“Алты манасчынын ар бирине 60 миң доллардан үй, жети манасчыга автоунаа алып беребиз”

Ушул жазда кыргызды кыргыз кылып келген манасчылык өнөрү боюнча жакшы иштер болгону турат. Тактап айтканда, жакындан бери ММКда жүрүп аткан “Улуу баян” коомдук фонду 6 манасчыга үй, 7 манасчыга автоунаа алып берет экен деген маалымат ырас экен. Бул боюнча биз аталган иш-чаранын уюштуруучусу, “Улуу баян” коомдук фондунун директору Бакыт РОМАНОВду сөзгө тарттык.

– Бакыт мырза, манасчыларга чын эле үй алып бересиңерби? 
– “Улуу баян” коомдук фондун түзгөн мен сыяктуу эле кыргыз жигиттери эки жыл мурун эгер манасчылардын турак-жай маселеси чечилбесе биздин кийинки маселебиз ушул багытка бурулат деп сүйлөштүк эле. Ошондон бери чогултуп жүргөн акчабызды карап көрсөк быйыл борбор калаабызда үйү жок жашап аткан 6 манасчынын ар бирине 60 миң доллардын тегерегинде, шаардан сырткары жашаган 7 манасчыга 7-8 миң доллардын тегерегинде автоунаа сатып бергенге жетип калыптыр. Быйыл ушул ишти пландап, буюрса жакын арада манасчыларыбызга үй менен автоунааларды тапшырганы турабыз.

– Үйдү Бишкек шаарынын кай жеринен бересиңер?
– Учурда манасчылар биз сунуш кылган сумманын тегерегинде өздөрүнүн ыңгайына карата үй издеп атат. Биз кааласаңар көп кабаттуу үйдөн квартира, кааласаңар жер үй алгыла дедик.

– Үйү бар манасчыларга автоунаа берет экенсиңер да? 
– Ооба, буга чейин турак-жай маселеси чечилген, бирок чыгармачылыгы боюнча шаарга бат-бат каттап турган жети манасчыга окшош машине алып бермей болдук. Автоунаалар үчүн жалпысынан 2 млн. 400 миң сом каражат жумшалат. Буюрса азыр машинелер деле даяр болуп калды.

– Качан тапшырасыңар?
– Максималдуу убакыт май айынын башы деп турабыз. Эгер үй тандалып алынып бүтсө тапшыруу аземин андан эрте деле өткөрүп калышыбыз мүмкүн.

– Жалпы чыгым канча болуп калат экен?
– Баары 19 млн. 500 миң сомдун тегереги болот. Сыйлык тапшыруу аземине кеткен чыгымды кошпогондо. Булардын арасына жаңыдан элдин оозуна алынып келаткан жаш үч манасчыга 30-40 миң сомдун тегерегинде бир жолку берилүүчү акчалай сыйлык тапшырылат.

– Бул эми азыркы жашоонун, замандын фонунда өнөр адамдарына жасалып аткан жомоктогудай колдоо. Мамлекет эмес коомдук уюмдун ушундай иш жасап атканы чынында ишенип-ишенбей турган көрүнүш. Каражатты каяктан таптыңар?
– Чынында азыр биздин элдин ичинде уучу куру эместер көп экен. Кээ бир атуулдарыбыз азыр баасы 500 миң доллар турган үйлөрдө жашап атышат. Биз ага жетпеген акчага эле 6 манасчыны үйлүү, 7 манасчыны автоунаалуу кылып атпайбызбы. Ишкерлик менен алектенген кээ бир жарандарыбыздын биздин бул идеябызды колдоп 100-200 миң доллардан берип коюшу маселе деле болбой калат тура. Андан сырткары, жана айтып кеткендей ушул “Улуу баян” коомдук фондун түзүп аткан жигиттер өзүбүз ортого айына 20-30 миң сомдон салып турабыз деп сүйлөшкөнбүз. Аны чогулта келгенде эки жылда биртоп эле акча болуп калыптыр.

– Бул ишке кошумча салып аткандардын ичинде канча мамлекеттик чиновник же саясатчы бар?
– Бир дагы саясатчы жок. Биз бул коомдук уюмду түзүп атканда анын баарынын алдын алганбыз. Арасында эми мурда-кийин шайлоолорго катышып калгандары болсо керек, бирок ал ар кимдин жеке иши да. Ошол эле учурда мен манасчыларга колдоо көрсөттүм эле, мен эми саясатка катышпашым керек дегендин өзү туура эмес. Бирок бул иш-чаранын артында саясат жок.

– Үйлүү, автоунаалуу болгон манасчылар силердин коомдук уюмга көз каранды болуп калбайбы?
– Манасчылар өздөрү да ушул соболду кайра-кайра беришти. Биз болгону алардын негизги муктаждыгын чечип беребиз. Андан кийин алардын Манас айтабы, айтпайбы, иштейби, иштебейби өз иши.

– Сыр болбосо, кайсы манасчылар жакында үйлүү болорун айта кетпейсизби. Баса, алар кантип тандалып алынды?
– Алты манасчынын бешөөнүн чындап эле үйү жок экен. Бирөө кайсы бир жаңы конушка үй салып аны көп жылдан бери бүтө албай келатыптыр. Төрт-беш баласы барлар бар. Үй алчу манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Самат Көчөрбаев, Замир Баялиев. Биз бул талапкерлердин чыныгы муктаждыгын изилдеп, аныктап, аксакалдар менен кеңешип анан тандап алдык.

– Учурда биздин баалуу мурастарыбызды, анын ичинен “Манасыбызды” материалдык жактан колдомуш болуп анан менчиктеп алгысы келген сырткы күчтөр бар. Бул иш-чарага колдоо көрсөтүп аткандар кимдер?
– Сиз айткан чочулоо туура. Бактыга жараша биздин манасчыларды колдоп аткандардын баары Кыргызстандын атуулдары, түпкүлүктүү улуттун мекенчил уулдары. Азырынча алардын аттарын атабай туралы, сыйлык тапшыруу учурунда эл алардын ким экенин билет.

– “Манас” боюнча китеп чыгаруу ишин да колго алган экенсиздер… 
– Илимдер акедемиясында “Манас” эпосунун 70тен ашык варианты бар. Учурда аларды китеп кылып чыгаруу боюнча иш баштадык. Бул 2-3 жыл ичинде ишке аша турган чоң долбоор. Ага 60 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлөлү деп атабыз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.