат.

– Манас айтууда көзгө көрүнгөн, кулакка угулган кубулуштарга туш болосузбу?
– Бул өтө кызыктуу жана табышмактуу нерсе. Ага өзүм дагы таң калам. Илгери бир баатырга “сенин баатырдыгың эмнеде” деп сурашса, “баатырдыгым башкалардан айырмасы жок, алар сыяктуу согуш башталаарда мен деле корко берем, кыргын башталганда алааматка кантип кирип кеткенимди өзүм да билбей калам деп” айткан экен. Анын сыңарындай биз да манас айтаар алдында ичибизден андан жол сурап баштайбыз. Алгач баян айтып жаткан учурда чай кайнам же жарым саат убакыт жаныбызда кимдер бар, алар эмне кылып олтурганын көрүп, туюп турабыз. Аз-аздан өзүбүздүн жаныбызда олтургандарды билбей калабыз. Манас дүйнөсүнө кирип кеткенден кийин эч нерсе сезбейбиз. Аны кандай түшүндүрөөрүмдү да билбейм. Кээде, токтотушканда карасам жанымда толтура эл карап турганына күбө болом. Андай учурда өзүмдү жоготуп, башка дүйнөгө чыгып кеткендей болом. Ал дүйнөнү сөз менен түшүндүрүп берүү абдан татаал. Балким Манас атабыздын ыйыктыгы мына ушундан улам болсо керек.

– Манас айтып бүткөндөн кийинки абал кандай болот?
– Манас айтып башка дүйнөгө кирип кетип, кайра кайрылганда өзгөчө бир абалды жаратат. Себеби, эптеп өзүңө келе албай жатсаң, жарданып олтурган элдердин карап турганы үстүңө оор жүк таштап койгондой болот экен. Бирок айла жок, оңолууга туура келет. Башында ушундай кыйын убактар болуп жүрдү. Өзүмө келе албай жатсам, кээ бири кызыгып сурайт, жактырбай сындайт дегендей. Андай учурда сындаган бизге өтө оор тиет. Манасты мен жаттап айтпаган соң кээде сын-пикирлерди угууга, кабыл алууга аракет кылам. Алардын да оюн угушум зарыл. Сын деген жакшы нерсе, шыгына шык кошот деп ойлойм.

– Манасчылыкка багыттаган, жардам берген устаттарыңыз ким болгон?
– Мен устат жандаган жокмун. Мага дээрлик үч жыл бою Саякбай атам түшүмө кирип, манас айтчу. Уктап жаткан учурда түшүмдө Саякбай атам манас айтып жаткан болот. Эртең менен ойгонгондо үйдөгүлөр “сен түндө манас айттың” дешет. Көрсө мен түш көргөндөй болуп, манас айтып жүргөн экенмин. Андан кийин эртеси күнү денем оорлоп, чарчап, кыйналып калганымды билчүмүн. Эл уктап эс алса, мен тескерисинче чарчап ойгончумун. Негизги манас дүйнөсүндөгү бирден- бир устатым Саякбай атам десем болот. Андан кийин Асанкан Жуманалиев деген манасчы болду. Экинчиси, Уркаш атабызды (Уркаш Мамбеталиев ред.) устатым деп эсептеп кетет элем. Мен Таластан манас айтуу боюнча фестивалдан жеңиш менен кайтып келе жактанда Бишкектин четинде аркан менен тосуп, бир үйгө коноктошуп, анан ошол жерден Уркаш атабыз Коңурбай менен Манастын найза менен сайышкан жерин айтып, калганын мен улаган элем. Уркаш ата мага көп нерсени үйрөткөнгө аракет кылды.

– “Улуу баян” коомдук фонду манасчыларга материалдык жардам катары турак-жай жана жеңил унаа берет экен. Мындай саамалык силерге кандай таасир берди?
– “Улуу Баян” коомдук фонду 2010-жылдан тарта манасчыларга көмөк көрсөтүп келет. Ошол жылы бизге жылына бир жолу берилүүчү стипендия ыйгарылган. Алардын бүгүнкү жасап жаткан иши өзгөчө десем болот. Себеби, биз ишкерлик менен алектенүүдөн же бир кызматка орношуудан качабыз. Качканыбыздын себеби, манас дүйнөсүн бир аз унутта калтырып койсок, кыйналып калабыз, кайра бул дүйнөгө кирүү кыйын болуп калат. Сырттан караган адамдар бизди апенди деп ойлошу мүмкүн. Себеби, көп эле адамдар бизге иш сунуштайт. Аны кабыл албай баш тартабыз. Манасчылык өзү татаал нерсе. Ага жоопкерчиликтүү негизде карашыбыз керек. Эгер анте албасак кандайдыр бир деңээлде жазабызды алып калабыз. Ал эми “Улуу Баян” фондунун жасап жаткан иши бизге абдан стимул болду. Анткени манасчылардын көбү эки жакка чыгат. Көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү бар. Ошол эле убакта үйгө кайрылып келгиче тамак-аш, ижара акысын камдап коюп кетиши керек болот. Ошондон улам кыжалат болуп барсамбы, барбасамбы деп эки анжы ойдо калышат. Эгер шарт түзүлсө бизге абдан жакшы болуп, эч нерсеге алаксыбайт элек. Андан тышкары манасчылардын чыгармачылыгын жайылтууда чоң өсүш болмок. Фонд мынчалык эл алдына чыгарып, жарыялабаса, биз дагы күмөн санап ойлоп олтура бермекпиз. Атайын жарыялангандан кийин турак-жайга ээ болобуз деген үмүтүбүз бар. Алар 60 миңдин тегерегиндеги баада каалаган жерден үй тандагыла деп тапшырма беришкен. Учурда манасчылардын баары ушул максатта чуркап жүрүшөт. Негизинен бул саамалыкты кылымдын иши десек болот. Буга чейин мамлекет жасап койсо болот эле. Алты манасчыга бериле турган үй болгону 350 миң доллар турат экен. Бир адамдын же чиновниктин чет мамлекетке бир чыгып келгендеги чыгымы болуп калат экен. Мамлекет дагы кайсы бир деңгээлде жардам бергенде абдан жакшы болмок. Бул жагынан алып караганда, мамлекетке бир аз таарынычыбыз бар. Бир гана адам бизге жардам берип колдоо көрсөтүп чыгармачылыгыбызга жеңилдик алып берди. Ошол эле убакта манасчылык жаштарга улутун сүйгөнгө, тарыхын билгенге, маданияттулукка түртөт, багыттайт эле.

– Эл аралап, фестивалдарга катышууда каражатты кайдан табасыңар?
– Жакында эле Кытайга, Россияга, Алтайга, Түркияга барып келдик. Манасчылар Америкага чейин сапарга чыгышууда. Бул жагынан биз алдыдабыз. Бирок ушунун баары мамлекеттик эмес эл аралык же жеке фонддор тарабынан уюштурулуп жатат. Мисалы, Рыспай Исаков деген манасчы менен Алтайга барганбыз. Баргандагы каражатты “Айгине” фонду каржылады. Мамлекет же маданият министрлиги ошол убакта эмне кылып жатканыбыз менен иши болгон жок. Анан дагы бир жолу министрликте олтурсак, ал жерден бирөөсү манасчылык ырдын кайсыл жанрына кирет деп сураганда күлгөн элек. Бизди намыстандырган нерсе чет элдик фонддор жардамга келип, мамлекеттин өгөй балдарындай абалда калгандай сезилип келет. Албетте, четтен туруп сын айткан албетте оор, бирок биз өз башыбыздан өткөндөрдү айтып жатабыз.

Маектешкен САМАРА КАБЫЛБЕКОВА, «Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.02.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Улан Исмаилов: “Аян болбой, баян болбойт”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.