“Кар” сынагы: Айжан Ибирайым кызы

Февралдагы толгон ай

Жолуктум сага… жолумду уладым,
Жолоочу сымал жолтоо кыла албадым,
Жоодурап карап, көздөрдө турса айтылбай,
Жомогун курап, жолдорун улай албадым.
Жаштыгым жаркын жазын же жайын тандабай,
Жаап жаткан кар – февралдагы толгон ай.

Көр тирлик, көп түйшүк барын унутууга,
Көзүңө тигилем, көңүлүм жылытууга.
Каректен тамган тамчы кар менен жуурулушуп
Кагымы мүнөттөрүм жылдарга улутуна.
Көмүскө жатса дагы көрүнүп бир көрүнбөй,
Көөдөндү өрттөп турат жалындын улуу отуна.

Аппак кар, айлана тынч, ай да жарык,
Алыстан түтүн булайт оюмду жетеке алып.
Асыл ой, таза сезим аялуу адебимдей,
Аруулук ырга айланып сабалап сага арналып.
Алыстан келээриңди мен дагы сезип турам,
Ааламга гүл тартуулап, а мага кучак жайып.

Айжан Ибирайым кызы,
“Кар” сынагына

Соц тармактар:

5 thoughts on ““Кар” сынагы: Айжан Ибирайым кызы

  • 22.02.2012 at 17:04
    Permalink

    жанылмачтай болгон ыр экен тилим кайрылып калды 🙂
    баягы эле бутпогон суйуу
    эх кыздар кыздар 🙂

    Reply
  • 23.02.2012 at 20:49
    Permalink

    Бул кыз ыр дуйносун аралап, анын сырларын ырдын ичине катып жаткандай сезилет, эмнегедир. Ар бир сабын окуп чыккан сайын анын теренин билгин келет экен.
    Ийгилик каалайм, сырдуу кыз!!!

    Reply
  • 24.02.2012 at 21:54
    Permalink

    Бул ырды окуп чыккандан кийин февральдагы толгон айдын кандай болоорун сезгендей болдум. Чын эле биз байкабай же туйбай жаткан жаратылыш сырлары таланттардын журогу аркылуу отуп бизге жеткирилет белем…
    Эх Февраль!

    Reply
  • 01.03.2012 at 00:25
    Permalink

    Азаматсын! Талантынды тартуулай беришине тилектешмин.
    Ийгилик!!!

    Reply
  • Pingback: Сынактын аяктаарына аз эле калды — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.