“Кар” темасына арналган бир ырдын сынагы аяктады. Сурамжылоо

25-февралда «Кар» темасына арналган бир ырдын сынагы аягына чыкты. Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров курамына кирген жюри бул сынактын жеңүүчүлөрдүн аттарын жакында атайт. Ага чейин блогубуздун сыйлыгынын ээсин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзөбүз – айрым учурда жюри менен окурмандардын тандоосу дал боло бербегендиктен,  “Кыргыз маданият борбору” окурмандарынын атайын сыйлыгын да жарыялаганбыз. Бул сыйлык эң көп жакшы пикирлерге жана добуштарга татыган ырдын авторуна тапшырылмакчы.

Эскерте кетсек, «Көктөм»,«Аптап»«Күз» жана «Кар» темасы боюнча сынактарга катышкан мыкты ырлар кирген альманахты басып чыгаруу пландаштырлууда. Ал китеп, сынагыбыздын негизги демөөрчүсү «Бийиктик» басмасында басылып чыгарылат.

Учурда “Кар” темасына арналган бир ырдын сынагына төмөнкү авторлордун ырлары катышты:

Анарбек Абазбеков

Асыран Айдаралиев

Зайырбек Ажыматов

Сулайман Турганбаев

Жыпар Акунова

Калича Жакыпова

Мырза Саматов

Жолдошбек Зарлыкбеков

Айжан Ибирайым кызы

Жылдызбек Турсунбаев

 

Sorry, there are no polls available at the moment.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.