“Алтын такта” адабий сынагы жарыяланды

Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн студенттери үчүн “Көп тил – бир дүйнө” урааны алдында “Золотая табуретка” (“Алтын такта”) адабий сынагы жарыяланды, чыгармаларды тапшыруу мөөнөтү 2012-жылдын 1-апрелине чейин

КР Жаштар министрлиги, “Кыргызстандын жаңы адабияты” (“Новая литература Кыргызстана”) интернет-сайты жана Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин “Золотая табуретка” адабий клубу Кыргызстандын жана КМШ мамлекеттеринин студенттери арасында адабий сынагын өткөрүп жатат.

Иш-чаранын максаты – улуттук толеранттуулукту, интернационализмди, гумандуулукту жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүү.

Сынак калемгерлердин адабий мелдеши катарында салтка ылайык жылыга өткөрүлүп келет.

Чыгармалар 2012-жылдын 1-апрелине чейин электрондук түрдө кабыл алынат, аларды goldenstool2010@gmail.com. Дарегине жөнөтүү керек. О.э. автордун фото-сүрөтү, почта дареги, телефону жана эгерде адабий жашыруун ысым менен жөнөтсө чыныгы аты жазылуусу зарыл.

Проза жана ырлар 12-шрифт менен 4 беттен А4 көлөмүнөн ашпоого тийиш. Чыгармалар кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде кабыл алынат.

Сынакка Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн ж.б. дүйнө элдеринин студенттери жана жаштары катыша алышат.

Сынактын соңунда жыйнак-альманах чыгарылып, Кыргыз Республикасында жана жакынкы, алыскы чет мамлекеттерге таркатылат.

«Кыргызстандын жаңы адабияты», 13.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.