Эстен кеткис Енисейлик кыргыздар

Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы жалпы элдик колдоого татыктуу. Анткени, мамлекет өзүнүн пайдубалы качан түптөлгөнүн так, даана билүүсү зарыл. Тарыхчылар ар кандай китептерди окуп, маалымат чогултуп эле отура бербей, керек болсо экспедицияларга  чыгыш керек. Мен тагдырдын тамашасы менен Красноярск крайында, Тувада, Хакасиянын борбору Абаканда, Алтайда 4 жылдан ашык убакыттай жүрүп калдым.  Көптөгөн жерлерди жөө кыдырууга туура келди.

Красноярск шаарындагы борбордук китепканадан бир китеп таап алдым. Анда Ермактын енисейлик кыргыздарга болгон чабуулунан кийин Сибирдин ар бир аймагында аларды биротоло  жок кылуу боюнча иштер жүрүп, өлтүрүлгөн кыргыздар жөнүндө Москвага отчет берип турушкан. Мен ал китепти кийин аламын деген ой менен китепканага тапшырып, ошол бойдон таппай калганыма өкүнөмүн. Бир мисал келтирейин: “Наяб енисейлик кыргыздардын Тоболь улусундагы бир уруусунун башчысы 1610-жылы 10-июнь күнү өлтүрүлдү”.

Кыргызым енисейлик боорум менин,
Дабасы табылбаган оорум менин.
Кечип мен сан кылымдан, оттон, октон,
Келипмин үч жүз сексен жыл өткөн соң.
Көк шибер көкөлөгөн жашыл жайда,
Сөөгүңдү ыргытышты кайсыл жайга?
А балким дал жаныңда отурамын,
Адырдын жатып өптүм топурагын.
Таштайын кыргыз ырын жарык сунаар,
Башына жазданып жат, жаздык сымал.
Билеби бийлеп өткөн жел кабарың?
Бир уулу “Улуу кыргыз державанын”
Ийгилик келген эмес оңой жолдо,
Байыркым, бүгүнкүм да кунсуз олжо.

Карсно-Яр-Кызыл-Жар, кызыл топурактуу жер. Адыр дөңдөрүн аралаганда бадалдардын арасынан енисейлик кыргыздар мени карап тургандай туюла берет.
Алар жөнүндө:

Дайраларда, көлдөрдө,
Сүрөттөрү калгандыр.
Бутум тийген жерлерде,
Жүрөктөрү калгандыр,-деп ойлоймун.

Кызыл-Жарым, оо, Кызыл-Жар,
Кызыл-Жар
Кызгалдагың кызганып ич тызылдаар.
Шамалыңда, булутуңда, ташыңда,
Шапар тепкен кыргызымдын изи бар.
Кызыл-Жарым, оо, Кызыл-Жар,
Кызыл Жар.
Кыйырыңа жааган экен кызыл кар.
Карап турсам дүрбөп тура калышкан,
Кайыңдарың – енисейлик кыргыздар.
Кызыл-Жарым, оо, Кызыл-Жар,
Кызыл-Жар,
Кырларыңан кыйрап түшкөн кылымдар.
-Кыргыздарды билесиңерби?-десем,
Кырылышып, чымчыктарың
чырылдаар,
Кызыл-Жарым, оо, Кызыл-Жар,
Кызыл-Жар!
Эне-Сай дарыясынын жээгиндеги таштардын биринен интервью алсам, аттиң, “Улуу кыргыз державасы” боюнча балким көп нерселерди айтып берет беле?
Оодарып көр Тайгадагы таштарды,
Оо, таң калам, таштар эмес баштар бу.
Той баштаган енисейлик кыргыздар,
Тогузунчу кылымдагы асманды,
Катып жаткан баштар бу.

Норвегиялык саякатчы, окумуштуу Фритьоф Нансен бир китебинде “Енисейлик кыргыздардын аргымактарынын дүбүрттөрүнө мелт-калт толгон Сибирдин эбегейсиз талаасы бүгүн жымжырт бойдон үнсүз жатат”-деп баштайт.

Арасында кайыңдын, бадалдардын,
Тумандардын, уктаган шамалдардын.
Сен бекитип жатасың улуу Тайга.
Уч-кыйырсыз кыргыздын талааларын,
Толкундарын – тоо болуп токтоп калган,
Жомокторун, ойлорун санааларын.
Далдаасынан күүгүмдүн, карагандын,
Мен алардын туямын караганын…
Ойлорумду дүрбөтүп көпкө, көпкө,
Көлөкөсү жепжеңил түшүп чөпкө.
Дал төбөмдө жылбастан токтоп турат,
Бабаларга жолуккан булут көктө.

Ачинск шаарында енисейлик кыргыздардын сепили болгон. Андан 30 километр арыраак Ужур деген чакан калаа бар. Кайыңдарды араалап жатсак жергиликтүү бир топ орус аксакалдары келип калды. Жыйырмадан ашык улуттардын өкүлдөрү бар элек. Баарыбызды сурап, анан менин улутумду сураганда кыргызмын десем: “Оо, сен өзүңдүн бабаларыңдын жерине  келген турбайсыңбы”, – дешип аңгеме маек курушканы эсимде.

Шарып Ата шаарындагы кайыңдар,
Көчө бойлоп көйрөңдөнгөн шайырлар.
Мен Тайгадан алып келип силерди,
Декабрда тиккенимди билеби,
Көлөкөлөп отурушкан айымдар?
Шарып Ата шаарындагы кайыңдар,
Шамал, желге ыргалышкан аруулар:
“Кыргыз болсоң, ата-бабаң жери шул”,
-деп айтышкан – тирүү бекен карылар?
Үстүңөрдөн өтүп бара жаткандар,
Үлбүрөгөн ак булуттар… Жаныбар..

Чеботаев Артур-Хакас, Хакасиянын борбору Абакан шаарынан. Кесиби агроном, бирок енисейлик кыргыздардын тарыхына байланышкан китептерди көп окуган. Биздин Майлуу-Суу шаарынан барган Осмон иним экөө бул маселе боюнча отура калган жерде талаша беришет. Сибирь-шибер деген эле сөздөн алынган, бизде көк шибер деп айтышат дейт Осмон. Силер бул жакка келген эмессиңер, чыныгы енисейлик кыргыздардын   урпагы мына менмин,-дейт Артур. Экөө  кээде тиреше кетип, мушташканга чейин барышат. Негизи эбегейсиз Сибирь талаасынын жарымынын кыргызча аталышынын өзү эле көп нерсени айтып турат. Ошол Артур менен кошо 317-бөлмөдө чогуу жашаган досторум жөнүндө минтип жазыптырмын:

Бул бөлмөдө “кыйшыктары” беш шаардын,
Жулуп келген чексиздин “беш” капталын.
Кээде ташып толкундардай түрүлгөн.
Кеп баштаган Еллададан, Римден,
Байласа да чыгып кеткен асманга,
Балчык кечкен романтик-бири мен.
Сергей досум уурулуктан такшалган,
Полтавадан атак-даңкы таш жарган.
Бир нерсени колго кармай келбесе,
Ооруп калмай адаты бар ал кече.
Татынакай бир сулуусун Сибирдин
Сууруп чыгып коюнунан иңирдин,
Кулап түшүп ал бешинчи кабаттан,
Буту сынып, аман калган таякчан.
Тогуз кадам шилтеп барып жыгылган,
Тобо кылып… Андан соң түз бурулган.
Ачкыч менен кулпка сааттай тагыраак,
Алп денелүү дардайган бир – Голиаф!
Ага каршы төрөлгөнсүп тескери,
Азыр мөлт деп тамуучудай көздөрү,
Бою жапыз Саша-Йошкар Оладан,
Кызыл-күрөң муруттарын тараган.
Алыстарды эңсей бербей элчилеп,
Адаты бар айнек сүртмөй мелтиреп.
Андан эч бир тажай турган эмес ээ,
Асман менен кошулганча терезе.
Нганасан улутунан – Парнасхан,
Мерген, тыйын чычкандарды көзгө аткан.
Капсалаңда аюу чапчып бетинен,
Карлар каалгып уюлгуган Тальнахтан.
Абакандын – Чеботаев Артуру,
“Енисейлик кыргыз мен” – деп, ал туру.
Өжөрлөнүп, мушташканча талашып,
Өз элинин болгусу жок калп уулу.
Күмүш жылдар тартуулаптыр дос мага,
Күнөөсү көп, а бирок жок халтуру.

Мен Алтай жазуучулар союзунун төрагасы белгилүү акын, коомдук ишмер Боронтой Бедюровдон интервью алганымда, бир жагынан тамашага салып: “Ала-Тоо кыргыздын жайлоосу, Алтай кыргыздын кыштоосу” деп айткан эле. Манас атанын учурунда  балким  чындыгында эле ушундай болгондур…

Ала-Тоодо – Ат-Башы,
Алтайдагы – Ад-Бажи,
Бир чындыктын кашкасы,
Бир чындыктын ашташы.
Адыр-жонуң атасам,
Аргымактай кишенээр.
Ширеңкесиз дүрт этип,
Күйүп, күйүп түтөнөөр.
Аймагынан Тайганын,
Ак аюулар дүрбөгөн…
Таазим – тоолор силерге
Оо, кыргызча сүйлөгөн.
Талаасынан Сибирдин,
Таң ойгонуп уйкудан,
Таазим – жерлер силерге,
Оо, кыргызча кыйкырган!

Бир жолу жыш өскөн кайыңдардын арасындагы  бир таман жол менен чуркап баратсам алдымда алоолоп, чатыраган от күйүп жатыптыр. Чочуп кетип артты карай кетенчиктеп качтым. Кайра жакшылап абай салып карасам, от эмес эле кыпкызыл долоно экен. Долононун мейкинге кеткен бутактары чатырап чачыраган оттун эле өзү. Жүрөгүм дүкүлдөп коркуп кеткениме бир жагынан күлкүм келди. Аппак кайыңдардын арасындагы алоолонгон долоного таң калып турдум. Дал ошол сыяктуу енисейлик кыргыздар менин жүрөгүмө дайыма от жандырып келет.

Тайга койнун араласам жол тууган,
Талааларды дүбүрттөргө  толтурган,
Аргымакчан енисейлик кыргыздар,
Узатышып келаткансыйт артымдан…

Дүйнөдөгү 6 миллиард кишинин ар бири колуна бирден балта алып Тайгадан токойду кыйып кирсе 50 жылдын ичинде түгөтөт экен. Кээде ушул эбегейсиз талааны ээлеп жаткан карагайлар енисейлик кыргыздардын кошуунун элестетет.

Куюндарың байыркы,
Изден мурда жаралган.
Шыбырларың байыркы,
Тилден мурда жаралган.
Тунуктугуң байыркы,
Кардан мурда жаралган.
Улуктугуң байыркы
Хандан мурда  жаралган,
Бой талашып кайыңдан,
Өсөт кээде жымжырттык.
Ой талашып кайыңдан,
Өчөт кээде жымжырттык.
Урап түшкөн доорлордун,
Сыныгындай көлөкө.
Кыргыз баскан жолдордун
Сызыгындай көлөкө.
Жээктен ашып-ташыган,
Сен бир дарак-океан,
Семетейдин кошуунун
Узаткансып отурам.

“Эркин Тоо”, 07.02.2012-ж.

***********

Енисейлик кыргыздар тууралуу дагы маалыматтарды бул жерден издеп көрсөңөр болот.

Дагы биз сунуштай турган китеп – “Эне-Сай кыргыздары: фольклор жана тарых”. Бул китепте байыркы Эне-Сай кыргыздарынын урпактары болгон хакастардын салттуу тарыхый фольклору, кыргыздардын моңгол доорундагы жана андан кийинки мезгилдердеги саясый-этникалык, маданий тарыхы жөнүндө сөз болот. Китепте чагылдырылган маалыматтар илим айлампасына алгачкы ирет сунуш этилип жатат. Китеп окутуучуларга, студенттерге, мектеп мугалимдерине жана ата-мекен тарыхын кызыгып окугандарга арналат.

Бул китепти pdf түрүндө бул жерден жүктөп алсаңар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.