Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсүнө жолтоо болгон нерселер

Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши

Элдин Интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгү али да чектелүү болууда. Аны шарттаган нерселердин бири – Интернет түйүнүнүн Кыргызстандын баардык аймактарына жакшы жете электигинде. Ал негизинен аймактагы шаарларга чейин гана жетип, айыл жергесинде жашагандар үчүн Интернет баягы эле “уккам, көргөм, бирок кармай элекмин” сыяктуу нерсе бойдон калууда. «Promotank HQA» компаниясы 2009-жылы жүргүзгөн изилдөөсү боюнча интернет-колдонуучулардын 77% Бишкектин тургундары. Ал эми кыргыз тилдүү калктын басымдуу бөлүгү так ошол аймактарда жашайт эмеспи. Аны менен катар борбор калаадан сырткаркы жерлердеги Интернеттин ылдамдыгы да, көбүнесе, өтө начар. Кайсы бир сайтка кирүү, почтаңды ачып каттар менен таанышуу – машакаттуу иш.

Учурда Кыргызстандагы уюлдук операторлор мобилдик байланыштын 3G, ал эмес 3,75G жана 4G технологияларын колдоно баштагандыгы абалды бир кыйла оңогондой. Анткени эми уюлдук телефону барлар ал аркылуу Интернетке жогорку ылдамдыкта кирүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Бирок уюлдук телефон аркылуу Интернеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдонуу мүмкүн эмес – ыңгайсыз. Анан да ага тийиштүү, заманбап, баасы кымбатыраак телефондук аппараттарды сатып алыш керек. Мобилдик интернеттин баасы да кымбатыраак болууда. “Мобилдик байланыш жаңылыктары” (http://mobile.kloop.kg) топтогон маалыматтарга таянсак, 1 МБ орточо баасы (күндүзү Интернетке кирсек) 2,85 сомду түзөт. Айрым тарифтерде абоненттик акы да каралган. Бул зым аркылуу таркатылчу Интернет бааларына караганда жогорураак.

Жалпысынан алганда, Интернет кыргызстандыктар үчүн кымбат нерсе. 1 Мбит/с ылдамдыктагы чектөөсүз Интернеттин баасы айына $23дан жогору. Ал эми Интернетти колдонуу боюнча алдыңкы мамлекетте бул баалар, ITIF (Information Technology and Innovation Foundation) уюмунун 2010-жылдагы изилдөөсү боюнча, $0,27-$20 ортосунда (сүрөттү карагыла). Ошол эле кезде бул өлкөлөрдөгү орточо айлык акыны биздики менен салыштырууга эч болбойт.

Кыргызстандагы интернет-жарнама рыногунун начардыгы

Жарнама ЖМКлардын, ошондой эле интернет-сайттардын ийгиликтүү иштөөсүнүн негизги каржы булагы болуп эсептелет. Ал эми Кыргызстандагы жарнама рыногунун абалы өлкөнүн экономикасынын абалынын өзүндөй. Анын да болбогон гана бөлүгү Интернетте жайгыштырылууда. Өкүнүчтүүсү, жарнама берүүчүлөрдүн кыргыз тилдүү аудиторияга көп кызыкпагандыгы. Мындайда кайсы бир кыргыз тилдүү сайттардын ийгиликтүү өнүгүп кетүүсү күмөн. Көбүнесе алар кайсы бир саясатчынын, же ишкердин кандайдыр бир амбициясын орундатуу максатында, же кыргыз тилдүү желени өнүктүрүүнү каалагандардын жеке демилгесинде ачылып иштеп келишет.

Каржынын тартыштыгынын айынан көп кыргыз тилдүү ЖМКларыбыз өз интернет баракчаларын ачууга умтулушпайт; сайттардын көбү акысыз же арзан, мүмкүнчүлүктөрү чектелген шаблондорду колдонуп келишет; атайы веб-редактор болбогондуктан, сайттар чанда гана жаңыланып турат; андагы маалыматтар да аз.

Кадр “дефицити”

Жаңыны элден биринчи аңдап үйрөнө турган кыргыз тилдүү журналисттерибиздин бардыгы эле Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн жакшы биле бербейт. Ал эмес электрондук почтасы жоктор да кезигет. Учурда журналистиканын өнүгүүсү ар бир ЖМК кызматкеринин фотоаппаратты колдонгонду, видео тартып, аудио жазып, аларды монтаждаганды, Интернетке жайгаштырууну билишин, улам жаңы пайда болуп жаткан Интернет технологияларды өздөштүрүп туруусун талап кылып жатканда, биздин бир да жогорку окуу жайыбыз интернет-журналисттерди даярдабайт. Буга кызыгуулар, тилектер гана бар. Интернетте иштөө, анын кенен мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кыргыз тилинде окуу куралдар, адабияттар да жокко эсе. Бул, сөзсүз түрдө, кыргыз тилдүү сайттардын көп болуусуна, өнүгүүсүнө кедергисин тийгизбей койбойт.

Кыргыз тилиндеги софттордун (программалардын) аздыгы

Бирдиктүү кеңири колдонуудагы кыргыз тилдүү шрифттердин жоктугу, ага байланыштуу көп маселелердин жаралышы эле көп нерсени айгинелеп турат. Мындай шрифттер бар, анын ичинде кыргыз тилдүү адистер ойлоп чыгарган шрифттер боюнча жакшы программалар, жазылган нерсенин кыргыз тилининин грамматикасына туура келерин текшерген программалар, “Ө”, “ү” жана “ң” кыргыз тамгалары киргизилген клавиатуралар да бар, бирок алар кеңири колдонулбайт. Дагы эле кээде биз башка компьютерде терилген катты окуй албай убара болобуз.

Популярдуу интернет кызматтардын интерфейси кыргыз тилине али которула элек. Мисалы, дүйнө жүзүндө кеңири тараган жана блогдорду, жөнөкөй, бирок мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү сайттарды ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн WordPress али да кыргызча “сүйлөй” элек. Бир тууган казактар аны эчак эле “казакташтырып” койгон.

Ошол эле кезде Интернетте иштөө мүмкүнчүлүктөрүн бир топ кеңейткен программалардын кыргыз тилине которулгандары жокко эсе.

Бул багытта кайсы бир иштер жасалып жатканы, бул негизинен, кыргыз тили үчүн күйгөн патриоттордун аракеттери гана. Мамлекет тараптан буга колдоо эч байкалбайт.

Тил маселеси

Кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ылайык абалга али да жете элек. Кыргыз тили азырынча билим, илим тили боло элек. Бул тилде эбегейсиз “Манас” эпосу, көрүнүктүү акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары жаралганы менен аларды Интернеттен табуу – өтө кыйын. Акыркы кезде бул жаатта алгылыктуу иштер жасала баштады. Бирок азырынча алар аз жана алардын аракети мухитти кашыктап ташыганга окшоп кетет. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда башка тилдерде сүйлөгөндөрдү мындай кой, өзүбүздүн эле кыргыз уул, кыздарыбыз эне тилине караганда башка чет тилди көбүрөк барктап келишет.

Негизи кайсы бир тармактын, нерсенин өнүгүүсү ага болгон муктаждыкка байланыштуу. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө муктаждык мурда көп байкалбайт эле. Акыркы кезде бул жаатта жылыштар болуп жатат. Ал эми Интернет кыргыз тилинин өнүгүүсүнө, анда жаралган рухий кенчтердин сакталып калуусуна жакшы өбөлгөлөрдү түзөт.

Journalist news

Соц тармактар:

4 thoughts on “Интернеттин кыргыз тилдүү сегменти. Абалы, маселелери, өнүгүү жолдору

  • 20.01.2013 at 00:20
    Permalink

    Бирдиктүү шрифт дегенге кошумча же маалымат катары.

    азыр, дээрлик баардык компьютерлерде “встроенный” ЮНИКОД (UNICODE) шрифттер бар.
    Ошол ЮНИКОД шрифттердин ичинде, тагыраак айтканда эң көп колдонулган «Arial» жана «Times New Roman» шрифттеринде “встроенный” түрдө ӨҢҮ тамгалары жайгашкан.

    Windows XP иштетүү системинед 8 ден ашык шрфитте ӨҢҮ тамгалары, ал эми Windows 7 иштетүү системинде 20 дан ашык шрифтте ӨҢҮ тамгалары бар.

    Бул жерден бирдиктүү шрифттер бар деген жыйынтык чыгарсак болот, бирок, албетте өзгөчө дизайнердик шрифттерди эске албаганда.
    [Кыстарма, өзгөчө дизайнердик шрифттерде жергиликтүү чеберлер тарабынан кошумчаланган ӨҢҮ тамгалары бар, бирок алар кеңири тараган эмес.]

    Reply
    • 30.01.2013 at 09:15
      Permalink

      Жакшы кабар. Көп күттүк элек. Чыдабай кетип мен өзүм да которо баштадым эле. Азап иш экен. 15-20% гана бүтүргөнү жетишкем. Менде бир гана суроо бар. Wodpressтин бул түрү менин темаларамды, мисалы, бул блогумдун темасын, туура көрсөтө алабы?

      Reply
  • 30.01.2013 at 09:28
    Permalink

    Эгер темаңыз котормого ылайыктуу болуп жасалса, анда аны өзүнчө po-файл аркылуу которуп көрсөтсө болот. Темага байланыштуу котормо саптар аз эле, 30-40тай.
    Сиз которгон файлдарды мага берсеңиз, мен аларды кошуп коёюн.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.